Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Талас: дыйканды санаага салган төө буурчак


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев таластык дыйкандар 2013-жылы төө буурчактан 200 миллион доллар киреше тапканын билдирген.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев таластык дыйкандар 2013-жылы төө буурчактан 200 миллион доллар киреше тапканын билдирген.

Күзүндөгү аба ырайынын жаанчыл болушу Талас облусунда төө буурчактын түшүмүн төмөндөттү.

Быйыл ансыз да кургакчылык менен үшүктөн түшүм начар болгонун айткан дыйкандар төө буурчак баасы өткөн жылдагыдан арзан болуп калабы деп чочулап турушат. Ага ылайык, төө буурчакты айдап-себүүгө кеткен чыгымдардын акталбай калуу ыктымалдыгы да жок эмес.

Шерденген дыйкандардын маанайы пас

Төө буурчактын былтыркы түшүмүнөн табылган пайда таластык дыйкандарды шердентип койгон эле. Алардын көпчүлүгү бул жылы бир-эки гектар арбын айдашкан. Бирок түшүм жыйнаарга келгенде эмгегибиздин акыбети кайтпай калабы деп кабатыр болуп турушкан чагы. Себеби, сугат мезгилиндеги кургакчылык, эрте жүргөн үшүк, түшүм жыйноо маалындагы жаан-чачын төө буурчак түшүмүнө таасир этти. Таластык дыйкан Нурдин жай бою маңдай тер төгүп өстүргөн түшүмүн жаан-чачында жыйнай албай убара:

- Мен быйыл төө буурчакты көбөйтүп эккем. Үч-төрт күндөн бери жамгыр төгүп, жыйнай албай жатабыз. Эми күн чайыттай ачылгандан кийин деле төрт-беш күн күтүш керек. Себеби, ал аябай кургагандан кийин жыйналууга тийиш. Быйыл кургакчылык болду, үшүк да алып кетти, ага жараша түшүм да аз. Мурда бир гектардан 50-60 кап алсак азыр, 20дай эле алып жатабыз.

Жаан-чачындуу аба ырайыдан сырткары төө буурчактын баасы да таластыктарды убайымга салып турат. Быйыл 20 гектар жерге айдаган Мурат Соорбеков төө буурчактын баасы көтөрүлбөй, былтыркыдай кымбат баада сатып алган чет элдик фирмалар келбей жатканын айтты:

- Азыр Түркиядан келген компаниялар деле жок. Эл ортомчуларга эле өткөрүп жатат. Баасы дагы көтөрүлбөдү. Байкашымча бир дагы чет элдик ишкана келген жок окшойт. Өкмөт бааны көтөрдүк деди эле, азыр андан дайын жок го.

Бааны бийлик эмес, суроо-талап көтөргөн

Өткөн жылы төө буурчак баасы кескин көтөрүлүп, алды килограммын 115 сомдон саткан. Президент Алмазбек Атамбаев муну ортомчулар менен кызыл кулактардын азайышынан болду деп, бийликтин жасаган аракетинин натыйжасы катары баалаган эле. Буга анча ынанбагандар бааны былтыр төө буурчак айдаган өлкөлөрдөгү кургакчылыктан улам аларда түшүм аз болгону менен байланыштырган.

Учурда Талас облусунда төө буурчактын килосу 60-70 сомдон алынууда. Таласта төө буурчакты тазалап, чет жактарга жөнөтүүчү ири ишканалардын бири - Sunshine Global Trade ишканасынын өкүлү Уран Ниязалиевдин айтымында, быйыл баа былтыркыдай болору күмөн:

- "Мына, биз буурчактын баасын көтөрүп бердик" деп, бийлик калп эле элдин башын айланта берет. Чынында андай эмес. Былтыр дүйнө жүзүндө баа жогору болчу. Ал эми бул жылы андай талап жок, бардык буурчак өскөн мамлекеттерде түшүм жакшы. Анан ар кандай сөз чыгарып, чет элдик фирмаларды киргизбей жатат дегендер да чындыкка дал келбейт. Каалагандар келип ала берсин.

Азыркы күндө төө буурчак түшүмүнүн 60-70 пайызы жыйналып бүтө элек. Бышкан маалда жамгырда калган төө буурчактын сапаты дагы начарлап ага жараша баасы төмөндөйт. Таластык дыйкандардын бул көйгөйү бүгүн парламентте көтөрүлүп, анда насыя алып, төө буурчак айдаган дыйкандарга өкмөт жардамдашса деген сунуш айтылды.

Төө буурчак - Кыргызстандагы Европанын бир катар өлкөлөрүнө, айрыкча Түркияга арбын экспорттолгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири. Негизинен төө буурчактын "лопатка" деп аталган сорту жогору бааланып, көпчүлүк ошону эгишет. Былтыр жергиликтүү элден топтоп, андан кийин сыртка сатуу менен 60тай фирма алектенген. Өткөн жылы Талас облусунда 84 миң тоннадай төө буурчак жыйналып, Кыргызстан башка мамлекеттерге 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон.

Жалпы Кыргызстан боюнча быйыл 59 миң гектар жерге төө буурчак эгилген болсо, анын 55 миң гектары Талас облусуна айдалган. Бул 2013-жылга караганда 10 миң гектарга көп.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG