Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Талас: сооданы чектеген чек ара


Кыргыз-казак чегиндеги Чоң-Капка чек ара бекети, Талас.
Кыргыз-казак чегиндеги Чоң-Капка чек ара бекети, Талас.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 21-майда Таластын Манас районунун эли менен жолугушту. Жергиликтүү калк анда Казакстан менен чек ара соодасын жөнгө салуу маселесин козгоду.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Манас районунун Май, Үч-Коргон айылдарына барганда жергиликтүү эл Казакстандын Жамбыл облусу менен чек ара соодасын жөнгө салып берүүнү өтүндү.

Маселен, Үч-Коргон айылынын тургуну Мира Туралиева өстүргөн жер-жемишин чек арадан өткөрө албай жатканына даттанды:

- Өстүргөн мөмө-чөмөбүздү өткөрө албай убарабыз. Эч нерсе өстүрбөй калдык. Сата албагандан кийин убара болуп эмне кылабыз. Бир жолу түнкү саат үчтө барып, беш кап картөшкөмдү эртең мененки ондо араң өткөрдүк. Кыйналып жатабыз. Эч нерсеси жок эле өтөм десең да документтерди толтуруп эки сааттай турабыз.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну Кундуз Аманбаеванын айтымында, Жамбыл облусу менен чектеш айылдардын калкы буга чейин өстүргөн жер-жемиш, мөмө-чөмөсүн Казакстанга сатып тиричилик кылып келишкен. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Казакстан чек арадагы тартипти күчөтүп, ошондон бери соода солгундап кетти:

- Кыскача айтканда Жамбыл менен тиричилик кылып жашачу элек да. Бизде төө бурчак, калемпир деген өспөйт, биртике картөшкө айдап, үч-төрттөн уй саап, сүтүн алып барып сатчубуз да. Эми эки жылдан бери кыйналып дагы кеттик. Чек ара чечилсе жакшы болмок.

Талас менен Жамбыл облусу чектешкен жерде базар курулаары көп жылдардан бери көтөрүлүп, бирок сөз боюнча эле калып келет. Үч-Коргон айылынын дагы бир тургуну Гүлнара мындай базар ачылса карапайым элге абдан ыңгайлуу болмоктугун айтат:

- Эгерде чек арадагы базар ачылып калса абдан жакшы болмок. Башка мамлекеттин экономикасына каражат бербей, өзүбүздүн мамлекетке түшмөк да. Көп жылдардан бери эле күтүп келе жатабыз муну. Бир кап картөшкө алып өтүш үчүн көп кагаз толтуруш керек. Эгер кагаз толтурбасаң картөшкө эмес, өзүң өтө албайсың.

Мындай арыз-муңдарды уккан өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов чек ара, соода маселеси жакынкы күндөрү чечилээрин билдирди. Анын айтымында, аталган райондун Үч-Коргон айылынан базарга деп 50 гектар жер бөлүнгөн жана 30-май күнү Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушууда ушул маселе да каралат:

- Жакында Үч-Коргон айылынын аймагында базар курабыз. Азыр губернаторго тапшырма берип жатам ушул маселенин үстүнөн иштегиле деп. Бул базар айыл үчүн эле эмес бүтүндөй облус үчүн пайдалуу болот. Жакында Казакстандын премьери Масимов менен жолугуп, бул маселени чечем. Базар ишке кирип калса айылга салыктан да акча түшөт.

Тээ совет доорунан бери Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунун дыйкандары өстүргөн жер-жемишин коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун базарларына алып барып сатып, алыш-бериш менен тирилик кылып келишкен. Бирок 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин коңшу тарап чек арасын бир тараптуу жаап салган. Ошол эле жылдын июнь айында Казакстан Чоң-Капка өткөрүү бекетин ачып, Кичи-Капка бекети ушул күнгө чейин жабык бойдон.

XS
SM
MD
LG