Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

АКШда коогалаң боюнча корутунду талкууланууда


12 жаштагы Мухаммеддин үйү коогаланда күйүп кеткен.
12 жаштагы Мухаммеддин үйү коогаланда күйүп кеткен.

Бул күндөрү Вашингтон менен Нью-Йорк шаарларында Кыргызстандан барган атайын делегация АКШнын мамлекеттик департаменти, Хелсинки кору сыяктуу өкмөттүк мекемелер жана эл аралык бейөкмөт уюмдар менен жолугуп, 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалды иликтеген комиссиянын баяндамасы жана ага берилген кыргыз өкмөтүнүн корутундусу тууралуу кыргыз бийлигинин көз карашын тааныштырууда.

Делегация жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшанбек Сабиров “Азаттыкка” курган маегинде Америкадагы жолугушууларда козголгон маселелер тууралуу айтып берди. Ал өткөн жылдагы июн коогасын иликтеген бир катар комиссиялардын корутунду-сунуштары менен иштей турган мекемелер аралык комиссия түзүлө тургандыгын да билдирди.

- Америкалык тарапты эл аралык комиссиянын иликтөөсүндөгү кайсы фактылар, же кайсы учурлар өтө кызыктырат экен?

- Ушунчалык кызыгуу менен, пункттары менен карап атышат. Бул жерде адамзатка каршы кылмышка да кызыгып атышат. Бирок биз аны менен макул эмеспиз. Себеби бизде андай укуктук термин жок.

Ошону менен бирге бул жердеги бейөкмөт уюмдарына, мамлекеттик департаменттин кызматкерлерине, конгрессте биз ушундай түшүндүрмөлөрдү жүргүзүп кеттик. Ал жерде корутундуну жазганда үстүртөдөн карап жазылган.
Бизге булардын каалоосу бир эле: алдыда боло турган президенттик шайлоону тынч, эсен-аман өткөрүп алгыла деген тилектерин айтып атышат.


Улут аралык коогалаң “Алай” мейманканасынын жанындагы окуядан башталганы жазылбай калган. Кийин Жалал-Абаддагы “Сампа” заводунун жанындагы окуяны да жазбай калышкан. Ошондой эле анча-мынча жазылбай калган жерлери бар. Ошону түшүндүрдүк, бүгүнкү күндө депутаттык комиссия да иштеп атат. Жакында өзүнүн корутундусун чыгарат.

Биз бул корутундулардын бардыгын топтоп, ведомстволор аралык комиссия түзүп, ага депутаттык комиссиянын, эл аралык комиссиянын сунуштарынын баарын кошуп, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, этникалык ынтымакка чакыруу үчүн сунуштарды иштетели деген ойлорубуз бар.

- Америкалык тарап Кыргызстандын түшүтүгүндө болгон окуяда кыргыз өкмөтүнүн дарегине сын айтып атабы? Эл аралык иликтөөдө Кыргызстандын күч органдарына сындар айтылган.

- Албетте сын-пикирлер айтылып атат. Бирок ошону менен бирге биз сын-пикирлерге жооп берип жатабыз. Ошол убакта Убактылуу өкмөттүн күчү региондорго бирдей кубаттуу болбогонуна байланыштуу түштүктө айрыкча күчү жок болуп калган. Бирок Убактылуу өкмөт күнү-түнү болгон күч аракеттерин жумшаган деген түшүндүрмөлөрдү берип жатабыз.

Адегенде укук

- Жалпыга белгилүү болгондой, АКШ адам укуктарын өтө даңазалаган, адам укуктарынын бузулушуна көз жума албаган өлкө. Июндагы улуттар аралык жаңжалда адам укуктарынын бузулушу өтө көп катталды деп өзүбүз да, чет элдиктер да айтып атат.

- Албетте бул улуттар аралык жаңжалда адам укуктары тебеленген. Бул жерде кыргыз тараптан да, өзбек тараптан да канчалаган жөнөкөй адамдар каза тапкан. Биз муну ачык эле айтып атабыз. Андан сырткары милиция кызматкерлеринин күчү анча жетпей калган. Бирок элге коридор ачып берип, элди алып чыккан учурларын түшүндүрүп бергенден кийин Америка коомчулугунда өздөрүнүн пикирлери алмашып атат.

- Оштогу жаңжалдан кийин иликтөө иштери башталды. Ушул иликтөө иштерин жүргүзүүдө Кыргызстандын күч органдарынын адистери өзбек улутундагылардын укуктарын тебелеп, аларды коркутуп-үркүтүп, тобу менен түрмөгө камап, алардын көбү Кыргызстандан чыгып кетти деген айыптоолор бар. Америкалыктар ушул суроого кызыгып жатабы?

- Өзбек улутундагы камакка алынган жарандар боюнча албетте кызыгып жатышат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жумушта канчалык деңгээлде өзбек улутунун катышуусу бар деген суроолор да болуп атат. Министрлик, ведомстволордо, агенттиктин директору Фаттахов Бахтияржан, Азизов отурат, парламентте төрт өзбек улутунан депутат отурат. Андан тышкары мамлекеттик иштерге көбүрөк көңүл бурсаңыздар деген өздөрүнүн сунуштарын айтып жатышат. Биз бул нерселер менен макулбуз. Чыгып кеткендердин саны өскөнү боюнча, алар жумуш издеп чыгып кетишти.

- Оштогу жаңжалдан кийин өзбек улутундагыларды көп камап, уруп-сабады деген сөздөр өтө көп айтылды. Чын эле ушундай факттар болдубу?
Кыргызстандын өнүгүшү үчүн, этникалык ынтымакка чакыруу үчүн сунуштарды иштетели деген ойлорубуз бар.


- Ошол убакта коопсуздук комитетинин мүчөлөрү катуу иштешти. Кагылышууда оперативдик видео тасмалар бар. Булардын иши ушундай да, видео тасмада кайсы атуул болсо, албетте аны чакырып суракка алышат, эмне үчүн ошол кагылышууда жүрдүң эле, сен эмне кылмыш кылдың деп. Бул кылмыш иликтөөгө кирет.

Мага парламенттин депутаты катары “массалык түрдө бизди кыйнап атат” деген арыз түшкөн эмес. Ошондуктан бул маселе боюнча анчалык деле жакшы билбейт экем.

- Жаңжалдан кийин өзбек улутундагылардын укугун тепсеген, бул аларга тиешелүү мүлктүн, байлыктын кыргыз улутундагылар тартып алды деген кине айтылат.

- Жеке менчикти тартып алуу боюнча бүгүнкү күндө америкалык бейөкмөт, эл аралык уюмдары да бизге ушундай сунуш берип жатышат. Баргандан кийин ведомстволор аралык комиссияга маселелердин бири ушул болуш керек, мүлктү канчанчы жылы, кимден алган боюнча барып изилдеп чыксыңар деген маселе коюп атышат. Бул туура маселе. Биз биргеликте бул маселени изилдеп чыксак болот. Ошондо бардыгы орду-ордуна келет. Ошол убакта бардыгы маалым болот.

- Күтүлбөгөндөй кандайдыр бир сунуштар айтылуудабы, кыргыз өкмөттү бул багытта мындай иштерди, долбоорлорду жүргүзгүлө деген?

- Улуттук демократиялык институтунда болдук. Өкмөт боюнча, астыда боло турган президенттик шайлоо боюнча дагы көптөгөн өздөрүнүн сунуштарын берип жатышат. Бирок бардыгы бул жерде ошол нерсени түшүнөт. Биринчи мамлекетке эмне керек, экономикалык жардам керекпи, биринчи учурда эмне кылышыбыз керек деп атышат. Бизге булардын каалоосу бир эле: алдыда боло турган президенттик шайлоону тынч, эсен-аман өткөрүп алгыла деген тилектерин айтып атышат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG