Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Жалал-Абадда жана Өзгөндө бийликтин саясатын колдогон митинг өттү


Жалал-Абаддагы митинг.
Жалал-Абаддагы митинг.

24-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдына ондогон адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун саясатын колдогон митинг өткөрүштү. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге да ишеним артып, бийликти сындагандардан өлкөдөгү кырдаалды олку-солку кылбоону талап кылышты.

Ушул күнү Өзгөн райондук акимчилигинин алдына да 100дөн ашуун адам чыгып бийликтин саясатын колдой турганын билдирип, биримдикке үндөгөн акция өткөрүштү.

Ал арада Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылынын тургундары дагы митингге чыгып, Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө, бул талапты айтып чыккан саясатчыларды жана активисттерди камактан бошотууну талап кылышты.

Митингдер тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчылары маалымдашты.

Ушул эле күнү Токмок шаарында да бийликтин саясатын колдогондордун акциясы өтүп, ага 100гө жакын адам катышты.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай митинг болду.

Камакка алынгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан. Президент Садыр Жапаров чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. (TB\AAb\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG