Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Казакстанда "жахабачылар" кысымга кабылды


Казакстандын Алматы шаарында жергиликтүү сот "Жахаба күбөлөрүнүн христиан борбору" диний уюмунун ишмердигин үч айга токтотту жана эки миң доллардан ашуун айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Бул диний уюм "Террорчулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамды аткарууда жетиштүү чара көргөн эмес деп айыпталып жатат. Казакстандык "жахабачылар" мындай жазаны катаал дешет жана Орусиядагыдай куугунтук башталышы ыктымал деп кооптонуп турушат.

Ушул жылдын апрель айында Орусиянын Жогорку Соту "Жахаба күбөлөрү" уюмун экстремисттик деп тапкан жана анын ишине тыюу салган.

Алматыда сот "Жахаба күбөлөрү" уюмунун ишин убактылуу токтоткон, айып пул чегерген өкүмдү 29-июнда чыгарды.

Уюмдун жетекчиси Полат Бекжан "Азаттыктын" казак кызматына күч органдарынын кысымы күчөгөнүн, уюмдун жабылып калуу коркунучу туулганын айтып берди. Анын маалымдашынча, мындай текшерүүлөр айрыкча 23-25-июнь күндөрү өткөн "Жахаба күбөлөрүнүн" конгрессинин алдында күчөгөн:

- Ушул тушта кырдаал түрдүү күч органдары, мамлекеттик органдар аркылуу күндөн күнгө начарлап жатат. Биз муну конгресс өткөрүп жатканда жана ага чейин көрдүк. Жакында сот болду. Сот биздин ишибизге үч айга тыюу салды.

Расмий маалымат боюнча, Казакстанда "жахабачылардын" саны 18 миңге чамалайт жана анын теңине жакыны казак тилдүүлөр.

"Жахаба күбөлөрүнүн христиан борборунун" өкүлдөрүнүн билдиришинче, 17-майда уюдун кеңсесине бир канча автобус менен күч органдарынын 40ка жакын кызматкери келген жана алардын арасында автомат менен куралданган, беткапчандар болгон. Алар кеңсени курчоого алып, ичиндеги адамдардын көзүнчө тинтүү жүргүзгөн.

Полиция кызматкерлери анда "Жахаба күбөлөрүнүн" кеңсеси анда мыйзамсыз мигранттар болушу мүмкүн деген маалыматтан улам текшерилгенин билдиришкен. Натыйжада мыйзамсыз мигранттар бар деген маалымат бышыкталган эмес жана "жахабачылар" муну тымызын коркутуу аракети деп сыпатташкан.

Полиция кызматкерлери экинчи текшерүүнү өткөн айдын башында, 5-июнда жүргүзгөн. Анда кеңседе үч жерде видеокамера орнотулган эмес деп аныкталган жана бул административдик мыйзам бузуу деп табылып протокол жазылган.

"Жахабачылардын" айтымында, Алматыдагы Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү менен кеңсени сактоо боюнча макулдашууда бул жерлерде камера орнотулушу керек деп көрсөтүлгөн эмес.

Мади аттуу жаран соңку аракеттер коомдо диний сабырсыздыкты дагы күчөтүшү ыктымал деп эсептейт:

- "Жахаба күбөлөрүн" коркунучтуу кылып көрсөткөн, негизсиз, далилсиз айыптоолор айтылган телеканалдардагы, гезиттердеги материалдар коомдогу диндер аралык мамилени чыңалтып жатат. "Жахаба күбөлөрү" башкалар сыяктуу эле жарандар. Балким алардын ишеними башкача болушу мүмкүн. Бирок аларды жек көрүп, жумуштан кубалаган, шылдыңдап-келекелеген учурлар бар. Казакстандай өлкөдө бул жосунсуз жорук. Мындайга жол берилбеши керек эле.

Казакстандын расмий бийликтери "жахабачылардын" даттануусуна жооп кайтара элек.

"Жахаба күбөлөрү". Орусия
"Жахаба күбөлөрү". Орусия

Ушул жылдын май айында Астананын Сары-Арка райондук соту "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун бир өкүлүн "улут жана дин аралык кастыкты козуткан" деген айып менен беш жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук комитети 60 жаштагы Теймур Ахмедовду жыл башында камакка алган. Анын адвокаты сотто далил деп алынган маектин айыптоого ыңгайлуу үзүндүлөрү гана угузулганын айтып чыккан. Ахмедов болсо айыптардын баарын четке каккан.

Казакстанда ушул тушта өлкөнүн Дин иштери боюнча министрлиги менен жарандык коом 2017-2020-жылдардагы диний чөйрө боюнча жаңы концепция сунуштап жатат. Документте өлкөдө диний кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү, светтик негиздерди бекемдөө менен өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу өңдүү чаралар каралган.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда 3,5 миңден ашуун диний уюм жана алардын филиалдары катталган. Өлкөдө 2550 мечит болсо, протестанттардын 495, православдардын 294, католиктердин 109 чиркөөсү жана бир нече диний уюмдардын сыйынуучу жайы каттоодон өткөн.

Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиянын соңку баяндамасында Казакстан өзгөчө тынчсыздануу жараткан өлкөлөрдүн катарына кирбегени менен диний эркиндик жаатында көйгөйлүү 12 өлкөнүн тизмесинде болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG