Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Казакстанда "соттолгондор" жана "бошогондор"


Активист Асат Нуржаубай быйыл төрт жылга шарттуу соттолгон.
Активист Асат Нуржаубай быйыл төрт жылга шарттуу соттолгон.

Бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген, сот тарабынан “экстремисттик” деп табылган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын жактаган алматылык Асат Абишев өткөн жумада төрт жылга соттолду.

Ошол эле кезде ал уюмга “жаңылыш кирип” калганын айтып, “Муктар Аблязов элди алдап жатат” деп билдирген айрым активисттердин жазасы жеңилдетилген.

Чет жерде жашаган саясатчы Мухтар Аблязов президент Нурсултан Назарбаевдин саясатын катуу сындап келе жатканы белгилүү. Ал быйыл Казакстандын бийлигин сындап, бир канча саясий акцияларды уюштурган.

30-ноябрда “өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына мүчө болгон” деп айыпталган активист Асат Абишев төрт жылга соттолду.

Активист Асат Абишев.
Активист Асат Абишев.

41 жаштагы активист сотто өз иш-аракетинде экстремизмдин белгилери жок экенин, “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы бийликти күч менен алмаштырууга чакырбай турганын айтты. Ал соттогу акыркы сөзүндө "Казакстанда эл жакыр жашайт, ошондуктан демократиялык реформаларды жасоо зарыл" деди. Абишев Кылмыш-жаза кодексинин "Тыюу салынган уюмга мүчө болуу", "Кылмыштык топту каржылоо" беренелери менен айыпталган. Ал “Фейсбук” баракчасында “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына чакырып, анын билдирүүлөрү менен бөлүшкөнү үчүн кармалган.

Укук коргоочу Андрей Свиридов буларга токтолду:

- Социалдык тармактагы жазгандары үчүн соттоо биринчи жолу жүрүп жаткан жок. Бул мыйзамсыз. Накта кылмыш үчүн эмес, сөз, пикир үчүн соттоо - тоталитаризмдин көрүнүшү. Бул мыйзам эрежелерине да, Адам укуктарынын жалпы декларациясына да, Эл аралык жарандык саясий пактыга да каршы келет.

Сентябрда да Казакстандын Актау шаарынын 44 жаштагы тургуну Абловас Жумаев “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын “Телеграм” каналында пикир жазганы үчүн соттолгон. Активистке “алдамчылык кылган”, “бийликти күч менен алмаштырууга чакырган” деп айып коюлган. Анын жубайы, 38 жаштагы Айгүл Акбердиева да “бийликти күч менен алмаштырууга чакырган”, “конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө аракет кылган” деп айыпталып, учурда соту уланып жатат. Жубайлар коюлган айыптарды четке кагып, өз пикирлери үчүн куугунтукка кабылып жатканын айтып келишет.

1-декабрь - Казакстан Республикасынын туңгуч президентинин күнүн утурлай бир канча интернет-сайтка “катасына өкүнгөн” блогер Муратбек Туңгышбаев тууралуу макалалар чыкты. “Азаттыктын” казак кызматынын жазганына караганда, 13 мүнөттүк видеодо Туңгышбаев Мухтар Аблязовдун айткандарына ишенип, ката кетиргенин маалымдаган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, жасаган иши үчүн өкүнөрүн айткан жана башкаларды да Аблязовдун артынан ээрчибөөгө чакырган. Казакстандык оппозициячыл активист жана блогер Муратбек Туңгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 10-майда Бишкекте кармап, кийин Казакстанга өткөрүп берген. Туңгышбаевге Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик уюмдун ишине катышуу" беренеси боюнча айып коюлган.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Алматынын тергөө абагы “Азаттыктын” казак кызматына Муратбек Туңгышбаев учурда ал жерде жок экенин кабарлаган. Ал эми Туңгышбаевдин аялы “Жолдошуңуз үй камагына чыктыбы?” деген суроого жооп берүүдөн баш тартып, күйөөсүнүн кайда экенин айткысы келген эмес.

Буга чейин, атап айтканда 2-октябрда Алматынын Медеу райондук сотунда "алдамчылык кылды", “бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовду колдоду” жана "тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына кирди" деп айыпталган Асат Нуржаубай төрт жылга шарттуу соттолгон. Жарыш сөз учурунда прокурор анын күнөөсү толук далилденгенин айтып, аны алты жылга эркинен ажыратууну сураган. Асат Нуржаубай өзүнүн күнөөсү жок экенин айткан. Бирок өкүм чыга турган күнү - 2-октябрда айыбын мойнуна алып, кылган ишине өкүнө турганын айтып, Аблязовду жамандаган:

- Аблязов бизди алдап келе жатат. Казакстанда саясий куугунтук жок. Ар ким өз ишине байланыштуу жазасын алып жатат. Менин укук коргоо кызматкерлерине дооматым жок. Бардык казакстандыктарга “Аблязовдун жалган чакырыктарына ишенбегиле!” деп айткым келет. Ал Казакстандын акчасын уурдап, чет өлкөгө качып кетти. Европалык коомчулуктун алдында өзүн актап алгысы келет. Мен өз ишиме өкүнөм, соттон катаал жаза бербөөнү өтүнөм жана өзүмдү оңдоого убада берем.

Астананын соту быйыл 13-мартта “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын экстремисттик уюм деп таап, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Анын негиздөөчүсү, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов буга чейин “миллиарддаган каражатты кымырып алды”, “кылмыштуу топ түздү” деп айыпталып, 20 жылга соттолгон. Аны өткөн жумада Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы "Туран Алем" банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, өмүр бою сыртынан кести.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG