Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Дубнов: Атамбаевдин аянттагы сөзү катуу чыкты


Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Кечээ Бишкекте болгон окуяны кимдир бирөөлөр жер караткан жаңжал деши мүмкүн, бирок мен аны президенттин деңгээлиндеги кайгылуу тарых деп атаар элем.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жаткан кезде, экс-президент Роза Отунбаева башты бийик көтөрүп басып кетти.

Күтүүсүз мындай көрүнүшкө Бишкекте аккредитациясы бар чет элдик элчилер эле эмес, телевизор тиктеп отурган бүтүндөй өлкөнүн жашоочулары күбө болушту.

Дал ушул учурда Атамбаев такалбастан Кыргызстанда “башаламандык” жана “хаОс” уюштурган атаандаштарын сындап жатканы угулуп жатты.

Президенттин бул сөздөрү көбүнчө 2011-жылы ага бийликти өз колу менен өткөрүп берген Отунбаевага багышталды.

Ичинен кайнап жүргөн окшойбу президент бир нече жылдан берки бугун төгүп алгандай болду. Көрсө Отунбаева 2010-жылы Бакиев тактан кулагандан кийин мамлекет башына легитимдүү жол менен келбептир. Бирок ал ошол кезде “революциянын” өзү баштаган лидерлери Убактылуу өкмөттү жетектөөгө жоопкерчилик алууга даабаганын, бул милдетти арасындагы жалгыз аял аркалаганын унутуп койду.

Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттөгү мурдагы кесиптештеринин Баш мыйзамды шашылыш өзгөртүү талабына каршы чыгышы Атамбаевдин ачуусун келтиргендей.

Президенттин мурдагы кесиптештери парламент Баш мыйзамга 2020-жылга чейин “тийишкенге” акысы жок экенин айтышууда. Бирок Атамбаев Конституцияны референдум аркылуу өзгөртүү үчүн бул табуну кыйгап өтмөй болду.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, сотто ишин адилет териштирүүгө чакырганы президенттин кадамын тездеткендей.

Бишкек күмөндүү тышкы “насаатчыны” токтотууну чечип, эл аралык мыйзамга негизделген улуттук Баш мыйзамдан айрым бир беренелерди алып салмай болду. Муну менен катар премьер-министрдин ыйгарым укугун күчтөндүрүү демилгеси, "Атамбаев 2017-жылдын аягында бийликтен кеткен соң бул орунду ээлеп, өлкөдөгү бийликти узурпациялайт" деген шектенүүнү күчөттү.

Кечээги майрамда сүйлөп жатып Атамбаев бул шектенүүнү референдумга каршылардын «ич күйдүлүк менен жек көрүүдөн» пайда болгон «калпы» деп атады. "Акаевдин жана Бакиевдин куйруктары", «сасык саясатчылар», «уурулар», «грант жегичтер», «жазмакерлер» президентти каралап, жаманатты кылууда деди.

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет”, - деди президент, бир кездеги санаалаштарын айбанга теңеп. Эгемен Кыргызстандын, качандыр бир кезде “Борбор Азиядагы” демократия аралчасы” деп аталган өлкөнү башкарган адамдын майрамдык сөзү ушундай болду.

Мамлекеттин ар-намысын белгилүү кыргыз саясатчысы, Убактылуу өкмөттү жетектеп тургандагы досу, азыркы Баш мыйзамдын «атасы» катары таанымал Өмүрбек Текебаев коргоп чыкты.

«Президент өзүнүн жаратмандык миссиясын аткара алган жок. Эркектер тууралуу айтса мейли эле. Бирок ал экс-президент Роза Отунбаеваны да алдамчы, мыйзамсыз шайланган деп айтты», - деди Текебаев парламентте сүйлөп жатып.

Текебаев президенттин өз дарегине айтылган орой сөзүнө териккен жок. Атамбаев сүйлөп жатып анын да фамилиясына асылып, «биздин эл эчкини ээрчип касапканага кирген кой эмес» деген эле.

Кыргыз демократиясы жана анын төбөлдөрү ушундай. Даражалуу адамдар балага окшоп бири-бирин жамандап, сасык деп отурушат.

Мындай нерсе 25 жыл ичинде Бишкекте бат-бат кайталанып турган, бирок ушул ирет президент Атамбаев катуу балп эттирди.

Аркадий Дубнов, Борбор Азия боюнча эксперт. Автордун тексти анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG