Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Ош: илимден сулуулар артыкпы?


Ош мамлекеттик университетинде сулуулар сынагы, 23-апрель, 2015-жыл
Ош мамлекеттик университетинде сулуулар сынагы, 23-апрель, 2015-жыл

Жүз миңдей студенти бар Оштогу түрдүү окуу жайлардын бири дагы көзгө басар илимпоз же ойлоп табуучу адис чыгара албай жатышат.

Ош технологиялык университети билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуу жайга үч өлчөмдүү принтер сатып берген. Бирок бул окуу жай ал принтерди жөндөп иштетип кеткен студенттердин тобу бар деп мактана албай турган кези.

Аталган окуу жайдын Колдонмо илимдер институтунун директору Айбек Аттокуров илимди колдоого бюджеттин 5% бөлүү тууралуу токтому аткарылбай жатканын эске салды.

- Илим менен каражат маселеси тыгыз келет. Негизи университетте студенттердин илимий аракеттерин колдоочу фонд болгондо жакшы болмок. Бул маселени айтып эле келатабыз. Каражат жетишсиз деп ал фонду түзүүгө мүмкүн болбой келатат. Бирок окуу жайларда илимий иштерди колдоо үчүн келишимден түшкөн каражаттын 5% бөлүү тууралуу токтом бар.

Сулуулар конкурсун уткан бийкечтерге чет өлкөлөрдө эс алып келүүгө жолдомо берилет. Бул билимге умтулган студенттердин өзүнө болгон ишенимин жоготот деп ойлойм.
Анара Жолборсова

​Аймактагы жалгыз техникалык окуу жайдагы илимий иш-чаралар теориядан алыстабаган формалдуулукка айланып кеткенин жетекчилиги моюнуна алат. Студенттердин илимий аракеттерин колдоо долбоорлору жок.

Ош технологиялык университетинин илимий иштер боюнча проректору Бакытбек Шамшиев үч жылдан бери студенттерди илим жана ойлоп табуучулукка тартуу үчүн окуу жай жетекчилигинен каражат бөлдүрө албай убара.

- Мен илимий иштер боюнча проректор катары үч жылдан бери илим фондун түзүү сунушун окуу жайдын окумуштуулар кеңешине берип жатам. Илимге жөндөмдүү студенттердин аракетине шарт түзүп берели деп айтып келем. Илимий иштер менен алектенүүсүнө кичине болсо да шарт түзүп берели деп жатабыз. Себеби, ал фонд, анын каражаты ректоратка жана контракттын көлөмүнө көз каранды. Контракт аз. Ал окутуучулардын айлык маянасынан ашпайт. Илим акча болсо өнүгөт.

Ушундай эле көрүнүш Оштогу бардык окуу жайларда бар. Маселен Ош мамлекеттик университети жеңил-желпи шоулорду жыл сайын уюштурууну салтка айландырып алган.

Жыл сайын «Мистер ОшМУ», «Мисс ОшМУ», «Окутуучулар обон созгондо», «Идеалдуу түгөйлөр» сыяктуу оюн-зоок кечелеринин ар биринин байгесине 100 миң сомдой жумшалат. Ошол эле учурда студенттерди илимге азгырууга, жаңы технологияларга тиркеме жазууга, ойлоп табуучулукка, өз алдынча ишкана ачып кетүүгө багыттаган иш-чаралар уюштурулбайт.

Бул окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Тасилкан Жумабаева университет азырынча илимге эмес, маданиятка көп артыкчылык берип жатканын айтты:

- Билим түбөлүктүү, сулуулук убактылуу деп, чырайлуу кыздарды өз убагында барктап коёлу деген аракет. Негизи ЖОЖдо билимге артыкчылык берип, илимге шыктуу адистерди тарбиялап алууга болот. Бирок биздин практикада эң мыкты окуган студентти контракттык төлөмдөн бошоткон, жок дегенде 50% бошоткон учурду көрө элекмин. Бизде студенттерге материалдык жардам билимине эмес, социалдык абалына карап берилип калган. Маселен, томолой жетим, майып, Ооган, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарына берилет дегендей. Бирок муну университет өзүнүн уставына киргизүү менен билимдүү студенттерди колдоону ишке ашырса болот. Муну мен айтып эле келатам.

Ош мамлекеттик университетинин жаш илимпоздору. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Ош мамлекеттик университетинин жаш илимпоздору. Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Учурда Оштогу бир дагы окуу жай өз студенттеринин илимий ойлоп табуучулук аракеттерин көзгө көрүнөрлүк материалдык байге менен сыйлабайт. Жок дегенде контракттык төлөмдөн да бошотпойт. Ошол эле учурда сулуулар конкурсу сыяктуу жеңил-желпи шоулорго Дубайга жолдомо сыяктуу ири байгелер сайылып келет. Ошто жогорку окуу жайдын биринин студенти Анара Жолборсова илим күнүмдүк шапардын тепсендисинде калып жатат деп эсептейт.

- Жогорку окуу жайларда илим-билимге тиешеси жок иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат. Сулуулар конкурсун уткан бийкечтерге чет өлкөлөрдө эс алып келүүгө жолдомо берилет. Бул билимге умтулган студенттердин өзүнө болгон ишенимин жоготот деп ойлойм.

Учурда Ош шаарында он жогорку, жети орто кесиптик окуу жай бар. Буларда окуган студенттердин жалпы саны 100 миңди чапчыйт. Окуу жайлар илим жактаган окутуучуларга 20-40 миң сомдон жардам беришет. Бирок мындай жардам студенттерге каралган эмес.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин 600 миллион, Кыргыз-өзбек университетинин 140 миллион, Ош технологиялык университетинин 150 миллиондон жылдык бюджети бар. Азырынча бул окуу жайлардын бири да студенттеринин ири илимий ачылыштары менен мактана албайт. Коомчулук болсо таңгактап диплом тараткан окуу жайлардан тиш чукугуч чыгарганга жараган бир адистин чыкпай жатканын сынга алууда.

XS
SM
MD
LG