Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Жер байлыгын элге так жумшайлы


Урматтуу мекендештер!

Мен бүгүн Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болгон күнүндө мына мындай маселе боюнча кайрылгым келип турат.

Жаратылыш жараткан Кыргызстандын Жери, Суусу, Абасы ар бир кыргызстандыкка таандык, тең орток. Бул - бирөөнүн жеке менчик жерин же, мамлекет коргоого алган жерлерди басып алуу деген сөз эмес. Бул - Жерден, Суудан, Абадан өндүрүлгөн ар кандай байлык Кыргызстандын элине таандык, тең орток деген сөз. Бул - жалкоолорду, аракечтерди жана башка ушуга окшогондорду бекер багуу деген сөз эмес. Бул – байлыкты жалпы кыргызстандыктарга тепе-тең кылып бөлүп берүү деген сөз эмес. Бул - Жерден, Суудан, Абадан өндүрүлгөн ар кандай байлык элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, акыркы тыйынына чейин так, таза жумшалсын деген сөз. Ал түгүл, учурдагы идеологиянын саясий базасы ушул.

Маселе ушундай коюлганда, жеке менчик ээлери: Биз салык төлөп жатабыз. Элге, мамлекетке тийиштүү энчисин берип жатабыз дешет. Бул чындык. Бирок, жарым чындык. Анткени, салык негизинен жеке өндүрүшчүлөрдөн, ишкерлерден, бизнесмендерден жыйналып жатат. Мамлекет салык гана алсак болду деп, салык алууну башкаруунун негизги рычагы катары карап, өндүрүшчүлөрдүн өндүрүшүнөн, ишкерлердин иштеринен, бизнесмендердин бизнесинен четте калып жатат. Четте калган мамлекеттин максаттары, план, программалары абада калкып калууда. Ошондуктан, жеке өндүрүшчүлөрдү, ишкерлерди, бизнесмендерди, элдин, мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн иштеткен, аны былк эткис мыйзам катары эсептеткен илимий максаттарга, план-программаларга керек болуп жатат. Бул - эскиче, утописттик максаттарга, план-программаларга тоталитардык жол менен зордуктоо деген сөз эмес. Бул образдуу айтканда, жашоонун диалектикасынан ажырагыс, жандуу чындыкка өндүрүшчүлөрдү, ишкерлерди, бизнесмендерди өз эрктери менен аргасыз баш ийдирүү деген сөз. Бул - илимдин, диалектиканын диктатурасынан эч ким качып кутула албайт деген сөз. Бул Жерден, Суудан, Абадан өндүрүлгөн байлыкты элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүү, жумшоо - бүгүн маселенин маселеси деген сөз.

Азыркы учур менин алдыма, ошондой эле сиздердин алдыңыздарда ушундай милдетти коюп жатат. Мындай чараларсыз мамлекет эч убакта күчтүү болбойт. Тескерисинче урайт.

Мамлекетти утописттик, популисттик сөздөр эмес, темирдей эркти, телмирген ойду талап кылган, илимдин - диалектиканын диктатурасына баш ийип иштеген иштер гана алга жылдырат, күчтүү кылат.

Мындан ары, жеке кызыкчылыкты, план-программаны биринчи орунга коюп, элдин мамлекеттин кызыкчылыгын, максаттуу, план-программаларын экинчи орунга жылдырууга жол жок, мекендештер.

Сейит Жетимишев

XS
SM
MD
LG