Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Формасы да, атаандашы да жок хоккейчи кыздар


Хоккейчи кыздардын машыгуу учуру.
Хоккейчи кыздардын машыгуу учуру.

Кыргызстандагы хоккей спорту кыздардын жалгыз командасы быйыл да мелдештерге катышпай калганы турат.

Үч жылдан бери туруктуу машыгып келе жаткан кыздар машыга турган атайын формага муктаж. Швейцариядагы кыргыз диаспорасы аларга атайын форма камдаганы менен, аны алып келүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатыптыр.

Нурайым Кенжебаева 16 жашта. Конькини мыкты тепкен кыз мындан бир жыл мурун айылдагы кыздардын хоккей командасына кошулган. Азыр ал 21 кыздан турган топтун капитаны. Нурайым келечекте кыздар арасында хоккей боюнча биринчи машыктыруучу болгусу келет. Ысык-Көлдүн Отрадное айылындагы бул кыздар Нарын шаарында өткөн мелдештерге гана барган. Спорттук экипировкалары жок болгондуктан чоң мелдештерге чыга албай жатышканын айтты:

- Мисалга бизде тизекап, беткап, каскалар аз-аздан бар. Оюнга чыкканда бири-бирибизге берип турабыз. Башка кийген касканы машыктыруучубуз алып келип берген. Биздин командада бир эле Сезимдин толук формасы бар, бирок мага анын формасы батпайт.

14 жаштагы Сезим Доктурбаева болсо агасынан калган форманы аяп кийип жүрөт. 21 кыз ойногон командада 6 шайба жана 8 гана клюшка бар. Ушундай абал менен алар былтыр Хоккей федерациясы уюштурган мелдешке барып, эркек балдар менен курама командада ойноп келген. Сезим менен кошо барган дагы төрт кыз оюнга формасы жоктугунан улам катыша албай калган экен.

- Команда боюнча менин эле формам бар, ал да агам шаарга окууга кеткенден кийин мага калган. Ошол форманы кийип эркек балдар менен Бишкекте «Локомотив» деген команданын курамында ойноп келдим. Негизи форма кымбат да, аны мен аяп кийем.

Команданын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов башында эркек балдарды машыктыра баштап, кийин кыздардын кызыгуусу артканын көрүп, алардын командасын түзгөн. Ал өжөрлүгү менен Ысык-Көл облусуна таанылган спортчу кыздар колдоого муктаж деп эсептейт. Бирок айылда жумушсуз отурган ата-энелер кыздарына баасы 20 миң сомдон кем эмес форма алып берүүгө дарамети жетпей турганын эске салды:

- Бул клюшканы Хоккей федерациясынын вице-президенти Марат байке акчасын салып алдырганбыз. Оюнга жаңы келген кыздар үчүн жарайт. Бирок көп машыгып келе жаткан кыздар муну бир чаап эле сындырып коюшат. Команданын капитанына мурун колдонулган, сынган эски клюшканы 5 миң сомго алып келип бергем. Негизи кийиз оронуп, фуфайка кийип, сеткадан бет кап жасап, ал түгүл куруучулардын каскасын кийип алып оюн талаасына чыкчубуз.

Былтыр оюнчулардын кабарын уккан Швейцариядагы мекендеш кыздар командабызга деп хоккейчилердин кийилген формаларын чогултуптур. Бирок машыктыруучу аны Кыргызстанга алып келүү кыйын болуп жатканын айтты:

- Эгер бизде 2700 евро болсо биз Москвадан барып өзүбүз эле жаңысын сатып алмакпыз да. Бишкекке Латвиядан да мелдешке, Бишкектин мэринин кубогуна оюнчулар ата-энелери менен келишкен. Алар менен жакшы мамиле түзүп алганбыз, алар да «форманы силерге деп чогултуп койдук, бирок жибере албай жатабыз» дешти. Негизи биздин кыздар командасына атаандаш боло ала турган кыздардын командасы Кыргызстанда жок. Бирок биз деле атаандаш таап, мелдешке чыккыбыз келет.

Айылдык кыздардын хоккей командасы күндө машыгып турат. Эми кар жаап, суук түшсө айылдын четине муз куюп, кызуу даярдык башталат.

Былтыр кыздар машыктыруучусу менен бирге 70 сотых жерге картөшкө айдап, андан түшкөн каражатка форма алабыз деп үмүттөнгөн. Кашайып быйыл да картөшкөнүн баасы чыкпай, кыздардын эмгеги акталбай калган. Ал эми жергиликтүү бийлик жаш спортчуларды колдоого ашыкчы каражат жок экенин билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG