Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Нью-Йоркто күрд кинофестивалы өттү


Нью-Йорктогу фестивалда тогуз толук метраждуу, ошончо кыска метраждуу, анан даректүү тасмалар көрсөтүлдү.
Нью-Йорктогу фестивалда тогуз толук метраждуу, ошончо кыска метраждуу, анан даректүү тасмалар көрсөтүлдү.

21-25-октябрь күндөрү Нью-Йоркто “Чекарасыз кино” деген аталышта күрд кинотасмаларынын биринчи фестивалы өттү. Күрд киночуларынын эмгектери дүйнөдө жылуу кабыл алынып жатканына карабай, мекенинде баркталбай калууда.

Күрддөр өздөрүнүн мамлекетине эгедер эмес. Түркия, Сирия, Иран жана Иракка чачылып кетишкендиктен, кылымдар бою өздөрүнүн жеке улуттук нарк-насили, мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшүп келатышат. Оор тарых, туруксуз саясий кырдаалдан улам күрд киночулары өз оюн ачык айтпай, каймана түрдө аллегориялар, символдор аркылуу берүүгө аракет кылышат.

Мына ушундай кыйынчылыктарга карабай, күрд киночулары чет-мамлекеттерде бир топ ийгиликтерди жаратышкан. Мисалы, 1982-жылы түркиялык күрд режиссеру Илмаз Гүнейдин “Жол” деген фильми Канндагы кинофестивалда бай-байгеге татыган.

Бахман Гобади – ирандык күрд. Ал ушул учурдагы күрд киночуларынын ичинде эң эле белгилүүлөрдүн катарында десек болот. Бул жолу Нью-Йорктогу фестивалда анын “Перс мышыктары жөнүндө эч ким билбейт” деген фильми көрсөтүлдү.

Хинер Салем - режиссер
Ал эми ирактык күрд Хинер Салем учурда Францияда жашайт. Ал өзүнүн “Водка лимон” деген соңку комедиясын көрсөттү. Чынында, бул – пенсиядагы советтик аскер-аксакал менен жесир аялдын ортосундагы назик сезимдер тууралуу кооз баян. Кинодо окуя Армениянын күрддөр отурукташкан бир айылында болот.

“Биз бир эле айылда, же бир шаарда жашасак да, окуяларды, жашоону ар башкача кабылдашыбыз мүмкүн, - дейт режиссер Хинер Салем. - Азыр Түркиядагы, Сириядагы, Ирандагы күрддөргө кино тартуу кыйын болуп калды. Анткени бүт жерде күрддөрдү жекиришет, бердей көрүшпөйт, укуктары корголбойт, эркиндик жок. Ошого карабастан, айрым эр жүрөк азаматтарыбыз, кыздарыбыз ушундай оор абалда да тасма тартканды таштабай, улантып келатышат.

Анын айтымында, дүйнөнүн башка жерлериндегидей эле, күрддөр деле өздөрүнүн оор жазмышын сүрөттөгөн тасмалардын оордуна азыр Том Круз же Анжелина Жоли тартылган акыркы блокбастерлерди көрүүгө куштар. Ал мисал катары Франциянын маданият институтунан жарым миллион евро алып тарткан тасмасын Ирактагы Күрдистан сыналгы каналына бекер эле берейин десе алар албай коюшканын айтып, кейиди.

Азыр Ирактагы күрд коомчулугунда да Индиянын, Египеттин жана Түркиянын сериалдары өтө популярдуу болуп кеткен. “Күрд киночулары чыгарып жаткан фильмдердин айрымдары гана чыныгы социалдык жана саясий турмуштан кабар берет”, - дейт ал.

Дагы бир күрд режиссеру Жано Розебиани теги ирактык күрддөрдөн, бирок азыр Калифорнияда турат. Ал бул фестивалга “Жиян” деген тасмасын ала келген экен. Анда 1988-жылы Ирактагы күрд шаарчасына болгон газ чабуулунан кийин жетим калган 10 жашар кыздын баяны айтылат. Розебиани күрддөр эмне үчүн кинотеатрларга аз барып жатышканынын бир себеби катары теракт коркунучун атады: “Эч ким деле ал региондо адамдарга жык толгон капкараңгы бөлмөдө калууну каалабайт. Кинотеатрлардын өнүкпөй жатышы да ушундан”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG