Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Төө буурчак дыйканды маарытты

Талас. 15-декабрь, 2013-жыл
Талас. 15-декабрь, 2013-жыл

Таласта быйыл төө буурчактын баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү.

Мисалы “лопатка” деген түрүнүн, башкача айтканда ак төө буурчактын 1 килограммы 100 сомго чейин чыкты. Мурунку жылдары төө буурчактын баасы кыйла төмөн болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калган учурлар көп эле болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин төө буурчактын сатылышына мурунку бийлик башындагыларга чейин аралашканын, азыр болсо “кызыл кулактык” такыр тыйылганын айткан болчу.

Талас районунда төө буурчак айдала баштаганына 3-4 жыл гана болду. Аталган райондун Манас айылынын тургуну Бактыбай Көкөбаев мурун жалаң картошка айдаган дыйкандар быйыл жалаң төө буурчакка өткөнүн айтып берди:

- Улам жогорулаган сайын жердин кыртышы да жакшы болгондуктан түшүмдүүлүк жакшы эле болуп жатат. Мындан эки-үч жыл мурун төө буурчактын баасы 25 сомдун тегереги, кээде ага да жетпей, 15 эле сомдон сатылчу. Бир гектардан орто эсеп менен 3 тоннадай алышты. Биз жакта картошка айдагандар жокко эсе эле болуп калды. Аны айдаган кыйындап, анан калса мурункудай казактар келип сатып албай калды.

Быйыл Таласта түрк ишкерлери төө буурчак тазалай турган "Рейба" аттуу завод ачышты. Аталган заводдун өкүлү Урмат Атагелдиев “Азаттыкка" курган маегинде быйыл Таласта төө буурчактын түшүмү мол болгонун айтып берди. Анан калса төө буурчак экспорттогон башка ири мамлекеттердеги түшүмдүүлүктүн аздыгынан улам Таласта төө буурчактын баасы бир топ көтөрүлдү:

- Быйыл аба ырайы ысык да, суук да болгон жок. Төө буурчакка өтө жагымдуу аба ырайы болду. Төө буурчак айдалган аянт да көбөйдү. Жылына болжол менен 70-80 миң тонна жыйналат. Ушул тушта түшүмдүн теңи сыртка экспорттолуп кетти. Төө буурчакты көп айдаган мамлекеттерде, мисалы Кытайда, Аргентинада түшүмдүүлүк аз болуп, табигый кырсыктардан айдоо аянттарын суу алганы, экспортко тыюу салганынан улам Таластагы төө буурчактын баасы көтөрүлдү. Андан сырткары алуучу фирмалардын жыл сайын көбөйүшү, атаандаштыктын жогорулашы дагы баага таасир берет.

"Рейба" заводун курган ишкерлердин бири - Меметакиф Тургут Түркиянын Мерсин шаарынан болот экен. Таластан төө буурчак ташыганына беш жыл болуптур. Кыргызстанда өндүрүлгөн буурчак Түркиядан сырткары Балтика, айрым Европа өлкөлөрүнө сатылат. Түрк ишкери жергиликтүү эл төө буурчак өстүргөнү менен тамакка дээрлик колдонбогонуна таң калууда:

- Түркияда буурчактын ар кыл түрүнөн жумасына бир канча жолу тамак жасалат. Ошончолук талап бар. Окумуштуулар, профессорлор буурчак адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу экенин аныкташкан. Эттин кубаттуулугу канча болсо, төө буурчактыкы да ошончо. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө буурчак тамакка көп пайдаланылат. Борборазиялыктар да тамакка көбүрөөк колдонушса пайдалуу гана болмок.

Төө буурчакты буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да кеп кылып, баасынын көтөрүлүшүн азыркы бийликтин ийгилиги катары сыпаттаган:

- Мен Түркияга чейин барып, төө буурчакты алгыла деп өкмөт башчысы Эрдоган менен сүйлөшкөм. Анан жакшылап карасак, кеп өзүбүздө экен. Төө буурчакты сатууда ортомчулар толтура экен. Анын баарын бийликтегилер уюштуруп коюп, мына Акаевден баштап, Бакиевге чейин төө буурчактын сатылышынан керек болсо тең акчасын кармап калчу. Мына 30 сомго жетпеген төө буурчак азыр 80 сомдон ашты. Анткени коррупция жоюлду, ортодогу кызыл кулактар кетти. Чоңдор, кландар киришпей калды. Эгер кландар киришип, Атамбаевдин үй-бүлөсү да "отуруп алса" дагы деле 30-40 сом болмок. Башка кырк сому бирөөнүн чөнтөгүнө кетмек.

Таласта ошентип быйыл төө буурчак айдагандар маарып, оокаты тыңып, той-аш да көп болду. Мындан улам эмдиги жылы да төө буурчактын аянты көбөйүшү толук ыктымал. Бирок адистер жерди эс алдырбай айдаганда түшүмдүүлүк бара-бара азаярын, жер кыртышына доо кетерин белгилешет. Андыктан аз жерден көбүрөөк түшүм алуу ыкмаларына өтүүнү да эске алуу керек.

Таластын "ак алтыны"

"Лопатка" төө буурчагынын килограммы 100 сомго чейин барат.

1/22 "Лопатка" төө буурчагынын килограммы 100 сомго чейин барат.

Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
2/22

3/22

Төө буурчактын көп сатылган дагы бир түрү.
4/22 Төө буурчактын көп сатылган дагы бир түрү.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Быйыл Таласта төө буурчак тазалоочу завод ишке кирди. Буга чейин дыйкандар кол менен иштеп келишкен.

5/22 Быйыл Таласта төө буурчак тазалоочу завод ишке кирди. Буга чейин дыйкандар кол менен иштеп келишкен.

Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Заводдун курулушуна 450 миң доллар сарпталган. Заводдогу бардык жабдыктар чет өлкөнүкү.
6/22 Заводдун курулушуна 450 миң доллар сарпталган. Заводдогу бардык жабдыктар чет өлкөнүкү.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Таласта төө буурчак 15 жылдан бери айдалат. Бул убакыттан бери жергиликтүү фермерлер төө буурчактын онго жакын түрүн өстүргөндү үйрөнүштү.
7/22 Таласта төө буурчак 15 жылдан бери айдалат. Бул убакыттан бери жергиликтүү фермерлер төө буурчактын онго жакын түрүн өстүргөндү үйрөнүштү.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
8/22

Заводдо 30га жакын жергиликтүү тургундар эмгектенет.
9/22 Заводдо 30га жакын жергиликтүү тургундар эмгектенет.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Төө буурчакты тазалоо учуру.
10/22 Төө буурчакты тазалоо учуру.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
11/22

"Рейба" компаниясынын экспорт боюнча менеджери Улан Атагелдиев.
12/22  "Рейба" компаниясынын экспорт боюнча менеджери Улан Атагелдиев.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Аба ырайынын жакшы болушу төө буурчак түшүмүнүн арбын болушуна шарт түздү.
13/22 Аба ырайынын жакшы болушу төө буурчак түшүмүнүн арбын болушуна шарт түздү.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Төө буурчактын дүң баасынын жогору болушуна жылдагыдай далдалчылардын жок болушу да себеп.
14/22 Төө буурчактын дүң баасынын жогору болушуна жылдагыдай далдалчылардын жок болушу да себеп.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Таластын төө буурчагынын өтүмдүүлүгүнүн дагы бир себеби - түрк базарынын ири экспортерлору Аргентина менен Кытайда түшүм жылдагыдан аз болгону айтылууда.

15/22 Таластын төө буурчагынын өтүмдүүлүгүнүн дагы бир себеби - түрк базарынын ири экспортерлору Аргентина менен Кытайда түшүм жылдагыдан аз болгону айтылууда.

Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Түрк ишкери Меметакиф Тургуттун таластык дыйкандардан төө буурчак алып иштегенине 5 жыл болду.
16/22 Түрк ишкери Меметакиф Тургуттун таластык дыйкандардан төө буурчак алып иштегенине 5 жыл болду.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
17/22

Таластын төө буурчагынын дээрлик бардыгы Түркияга ташылууда. Бул унаалар керектүү жерге 14 күндө жетет.

18/22 Таластын төө буурчагынын дээрлик бардыгы Түркияга ташылууда. Бул унаалар керектүү жерге 14 күндө жетет.

Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
19/22

Мурдараак төө буурчакты Таластын ылдый жагы гана айдачу. Жыл өткөн сайын өйдөңкү аймактарда да анын аянты кеңейүүдө.
20/22 Мурдараак төө буурчакты Таластын ылдый жагы гана айдачу. Жыл өткөн сайын өйдөңкү аймактарда да анын аянты кеңейүүдө.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Төө буурчак баасынын жогору болгонуна байланыштуу көпчүлүк дыйкандар материалдык абалын тыңдап алганын айтышты.
21/22 Төө буурчак баасынын жогору болгонуна байланыштуу көпчүлүк дыйкандар материалдык абалын тыңдап алганын айтышты.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Жыл өткөн сайын төө буурчак облустун негизги киреше берчү өсүмдүгүнө айланып баратат. Азыр дыйкандар мурдагыдай картошка, кант кызылчасын, тамеки багуудан алыстаганы байкалат.
22/22 Жыл өткөн сайын төө буурчак облустун негизги киреше берчү өсүмдүгүнө айланып баратат. Азыр дыйкандар мурдагыдай картошка, кант кызылчасын, тамеки багуудан алыстаганы байкалат.
Быйыл Таласта төө буурчак ар кандай себептерден улам кымбат сатылууда. Таластык дыйкандар түшүмдү сатуу менен материалдык абалын кыйла жакшыртып алганы байкалат. Жергиликтүү эл мунун эсебинен Таласта той-аштар көбөйүп, ал турсун калың баасы өскөнүн да тамашага чаптыра айтып жатышты.
Артка
Алдыга
• 16x9 Image

Элеонора Бейшенбек кызы

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG