Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Милиция “Жаңы муунду” дагы кармады


“Жаңы муундун” лидерлерин милиция кармап кетүүдө.15-октябрь, 2014-жыл.
“Жаңы муундун” лидерлерин милиция кармап кетүүдө.15-октябрь, 2014-жыл.

15-октябрда Бишкекте боз үй тигип, ачкачылык кармамакчы болгон “Жаңы муун” кыймылынын акциясын милиция үзгүлтүккө учуратты.

Алар өлкөдө күйүүчү майга жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы ачкачылык жарыяламакчы болгон. Курамы жаш активисттерден турган “Жаңы муун” кыймылына милиция буга чейин да бир нече жолу акция өткөрүүгө мүмкүндүк берген эмес.

Тигилбей калган боз үй

Ачкачылык кармайбыз деп чыккан жаштар 15-октябрь күнү эртең менен Бишкектеги Горький сейил багында боз үй тигип башташкан. Бирок милиция кызматкерлери аларга тоскоолдук кылып, күч колдонуу менен Биринчи май райондук милициясына алып кетишти. Кыймылдын мүчөсү Адил Турдукуловдун билдиришинче, акцияга чыккандарды кармоо учурунда милиция аларга өтө одоно мамиле кылган.

- Белгилеп кетүүчү нерсе, мурун деле бизди милиция кызматкерлери кармап кетип жүргөнүн билесиңер. Бирок анда бүгүнкүдөй күч колдонгон эмес. Бүгүн баарыбызды ур-токмокко алып, шылдыңдап сабашты. Айрыкча машинеге отургузуп, өпкөгө ургулашты. Ушул кантип болсун? Мыйзам боюнча, биз өз укугубуздан пайдаланып, көчөгө чыгып, пикирибизди билдирүүгө болот да.

Кыймылдын мүчөлөрүнүн кармалганын Бишкек шаардык милициясынан да тастыкташты. Аталган мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, кыймыл мүчөлөрү Горький сейил багында уруксатсыз акция өткөрүп, боз үй тигүүгө аракет кылган. Алар мыйзамсыз акция өткөрүп жатканын эскерткен милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Сейитов кыймыл мүчөлөрү Биринчи май райондук милициясына алынып келинип, окуя боюнча түшүнүк беришкенин кошумчалады.

- Алардын акцияга чыкканга уруксаты болгону менен, боз үй тигип же башка нерсе кылганга укугу жок болчу. Булар андай уруксатты Бишкек шаардык мэриясынан алышы керек эле. Алардын болсо уруксаты жок экен, анан милиция кызматкерлеринин боз үйдү тикпегиле деген эскертүүсүн укпай коюшкан. Алгач өздөрү түртүшүп, чагым салуу аракетин кылышкан. Ошондуктан биз кармап келдик, эми сот мыйзам чегинде чечет.

Ошол эле кезде “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү баары мыйзам чегинде болгонун, аларга милиция бийликтин өзгөчө буйругу менен бут тосуп жатканын айтууда. Буга чейин дагы “Жаңы муун” жаштарынын бир нече акциялары милиция жана антимитингге чыккан башка жаштар тарабынан үзгүлтүккө учураган эле.

"Атым чыкпаса, жер өрттөйм" дегендерби?

“Жаңы муун” кыймылынын жаштары акцияларында социалдык көйгөйлөрдү көтөрүү менен бирге, өкмөткө, президент Алмазбек Атамбаевка сын айтып келишет.

Мындай акцияларга каршы болгондор дагы жок эмес. Бишкек шаарындагы көйгөйлөр боюнча өзгөчөлөнгөн акцияларды өткөрүп жүргөн жаш активист Айбек Баратовдун пикиринде, коомдук проблемаларды “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү жеке максаттары үчүн көтөрүп жатат. Ал бул пикирин мындайча бышыктады:

- Жарандык активисттер кылып жаткан бардык иш-чаралар, акциялар коомго пайда алып келип, жыйынтыгы болушу керек. Ал эми бул жаштар өздөрүн пиар кылуу үчүн эле чыгып жатышкандай. Мисалы, майдын кымбатташын президентке көрсөтөбүз деп чыккандан эмне чечилет? Майдын кымбатташына мен деле каршымын, бирок алар менен көчөгө чыкканда эмне пайда? Андан көрө унаа клубдарына кайрылыш керек. Бизде Mercedes, BMW деген унаа клубдары бар. Алар менен биргелешип унаа жүрүш же башка бир массалык акция өткөрүш керек. А булар болсо өздөрүнүн уюмун гана көрсөтүү үчүн аракет кылып жатышат. Мындай кылган жакшы эмес, мен өздөрүн гана пиар кылып жатат деп айта алам.

А бирок “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү мындай пикирлер менен макул эмес. Алар бул сыяктуу сөздөрдү өздөрүн каралоо катары баалашууда.

Социалдык тармактарда акцияга чыккандарды милиция күч колдонуп кармап кетишин кызуу талкуулап, айрым байкоочулар демократиялык өлкөдө мындай көрүнүштөрдүн болушу адам укугуна шек келтирет дешүүдө.

Ал ортодо милиция кармап кеткен акциянын катышуучуларына Бишкектин Биринчи май райондук соту административдик жаза катары 500 сомдон айып салганы маалым болду.

Ушул жылдын 9-июнунда "Жаңы муун" өкүлдөрү өткөргөн "Тезекпром" акциясы. Анда да анын катышуучуларын милиция кармап кеткен.
"Тезекпром" акциясы үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:11 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG