Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Жыйын учурунда депутат Мирлан Жээнчороев Саймаитинин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиядан чыкканын жарыялады.

Аида Исмаилова: ОРТ тапшыруу алтын тамга менен өтөт. Ачык жерде өтпөйт. Алдын ала имараттардын баарын даярдап бүттүк. Санитардык талаптарды сактоо менен өтүшү керек.

Аида Касымалиева: Бир дагы программада техникалык түшүнүк жок. Ошондуктан кылчактабай иштөөгө чакырам. Кечээ COVID-19 деген алгоритм чыкты. Эгер симптомдору жок болсо үйдө эле калсын деген. Себеби, ооруканага барганда ал мамлекетке да оорчулук алып келет. Бирок ал иштеген жок. Азыр мага көп адамдар кайрылат. Симптом жок обсервацияда жатабыз, дарылоо деле жок деп. Ал жерден үч маал тамак, жөн эле жатабыз, андан көрө үйдө, изоляцияда болсок дешүүдө.

Кубатбек Боронов: ​Андан дагы катуу чаралары көрүүнү карап атабыз. Вирусту алып жүргөндөр жуктуруучу да болуп жатышат. Кечээ штабдын жыйынында караганбыз. Аларды ким карайт, участкалык милициябы же участкалык дарыгерби деп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG