Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Дастан Бекешев: Кечээ түрмөдө жаткан Эмил Кимсановдун сабалганы боюнча видео тарады. Ал мурда Бажы кызматынада иштеген. Кылмыштуу топтор жоюлмайынча, бул көрүнүштөр токтобойт. Кимсановдун видеосуна кандай реакция болот? Премьер-министр болуп атасыз, эми тойлорго катышпай жакшы иштесеңиз. "Тойго барды, самсы жеди" деген сөздөрдү укпайлы.

Кубатбек Боронов: Биз карантинди убагында киргизгенбиз. Бирок баарын эле бекитип отурганга шарт жок. Экономиканын абалын көрүп турасыз. Эл азыр санитардык талаптарды сактабай жатат. Бирок дагы эле болсо элге жетпей жатат. Эң жаманы кээ бир жарандарыбыз "коронавирус жок" дегенге өзү эле эмес, башкаларды да ишендирип жатат.

Карамат Орозова: Соңку кезде үй-бүлөлүк зомбулук көп катталууда. Үй-бүлө сакталмайынча, мамлекет сакталбайт. Көп мектептер авариялык абалда. Ал бир күнү урап калса эмне болот?

Төрөбай Зулпукаров: Кээ бир саясий күчтөр шайлоодо кырдаалды күчөтүүгө аракет кылышы керек. Силер буга даяр болушуңар керек. Бир дагы партияга басым көрсөтпөй иштеп кете аласыңарбы?

Кубатбек Боронов: Кечээ президент Сооронбай Шариповичтин кабыл алуусунда болдук. Ал киши дагы шайлоону таза өткөрүп берүүнү суранды. Принципиалдуу түрдө биз таза шайлоо өткөрүп беришибиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG