Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Коррупцияга каршы күрөш: ким кимден үйрөнөт?


"Өңүт" программасында коррупцияга каршы Кыргызстанда жүрүп жаткан күрөш дүйнөлүк тажрыйбанын өңүтүндө талданат.

17-февралда Германиянын президенти Кристиан Вульф өз эрки менен кызматтан кетти. Ал муну “элдин ишеничинен чыкканы” менен түшүндүрдү.

Президент Вульфка байланышкан жаңжал Германияда былтыр декабрда башталган эле. Bild деп аталган басылма 2008-жылы Вульф мырза 520 млн.еврого бааланган үй сатып алып, ал үчүн аяшынан төмөндөтүлгөн үстөк акысы менен карызга акча же ипотека алганын таап чыкты. Адатта, кредит Германияда жылдык үстөгү 6% тегерегинде берилип жатса, Вульф ипотеканы болгону 1% жакын деңгээлде алган экен.

Кристиан Вульф кызматтан кеткени тууралуу билдирүүдөн кийин, Берлин, 17-февраль, 2012
Кристиан Вульф кызматтан кеткени тууралуу билдирүүдөн кийин, Берлин, 17-февраль, 2012
Буга нааразы болгон немис журналисттери менен оппозициясы: “Полисмен “Макдонадлстан” бекер гамбургер алганы үчүн кызматтан кеткен өлкөдө жеңилдетилген ипотека алып, учакта кошумча акча төлөбөй эле бизнес-класска отурган саясатчыга орун жок” деп чыгышты.

Баарынан да немис президенти үчүн эң оор соккуну кайра эле жанагы басылма “Кредит тууралуу макала чыкканга бир күн калганда президент биздин редакцияга катуу басым жасаганга аракет кылды” деп жарыялоо менен ургандай болду. Бул билдирүүдөн кийин Германияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо элдин 84% президенттин чынчылдыгына ишенбей калышканын айтышкан.

Германиядагы соңку окуя өнүккөн демократиянын өлкөсүндө коррупция боюнча айып канчалык оор деп таанылаарын даңазалагандай болду. Бул окуя коррупцияга күрөштү жаңы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “башкы душманы” деп атаган Кыргызстанда чуулгандуу бир топ окуялар өнүгүп жаткан учурга туш келди.

Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү президенттигинин башкы приоритети катары атап жүрөт
Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү президенттигинин башкы приоритети катары атап жүрөт
Өткөн аптада Бишкекте Башкы прокуратура парламентке кайрылып, “Республика” франкциясынан депутат Исхак Пирматовго кылмыштык тергөө жүргүзүш үчүн аны депутаттык кол тийбестик мандатынан ажыратууну сурады. Ушуга окшогон сураныч эми “Ата-Журт” франкциясынан үч депутатка каршы да жиберилиши мүмкүн болуп турат. Германияда да өткөн аптада Ганновердин прокуратурасы парламентке ушундай эле арыз менен кайрылган болчу. Бирок ага жеткирбей эле президент өзү кызматынан кетти.

“Азаттыктын” “Өңүт” программасында бул ирет Германияда президенттин кызматтан кетиши боюнча Айнура Жекше кызы Германияда жашаган италиялык журналист Стефано Грациоли менен маектешет.

Сиздер Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн саясий жана экономикалык өңүттөрү тууралуу Кубанычбек Жолдошевдин серебин да уга аласыздар.

Ошондой эле, канткенде жемсөөлүккө каршы күрөш жемишин бериши мүмкүн экени тууралуу Transparency International эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Акматжанова менен кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун маеги да камтылган.
"Өңүт" программасын толугу менен бул жерден угуңуз.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG