Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Редактордун блогу: “Миңсанат” Сизди кызматташтыкка чакырат


Кыргыздын танымал театр өнөрпозу Калича Сейдалиева.
Кыргыздын танымал театр өнөрпозу Калича Сейдалиева.

«Азаттык» үналгысынын интернет редакторлору азыркы жана болочокку блогчуларга ырааттуу чыгармачыл кызматташтыкка чакырып кайрылат.


Миңдеген кыргызстандыктар ушул тапта дүйнөнүн чар тарабында окуп, иштеп, же башка себеп менен журт которуп алыс жактарда жүрүшөт.

Алардын арасында өз Мекениндеги окуяларга кайдыгер калбай, биздин интернет барагыбызда жана башка маалымат булактарында Кыргызстан тууралуу жазылгандарды окуп, интернеттеги шеринелерге жана башка талкууларга кызуу катышкандары да арбын.

Ошол эле маалда “Азаттыктын” окурмандарын ушу тапта Батыш Европа, Корея, АКШ, Кытай, Орусия, Казакстан, деги койчу, кайсы жерде болбосун тагдырдын жазмышы менен жашап жүргөн мекендештердин күнүмдүк жашоо-турмушу, көргөн-билгени, ал жердеги элдин кулк-мүнөзү, салт-маданияты тууралуу айтчу сөзү абдан кызыктырат.

Кыргызстандын өзүндө да айлана-тегеректеги окуялар, кайсы бир коомдук көрүнүш тууралуу блог жазып, көөдөнүн тепкен ойлорун ортого салгысы келген дилгир адамдар аз эмес.

Алыскы Баткен, Чаткал, Чоң-Алай, Кара-Буура, Ак-Талаа, же Тоңдо айыл турмушун баяндап берчүлөр азыркы азганактай блогчулардын катарын толуктап, өз дилиндеги ойлорун ортого салышса, баарыбыз жыргап окубайт белек.

Айтмакчы, интернетте блог жазыш үчүн сөзсүз эле журналист болуу талап эмес.

Болгону сиздин тегерегиңизде болуп жаткан кайсы бир окуя, кызыктуу көрүнүш, көңүл бурдурган кубулуштар тууралуу башкаларга төгүлө кеп салып бергиңиз келсе болду! Дал ошондой турмуштук окуянын бир үзүмүн күндөлүккө чагылдырып, текстин бизге электрондук кат менен жолдоп коюңуз.

Ошентип, “Азаттык” биздин интернет барагыбыз аркылуу өзүн кызыктырган маселе боюнча блог жазып, же сүрөт, видео аркылуу кайсы бир теманы чагылдырып, ал тууралуу биздин окурмандардын пикирин билгиси келген мекендештерди мындан ары тыгыз кызматташууга чакырат.

Мыкты блогерлер тобун тандап алып, аларга өзүбүздүн атайын сыйлыгыбызды ыйгарууга куштарбыз.

Бизге кыргыз жана орус тилинде жазып, калем сынап көрүңүздөр!

Жаш жазмакер окурмандар арасынан суурулуп чыккан блогерлер келечекте, балким, кыргыздын мыкты журналисттеринен болуп калаар?

Анда блогуңузду, же интернеттеги күндөлүк санатыңызды webeditor@bureaumail.rferl.org деген даректен күтөбүз.

Же болбосо, эгерде катыңызда мултимедиялык (үн, видео тасма, сүрөт) тиркеме бар болсо, түз эле "окурмандардын кат куржунуна" ушул шилтеме аркылуу жүктөй аласыз.

Электрондук катыңыздын аталышынын башына латын ариби менен Menin blogum (“менин блогум”) деп жазып койсоңуз, аны башка толгон-токой каттардын арасынан иргеп алуу оңой болот.

Блогдун тексти табияты боюнча өтө узак болбойт, ал кыска-нуска келип, эң узак дегенде бир жарым беттен ашпаганы абзел.

Эмесе, “Азаттык” үналгысынын сизге арналган жана сиздин кошумчаңызды күткөн блог дүйнөсүнө кош келиңиздер!

Интернет редакторлор.
XS
SM
MD
LG