Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
17:07 13.4.2013
Айбек Сарыгул, Кыргызстан-Түркия достук жана маданият Кеңешинин төрагасы:

3-5-май күндөрү Түркиянын Бурса шаарында кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхына арналган чоң симпозиум өткөргөн жатабыз. Кыргызстандан 28 профессор, доценттер келишет. Кыргыздар менен түрктөрдүн Энесай доорунан берки карым-катнашы, байланыштары изилденип, кыргыз жана түрк тилдеринде китеп чыгарабыз. Жыл сайын бизнес форум өткөрүп, кыргыздарга Түркияда, түрктөрдү Кыргызстанда ишкерлик кылууга кызыктырууну максат кылып келатабыз.
22:09 12.4.2013
Эртең үч секциянын атынан жалпы чогулушта бирден өкүл чыгып сүйлөп, ар бир секцияда орток резолюцияга кандай сунуштар жасалганы айтылат. Талкуудан кийин орток резолюция кабыл алынат. Кечинде Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Германияда жашаган кыргыз музыканттары Нури Садыгаалы жана Тимур Бектурган концерт беришет.

Тимур Бектурган Ысыев, Венера Сагындык кызы, Махабат Авашова, Нури Садыгаалы - Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин бүтүрүүчүлөрү Сан Маринодогу форумда
Тимур Бектурган Ысыев, Венера Сагындык кызы, Махабат Авашова, Нури Садыгаалы - Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин бүтүрүүчүлөрү Сан Маринодогу форумда
21:32 12.4.2013
Сан-Маринодо Кыргыз диаспораларынын II форуму өтүүдө. Эртең иш-чара уланат.

Форумдун катышуучулары
Форумдун катышуучулары

Кичинекей Алима апасы менен
Кичинекей Алима апасы менен

Форумдун катышуучулары
Форумдун катышуучулары

Форумдун коноктору: Чынара Капарова, Тимур Бектурган Ысыев, Махабат Авашова, Саламат Садыкова
Форумдун коноктору: Чынара Капарова, Тимур Бектурган Ысыев, Махабат Авашова, Саламат Садыкова
Форум өтүп жаткан мейманкана
Форум өтүп жаткан мейманкана

Форумдун башкы уюштуруучусу Жанатбек Шаршеев:
Жанат Шаршеев: Форумдун күн тартиби тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00
21:20 12.4.2013
Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова: Чет жерде кыргыздын билимдүү жаштары көбөйүптүр

Cаламат Садыкова кызы Махабат Авашова менен
Cаламат Садыкова кызы Махабат Авашова менен

"Азаттыктын" кечки берүүсүндөгү түз ободо маек

- Курултайга келип калышымдын бир себеби Kyrgyz club эл аралык бирикмеси тууралуу мурдатан кабардар элем. Фейсбук өңдүү социалдык тармактар аркылуу аны Айбек Хакимов аттуу жигит жетектерин да билчүмүн. Kyrgyz club аркылуу кыргыздын жаш, жаңыдан өсүп келе жаткан өнөрпоздору АКШга, Европага чыгып жүрөт. Мамлекеттин маданият тармагында иштеген адам катары бирикменин иш-аракетине кызыгып, сыртта жүрсө да эл үчүн күйүп-бышкан жаштар менен таанышууга өзүм дагы абдан ынтызар болчумун.

- Бул жакка келүүмө залкар акыныбыз Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева да себепчи болду. Ага ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү Сан-Маринодо өтүп жаткан форумдун уюштуруучусу Жанатбек Шаршеев да “эжеке келиңиз, сиз келсеңиз абдан кубанабыз” деген жакшы чакыруу жиберди.

- Адегенде Болонья деген шаарга учуп келдик. Жол азабы оңой эмес да, кичине чарчап-чаалыга түшкөн экенбиз. Бирок, Италияны, Сан-Маринону көргөндө көңүл сергип, жан дүйнө тазара түштү. Италия кантсе да классикалык музыканын, бийик искусствонун мекени эмеспи. Адамдары да, көчөлөрү да бир башкача. Жашагың келип, жашоону сүйгүң келип кетет экен, атаңдын гөрү! Чет жерден кыргыздарды көргөнгө да бир башкача сезимге бөлөндүм. Мындан он жыл мурдагыга караганда сыртта жүргөн мекендештер ирденип калганын, билимдүү да, сымбаттуу да, сөөлөттүү да жаштардын көбөйгөнүн көрүп, жетине албай турам. Кыргызыма кут болсунчу ушул майрам!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG