Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

“ТАНДЕМ” тамаша тобунун күлкү кечеси


Бүгүн Бишкекте куудулдар Назира Жетигенова менен Жакут Сыдыковдун тамаша кечеси өтөт.

“Тандем” тамашасы куудул Жакут Сыдыковдун идеясы менен түзүлгөн. Башкача айтканда, эки куудул Рахман Разыков уюштурган “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” фестивалында биргелешип сатира ойношуп, ошондон кийин чогуу иштөөнү чечишкен. Андан бери бир жыл убакыт өтүп, мына ушул убакыт аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгын көрсөтүү максатында концертти өткөрүүнү чечтишкен. Назира Жетигенованын айтуусунда, концертте ойнолуучу тамашалардын дээрлик көпчүлүгү жаңы сатиралар:

-Ал сатираларда мен көбүнчө эркектин ролун ойнойм. Алсак аскер кызматкеринин, жиндинин образын жаратам. Ойнолчу интермедиялар бири-бирине окшобогон тамашалар деп айтат элем.



Назира Жетигенова март айынын башында өткөн “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” күлкү фестивалында “Дыңкы жеңе” аттуу сатираны ойноп, көрармандардын берген добушу менен Гран-прини жеңип алган. Концертке келген көрөрмандар мына ушул тамашаны да көрө алышат. Ал сатираны ырчы Мерген Турган менен ойноп берет деп билдирди Жакут Сыдыков:

-Мерген Турган Назира эже менен чогуу сатира ойноп, жакшы өнөк болуп берди. Эми бүгүнкү концертте да ушул тамашаны ойногонго жардамдашат. Андан сырткары бир катар тамашаларда кыздын ролун ойноп берет.

Келечекте куудулдар топтун “Тандем” атын өчүрүп, башка ысым ыйгарууну көздөшүүдө. Андыктан мына ушул концертте атайын сынак уюштурулуп, жакшы ат коюп берген көрөрманга атайын байге ыйгарылат.

Келерки жумадан тарта куудулдар Ош, Жалалабат дубандарын кыдырышат. Андан соң Кыргызстандын башка аймактарына гастролго чыгышат. Алар ошондой эле келечекте кинокомедияга тартылууну көздөшүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG