Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Манас: миллиондордун орду кантип толот?


Бишкекте 2014-жылы Транзиттик борбор чыккандан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын тагдыры талкууланды. Аба майдандын жетекчилиги “Манас” жана Ош аба майданынын базасында трансконтиненталдык аба түйүнүн түзүү долбоорун сунуштап чыкты.

“Манас” жана Ош аба майдандарынын жетекчилиги АКШнын транзиттик борбору чыккандан кийин, анын ижара акысынан түшүп келген миллиондордун ордун кантип толтурабыз деген суроого баш катырууда. Себеби жүк ташуу борбору кеткенден соң аба майдандын кирешеси 40-50 пайызга чейин азаяры күтүлүүдө.

"Манас" аба майданынын биринчи вице-президенти Нурлан Мамыровдун айтымында, учурда жаңы долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр изделип жатат:

- Биздин алдыбызда транзиттик жүк ташуу борбору чыккан соң “Манас” аба майданды сактап калышыбыз керек, өнүгүшүбүз керек деген суроо турат. Мындайды болтурбоо үчүн аталган эки аба майдандын алкагында трансконтиненталдык аба түйүнүн түзүү долбоорун иштеп чыктык. Ага ылайык, Кыргызстандан Европа менен Чыгыш-Түштүк Азияга биздин аэропорттор аркылуу эл жана жүк ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жакында Дубайга, Түркияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.

Аба майдандын жетекчилигинин ишениминде, “Манас” аба майданы заманбап технологиялар менен жабдылса, аба мейкиндиги аркылуу жүктөрдү кабыл алуу, сактоо жана кайра жөнөтүү, маалыматтык жана башка кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзгөн чөлкөмдөгү ири борборго айланмакчы. Муну менен катар Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүн аба жолдору аркылуу байланыштырган, жолдун узактыгын да, чыгымды да 20 пайызга чейин кыскарткан негизги багыт болушу мүмкүн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жакынкы жылдарга Ош аба майданын толугу менен реконструкциялоо жана “Манас” аба майданынын учуп-конуучу тилкеси менен жүк сактоочу терминалын оңдоо каралган. Аба майдандын өкүлдөрүнүн айтымында, учурда бул долбоорду ишке ашырууга орусиялык, түркиялык инвесторлор кызыгып жаткандай.

Орусиялыктар быйыл жыл башынан бери эле тынбай каттап, “Манас” аба майданынан АКШнын жүк ташуу борбору чыгарылган соң, логистикалык борборду өз колуна алууга ынтызар экенин билдирип келишет. Орусиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү эки ирет Кыргызстанга келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Максатбек Дыйканов сүйлөшүүлөр уланып жатканын "Азаттыкка” билдирди:

- Бул багытта сүйлөшүүлөр практикалык деңгээлге чыкты десек болот. Буга чейин орусиялыктар биздин аба майдандардагы шарт менен таанышкан. Учурда аны изилдеп жатышат. Жакында алар өз сунуштары менен келет.

Анткен менен айрым серепчилер “Манас” аба майданынын жетекчилиги сунуштаган эл аралык аба түйүнүн куруу долбоору ишке ашарынан күмөн санашат.

“КыргызТрансАвиа” компаниясынын вице-президенти Таалайбек Океновдун айтымында, коңшу өлкөлөрдө алда канча заманбап жабдылган аба майдандар турганда чет элдик авиа компаниялар Кыргызстан аркылуу жүк ташууга кызыкдар болушу арсар:

- Бул, албетте, жакшы идея. Бирок ал ишке ашабы, аны ишке ашырууга аэропорт жетекчилигинин эрки жетеби? Бул бир суроо. Экинчиден, биздин айланабызда 20га жакын атаандаш аэропорт бар. Мына ошолорду кантип ута алабыз? Ошондуктан биз приоритеттерди аныктап, биздин аэропорттор жүк ташуучу борборду уюштургандан же адам ташуудан көбүрөөк пайда алып келээрин аныктап алышыбыз керек.

2001-жылы Ооганстанда антитеррордук операция жүргүзүү үчүн Бишкектеги “Манас” аба майданында АКШ өнөктөштөрү менен бирге аскерий база ачкан. Кийин ал жүк ташуучу борбор болуп макамы өзгөргөн. Ооганстанга миңдеген аскерлер каттаган бул борбордун ижара акысы үчүн Кыргызстан жылына 150 миллион доллар алат. Алмазбек Атамбаев президент болгондон тарта 2014-жылы бул борбордо бир да аскер адамы калбоого тийиш деген позициясын билдирип келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG