Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Косово мамлекети беш жашка толду


Косово президенти Атифете Яхьяга cалтанаттуу жыйында, 17.02.2013
Косово президенти Атифете Яхьяга cалтанаттуу жыйында, 17.02.2013

Европанын эң жаш мамлекети болочокто Европа Биримдигине жана НАТОго кошулууну максат кылат.

Албан калктуу аймак 2008-жылы 17-февралда өзүн бир жактуу түрдө Сербиядан көз каранды деп жарыялаган. Косово президенти Атифете Яхьяга айымдын айтышынча, Косовонун максаты болочокто Европа Биримдигине жана НАТОго кошулуу.

Приштина шаарында күнкорсуздук майрамына арнап, НАТО машыктырып берген Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн парады болду. “Косово Республикасы бүгүн регионалдык байланышка чоң салым кошууда жана анын Евробиримдик менен НАТОго кошулам деген айкын максаты бар. Биз, Косовонун эли, тарыхыбыздын жаңы бөлүгүн, тынчтык бөлүгүн, өз ара түшүнүү, кызматташуу жана өз ара урматташуу бөлүгүн баштадык,” - деди президент Яхьяга салтанатта сүйлөп.

​Косово парламенти атайын жыйын өткөрдү. Приштинанын борбордук аянтында түнкү саат онго чейин майрамдык концерт болду. Косово боштондук армиясынын мурдагы мүчөсү, приштиналык Скендер Ахмети үчүн 17-февраль өзгөчө күн. ”Мен өтө кубанычтамын. Биз бул күндү узак жылдар күттүк. Жылыга бул күнү сүйүнүчүм койнума батпай толкунданам. Үмүтүбүздүн баары аткарылбады. Ага карабай баары жакшы. Он үч жыл мурда биз кандай элек? Тилегибиз чындыкка айланды,”- дейт Ахмети.

Албандар майрамдоодо, Приштина
Албандар майрамдоодо, Приштина


Бирок күнкорсуздук күнүн Косовонун түндүк аймагындагы серб азчылыгы майрамдашпайт. Алар Косово эгемен мамлекет деп жарыяланганы сербдердин башына коогалаң түшкөнүн айтышат. “Эми эмне болобуз деп, күн сайын коркобуз. Бул күнүмдүк коогабыз. Анткени эгемен Косоводо жашоону каалабайбыз. Адам катары коңшуларыбыз менен талашчу эч нерсебиз жок. Бирок саясый жактан проблема бар”, - дейт Таня Яксич.

1,8 млн. калктуу Косово азыр Европанын эң кедей өлкөсү. Элинин үчтөн биринин күнүмдүк тапканы 1 долларга жетпейт. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча жан башына өндүрүлгөн дүң жыйым 2 600 еврого тете. Евробиримдиктин маалыматына караганда, Косоводо жумушсуздук 40% түзөт.

Приштиналык албан аял Мире Дева болочокто Косовонун экономикасы жакшырат деген үмүттө: “Көп нерсени тилек кылса болот. Балким, көп жакшы нерселер болоор. Бирок мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү экенин мойнубузга алуубуз абзел. Баарыбыз жапа тырмак эмгектенип, келечектен жакшылык тилейли.”

Косовонун төбөлсүздүгүн тааныган 100дөй мамлекеттин катарына 17-февралда Египет да кошулду.

Белград бүгүнкө дейре Косовону өзүнүн тарыхый бөлүгү деп билет. Евробиримдиктин арачылыгы менен 2011-жылдын мартынан бери Белгард менен Приштина акырындап болсо да жакындашууда.

6-февралда Брюсселде Сербия менен Косово президенттеринин биринчи расмий сүйлөшүүсү болду. Ортодогу алаканын жакшыруусу Сербиянын Евробиримдикке кабыл алынышына байланыштуу болоорун соңку мезгилде серб жетекчилери ишара кылышууда.

Ошол эле учурда Белгард 120 миң чамалуу косоволук сербдерге автономия берилет деген үмүттө. Январда Сербиянын премьер-министри Ивиса Дачич Косовонун Улуттар Уюмуна кошулуусуна Белград макул болушу мүмкүн экенин каңкуулаткан.

XS
SM
MD
LG