Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Жогорку Кеңештен түз эфир

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат.

Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка сунушталган Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады. Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Боронов 16-июндан бери премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турат.

Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун, өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаиловдун талапкерлиги сунушталууда. Калган вице-премьер-министрлер, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алып, ошол эле күнү аны кызматынан бошоткон.

Кубатбек Боронов: Азыркы мезгилдеги экономикалык кырдаал тышкы карызды тейлөө маселелерин чечүү жолдорун табууну мажбурлап жатат. Кредиторлордун Париж клубунун мүчөлөрү - Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония Кыргызстандын карызын убактылуу токтотуп турууга макулдугун берди. Кытай тарап менен карыздын айрым бөлүктөрү боюнча, президентибиз баш болуп, бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жерде дагы сүйлөшүүлөр бизге ылайыктуу жыйынтыктарды берет.

Руслан Казакбаев: Коронавирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатат. Ошон үчүн ооруканаларда койкалардын санын көбөйтүүнү сунуштайм. Экинчиден, күздө келе жаткан шайлоо. Элде бир руханий силкинүү болушу мүмкүн. Ошого даяр болуңуздар.

Кубатбек Боронов: Эл арасында коронавирусту жугузуп алгандарды 70% симптомсуз алып жүрүүчүлөр болууда. Ошон үчүн биз эл аралык рейстерди ачууну ойлонуп турабыз. Алгоритмдерди түзүп атабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG