Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Президенти жаңы, багыты эски Куба


Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро. Гавана, 19-апрель, 2018-жыл.
Мигель Диас-Канель жана Рауль Кастро. Гавана, 19-апрель, 2018-жыл.

Кубада президент алмашты. Муну менен дээрлик акыркы 60 жыл ичинде алгач ирет өлкө башчынын ысымы өзгөрдү. Анткен менен жаңы лидер деле Фидель Кастродон мураска калган социалисттик ыңкылапты аягына чыгарууга убада берип жатат.

Коммунисттик Кубанын 600дөн ашуун депутаттан турган парламенти Мигель Диас-Канелди Мамлекеттик кеңештин төрагалыгына же президенттикке бейшемби күнү дээрлик бир добуштан шайлады.

Узак кол чабуу менен коштолгон шайлоонун жыйынтыгы Латын Американын бул өлкөсүндө дээрлик акыркы алтымыш жыл ичинде бери дегенде өлкө башчысынын фамилиясы алгачкы ирет алмашты дегенди билдирет.

Анткен менен президент алмашуусунун азыр кандайдыр тагдыр чечээр мааниси барбы? Биз бул суроону Флорида эл аралык университетиндеги Кубаны изилдөө институтунун директорунун орун басары Себастиан Аркоско (Sebastian Arcos) бердик:

- Куба үчүн бул тарыхый деле өзгөрүү эмес. Режим муну тарыхый учур катары көргөзүүгө аракеттенүүдө. Эл аралык коомчулукка Кубада маңыздуу өзгөрүү болгондой таасир калтыруу аракети бар. Бирок бул эскинин эле уландысы. Анткени Рауль Кастро бийликтен кеткен жок. Ал Кубаны өлкөдөгү эң кубаттуу эки институттун - Коммунисттик партиянын жана армиянын лидери катары башкарууну уланта берет. Бул демократияга өтүү деген сөз эмес, ага караандабайт дагы. Тандалган президентте Кубанын саясатын өзгөрткүдөй эч бир олуттуу ыйгарым укугу жок.

Кубанын парламенти. 18-апрель, 2018-жыл.
Кубанын парламенти. 18-апрель, 2018-жыл.

Жаңы президент Мигель Диас-Канель шайлангандан кийин парламентте сөз алган учурунда Кубанын тышкы саясатын өзгөртпөй, Кастролордун мурасын – социалисттик ыңкылапты улантууго убада берди:

- Бул парламентке эл тарабынан берилген мандат - тарыхый чечүүчү учурда Куба ыңкылабынын үзгүлтүккө учурабашын камсыз кылуу. Мен шайланып жатып, жоопкерчиликти билем. Кайсыл кызматта турганыбызга, социалисттик өлкөнүн кайсыл бурчунда иштерибизге, эмне жасаарыбызга карабай, биз кубалык революционерлердин баары башкы командачыбыз, биздин революциянын тарыхый лидери Фидель Кастронун үлгүлүү мурасына, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн колбашчысы, Рауль Кастронун баалуулуктарына, окуусуна берилген бойдон калабыз.

Кубанын айыл тургундары. 2018-жылы 29-мартта тартылган сүрөт.
Кубанын айыл тургундары. 2018-жылы 29-мартта тартылган сүрөт.

58 жаштагы Диас-Канель сөзүнүн аягында "Социализм же өлүм! Биз жеңебиз!" деп да кыйкырды. Ал акыркы беш жылдан бери Мамлекеттик кеңештин төрагасынын орун басары же вице-президенттик кызматты ээлеп келген.

Кезинде жогорку окуу жайда окутуучу болуп иштеген жаңы президент 2009-жылы жогорку билим берүү министри кызматына дайындалган. Ага чейин 2003-жылы Куба Компартиясынын эң жогорку органы – Саясий бюронун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Кастролордун мураскерлигине эмне үчүн Мигель Диас-Канель тандалганын “Азаттык” менен болгон маегинде талдоочу Себастиан Аркос мындайча чечмеледи:

- Себеби ал бийликти Фидель Кастро алгандан кийин төрөлгөн, салыштырмалуу жаш муундун өкүлү. Муну менен дээрлик алтымыш жылдык тарыхы бар режимде муун алмашып жаткандай таасир калат. Маанилүү жүйөлөрдүн бири ушул. Экинчиден, ал Кубада Фидель Кастро киргизген партиялык түзүмдүн туундусу. Башталгыч мектептен тартып, партия менен байланышкан өкмөттүк институттардын баарынан өткөн. Идеологиялык жактан да Кастролорго берилгенин көргөзгөн. Балким Рауль Кастро ал бир тууган Кастролор жараткан багыттан тайбайт деп ишенет.

“Куба ыңкылабынын” лидери, өлкөнү 50 жылдай башкарган Фидель Кастро 2016-жылдын ноябрында 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Бийликти 2008-жылы агасынан биротоло алган Рауль Кастро азыр 86га келди. Буга чейин ал Компартиянын башчылыгында 2021-жылдагы жыйынга чейин калары жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG