Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Абитурент-2009: Акчага жараша кесип


Быйыл Ош облусунда 15 миңге жакын окуучу мектепти аяктады. Жогорку окуу жайларга кирүү үчүн улуттук тестирлөөгө алардын ичинен беш жарым миңи катышкан. Мектеп бүтүрүүчүлөрү келечек кесибин кантип тандашат?

Абитурент Самат атасынын кеңеши менен эми күздөн тарта «Экономика жана Бизнес» факультетине студент болооруна ишенет.

- Мени ата-энем бизнес багытында билим ал дешти. Себеби атам банкта иштейт. Мага кийин жардам берем деди. Өзүм да ушул багытта шыктуумун деп ойлойм.

Бирок бардык эле абитуренттердин ата-энелери бизнес менен шугулдана беришпейт. Кара-Кулжа районунун тургуну Сабира айым кесип тандоодо ата-эне менен бала чечиминен дагы «каражат» маселеси маанилүүрөөк экенине көңүл бурду.

- Сөзсүз капчыкка караш керек. Контрагы кымбат окуу жайга окуткан менен, аны беш жыл кантип окутабыз?

“Азаттык”: - Сиз быйыл мектепти бүтүп жаткан балаңызды окууга өткөрүү үчүн кантип даярданып жатасыз?

- Балама деп болгон акчаны топтоп жатабыз. Азыр баары бир «шапкасыз» өтпөйт да. Биринчи орунга ушуну коюшубуз керек.

Буга чейин үч баласын жогорку окуу жайда окуткан Калипа апа дагы престиждүү окуу жайды же адистикти көздөгөн уулдарын “Башка кесипте билим алып деле депутат, президенттикке чейин жетсе болот” деп жубатып койчу.

- Ата-эне балдарыбыздын чоң кызматтарда иштешин, ойубузда профессор болушун каалайбыз да. Жадагалса кызыгуу болсо, президент дагы боло алышат да.

Анткен менен кайсыдыр бир кесипти тандоодо сөзсүз эле акча каражаты эмес, баланын жактырган адистиги ата-энеге да жагышы керек. Мектеп бүтүрүүчүсү Данияр спортчу болгусу келгенине карабай, апасы “кирешелүү кесип” деп милиция болууга көндүргөн экен.

- Мен азыр спорт менен машыгам. Дене-тарбия факультетине тапшырайын дегем. Бирок апам милиция мектебине барасың деп жатат. Апамды укпасам болбойт да.

Ноокаттын тургуну Аманбек ага өз үй-бүлөсү менен кеңешип, мектепти орто баа менен аяктап жаткан тун уулун да окуу жайга окутууну чечишкен. Ата-эне дагы, бала дагы азыр кайсы кесипти аркалай турганын азырынча сүйлөшө элек. Бул үй-бүлө колу жука болсо да, эл катары баласын окутса, айылдаштарынын алдында жүзү жарык болот деп эсептейт.

- «Шапке» деп коюшат экен. Анысын да берүүгө даярмын. Балам үчүн кайдан болсо да акча табам, бир тонна картөшкө сатып болсо да окутам.

“Азаттык”: - Балким балаңыз контрагы жогору окуу жайга окууну көздөп жүргөндүр?

- Анда балама арзаныраак эле окууну сунуш кылам. Мисалы, контрагы 30 000 сомдук кымбат окуу жайларга мен кантип акча төлөйм? Малымды эмес үйүмдү сатсам да жетпейт. 10 000 сомго жетпеген контрак болсо окутам. Жөнөкөй кесиптер бар го, маселен - мугалимдик.

Ошентип Аманбек ага сыяктуу балдарын окууга өткөзүү алдында турган ата-энелердин басымдуу бөлүгү азыр алгач баласынын жндөмүнө карап кесип тандабай, эң оболу каражат чогултканга киришкен учуру.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG