Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Түштүктөгү коогалаң композиторлордун чыгармаларында


Асанкан Жумакаматов атындагы Академиялык симфониялык оркестр.
Асанкан Жумакаматов атындагы Академиялык симфониялык оркестр.

14-декабрда Улуттук филармонияда кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерт дирижер Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин коштоосунда тартууланды.

Өнөр адамдарынын пикиринде Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки он беш жылдан ашуун мезгилден бери ар түрдүү себептер менен Композиторлор биримдиги тарабынан мындай концерт уюштурулбай келген.

Мамлекеттеги саясий, экономикалык абал, Бишкектеги апрель окуясы, июнь айында Ош, Жалал-Абаддагы коогалаң кыргыз композиторлорун да кайдыгер калтырган эмес. Алар замандын оош-кыйышына моюн сунбай элдин кайгысын тең бөлүшүп, келечектен жакшылыкты тилеп, мыкты музыкалык чыгармаларын жараткан.

Айша Кудайбергенова
Улуттук филармонияда Композиторлор биримдиги уюштурган концертте композитор Акимжан Жээнбаевдин жаңы жазган "Аза" аттуу симфониялык поэмасы түштүктөгү кайгылуу окуяны чагылдырса, Совхозбек Айтикеевдин "Апрелдин тизмеси" симфониясы Бишкектеги кан төгүлгөн апрель окуясынын кайгы-муңун, элдин зарын оркестр аркылуу угузду.

Ал эми композитор Таалай Доороновдун фортепиано жана оркестр үчүн жазган №2 концерти муңканган кайрыктарга толуп, трагедиялык образды жараткан. Аны президенттик "Алтын шаты" балдар музыкалык академиясынын 7-классынын окуучусу эл аралык кароо-сынактардын лауреаты Айша Кудайбергенова фортепианодо зор чеберчиликте аткарды.



Ошондой эле кыргыз композиторлору замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арнап симфониялык чыгармаларды, хорлорду да жазышкан.

Композиторлор биримдигинин жетекчиси Турдубек Чокиевдин “Чыңгыз атага кошок” деген балладасын элдик үлгүдөгү “Ак шоола” балдар хору симфониялык оркестрдин коштоосунда тартуулады. Ырдын аталышы айтып тургандай, бул чыгармада даңазалуу уулуна энелердин кошогу муңдуу чыгып, балдардын жүрөк сыздаткан ачуу үнү сызылып чыгат.



Концертте таланттуу композитор Муратбек Бегалиевдин “Майрамдык увертюрасы”, Кубаныч Осмоновдун Чыңгыз Айтматовго арнаган “Жылдыздар” симфониясы, Жылдыз Малдыбаеванын кыл аспаптар үчүн сюитасы, Владимир Романдын драматург Мар Байжиевдин “Төрт адам” пьесасынын негизинде жазган “Эрөөл” балетинен үзүндү ойнолду.

Композитор Кенжагазы Асанбаевдин “Каныкей” симфониялык поэмасы камералык хордун коштоосунда энелердин арманын, бейпилдикти, тынчтыкты тилеген тилектерин чагылдырып, "адам баласына бүлүк түшүргөн каргашалуу согуш алааматы болбосун" деген ураанды туйундурат.

Ленинград курчоосунда элди музыка сактап калган

Композиторлор биримдигинин жетекчиси Турдубек Чокиев өлкөдөгү саясий, экономикалык абалдан, мамлекеттин маданиятка болгон салкын мамилесинен улам жалпы кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концерт он беш жылдан ашуун убакыттан бери коюлбай келгенин белгиледи.

Турдубек Чокиев
Ал Улуу ата мекендик согуш учурунда Ленинград 300 күндөн ашуун душмандардын курчоосунда калганда Шестоковичтин “Кыркынчы симфониясы” элдин духун көтөрүп, ачкачылыктан сактап, жеңишке үндөп, руханий дем бергенин мисал келтирип, мамлекет да идеологияга ар түрдүү багыттагы кыргыз музыкасын колдонуу зарыл деп эсептейт.

- Жыйырма жылдан бери телерадиодон жеңил-желпи, мааниси жок эстрадалык ырларды бере берип угармандарыбыздын табити бузулду. Бир муунду жоготтук. Жеңил-желпи музыка адамдын психикасына кадимкидей таасир берип, ой жүгүртүүсүн, кулк мүнөзүн өзгөртөт. Руханий байлыгы жакырланат. Мына азыр деле уучубуз куру эмес. Кыргыз композиторлору элди, жерди даңктаган опера, кантата, симфония, хорлорду жазып жатышат. Бирок аны оркестрге салууда, концертке алып чыгууда каражатка келип такалып, нотада жазылган боюнча калып калды. Мына ушундай чоң жанрларды мамлекет каржыламайын аны эл алдына алып чыгуу кыйын.

Турдубек Чокиев ошондой эле Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов музыкасын жазган Кыргыз Республикасынын гимнинин түп нускасындагы ноталар алигүнчө көбөйтүлбөгөнүн, айрым учурда гимндин музыкасы туура эмес ойнолуп жүргөнүн кошумчалады.

Таланттар жер кезип тарап кетти

Ал эми Асанкан Жумакаматов атындагы Академиялык симфониялык оркестрдин башкы дирижеру Рахат Осмоналиев музыкалык аспаптар эскиргенин, таланттуу музыкант жаштар чет өлкөлөргө кетип жатканына жаны кейип, өкүнгөнүн жашырган жок.

Рахат Осмоналиев
- Өлкөдөгү экономикалык абалдан улам музыка тармагы эле эмес, жалпы маданият тармагы оор кризиске келип такалды. Мисалы мына биздин академиялык оркестрде кадрлар жетишпейт. Бизде профессионалдык деңгээли бийик, таланттуу музыкант кыздар, жигиттер айлык маянанын аздыгынан, жашоо шартынын начардыгынан чет мамлекеттерге иштеп кетишүүдө. Жаш таланттарды сактап кала албай жатканыбызга абдан өкүнүп турам.

Маэстронун пикиринде кыргыз композиторлору мыкты чыгармаларды жазганы менен калем акысы (гонорар) төлөнбөй, симфониялык оркестрге жаздыруу, телерадиого чыгаруу үчүн каражаттары жоктугунан улам ал чыгармалардын ноталарын чаң басып текчелерде турат.

Унутта калган кыргыз классиктеринин чыгармалары жаңырды

Кыргыз композиторлорунун концертинде улуу композитор Мукаш Абдыраевдин романсын Кыргыз эл артисти Талгар Жакшылыков аткарып, “Ильястын аңгемеси” деген симфониялык поэмасы аткарылды.

Зор талант Калый Молдбосановдун “Манастын кошууну” аттуу симфониялык картинасы жаңырганда, Манастын кырк чоросунун дүбүртү угулуп, урпактарын алдыга, бийиктикке сүрөгөндөй болду.

Кыргыз классиктери Таштан Эрматов, Аскар Түлеевдин да симфониялары оркестрдин коштоосунда жаңырды.

"Бурулчанын селкинчек, бурбай теппей, мындай теп"

Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун доценти Калдыбек Нурматов даярдаган атактуу композитор Насыр Давлесовдун “Селкинчек” деген хорун камералык хор зор чеберчиликте аткарды



Улуттук флармониянын сахнасында кыргыз классиктеринин, таланттуу композиторлорунун чыгармалары шаңдуу чыгып, симфониялык оркестр зор чеберчиликте аткарганы менен залда көрүүчүлөр өтө аз болду.

Ал эми композиторлор биримдигинин маалыматына караганда, келерки жылдын башында хор жанрынын, элдик аспаптар оркестринин чоң программадагы концерттик программасы тартууланып, жылына эки маал жазында жана күзүндө кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган классикалык музыканын концерт уюштурулуп турат.

“Ак шоола” балдар хору
Кыргызстан композиторлор биримдиги (союзу) 1939-жылы түзүлгөн. Анын алгачкы мүчөлөрү, башатында Абдылас Малдыбаев турган, Орусиядан музыкалык маданиятка көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген В.Власов жана Фере, П.Шубин менен катар элдик музыканттар М.Күрөңкеев, К.Орозов, А.Огонбаев, Ж.Шералиев, М.Баетов сыяктуу залкарлар киришкен.

Бул уюмдун түптөлүшүнө улуу муундагы А.Малдыбаев, А.Тулеев, С.Медетов, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, Т.Эрматов, Ч.Жумаканов, А.Жаныбеков сыяктуу композиторлор салым кошуп, алардын ысымдары кыргыз музыка тарыхында өчпөс болуп алтын тамгалар менен жазылып калды.

Учурда орто муун делген Э.Жумабаев, А.Мурзабаев, В.Роман, Ж.Малдыбаева, М. Бурштин, А.Жээнбай, К.Асанбаев жана башкалар музыкалык маданиятка зор үлүштөрүн кошуп келсе, алардын көчүн улап келаткан М.Бегалиев, С.Бактыгулов, Б.Алишеров, Т.Дооронов жана башка талантуу композиторлор мыкты чыгармаларды жаратып келет.

Учурда Кыргызстан композиторлор биримдигинин (союзунун) элүүгө чукул мүчөсү бар.
XS
SM
MD
LG