24-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдына ондогон адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун саясатын колдогон митинг өткөрүштү. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге да ишеним артып, бийликти сындагандардан өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылбоону талап кылышты.
Ушул күнү Өзгөн райондук акимчилигинин алдына да 100дөн ашуун адам чыгып бийликтин саясатын колдой турганын билдирип, биримдикке үндөгөн акция өткөрүштү.
Соңку кырдаал боюнча Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстанда "массалык башаламандыкка даярданды" деген шек менен 20дан ашуун активист, саясатчы камалды. Бийликтин мындай кадамына нааразы болгондор 24-октябрда Бишкекте жөө жүрүш өткөрдү. Соңку кырдаал, ага бийликтин мамилеси тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Азаттыкка" маек курду.
Бишкекте 24-октябрда оппозициялык саясатчы, активисттерди жапырт кармоолорго каршы жүрүш өттү. Уюштуруучулар ага 500гө жакын адам катышканын билдиришти. Акцияга чыккандар темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты.
Бишкекте жапырт кармоого каршы жүрүш өттү
"Бүгүнкү акциянын эки талабы бар: Биринчиси - Кемпир-Абад суу сактагычынын жери берилбесин! Бийлик элге суу сактагычы жана чек ара боюнча бардык документтерди ачыктасын. Эл чындыкты билсин! Экинчи талап - кечээ кармалгандардын баары бошотулсун! Садыр Жапаров президенттикке келерде куугунтук болбойт деп убада берген, бирок иш жүзүндө кандай болуп жатканын көрүп турабыз", - деди Үсөйүн.
Таалай Мадеминов, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Шабдан Али, Равшан Жээнбеков, Чыңгыз Капаров, Улукбек Маматаев, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Жеңиш Молдоакматов, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акмат уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалай Эшалиев Бишкектин жана Чүйдүн райондук милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу камоочу жайларында камалып турат.