Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Сырттагылардын бир тобу добуш бере албай калды


Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.
Бишкектеги бир добушканадан көрүнүш, 10-октябрь.

Парламенттик шайлоодо четте жүргөн кыргызстандыктар БШКнын “күтүүсүз чечиминин айынан” добуш бере албай калышты.

Себеби дүйнөнүн чар тарабында жашаган, иштеген кыргыз жарандарына жаңы талаптар жөнүндө маалымат убагында айтылган эмес.

“Кошумча тизменин” кошумча проблемалары


Ренат Алибеков
– Түркиянын Бурса шаарында жашаган кыргыз жараны. Ал жакында эле окуусун бүтүп, эми инженердик дипломун күтүп турган чагы. Ренат 10-октябрь күнү шайлоого катышыш үчүн Стамбул шаарындагы Кыргызстандын консулдугуна Бурсадан жөнөгөн 45 жакын студент менен бирге барды. Алар автобус менен үч жарым саатта гана жетишти.


Стамбул

“Анан эле келсек, ал жерде бизди сюрприз күтүп турган экен, - дейт Ренат. – Жарымыбызды тизмеден таппай коюшту. Анын үстүнө, биз ал жакка “Чет өлкөдө жүрөбүз го” деп, чет мамлекетке чыкчу паспортубузду гана алган элек. Көрсө, аны менен добуш бере албайт деген талап чыккан экен. Анда эмне үчүн бизге алдын ала айтып коюшпайт? Андан калса, биз Түркиянын жогорку окуу жайында расмий окуп жаткандан кийин, эки өлкөнүн билим берүү органдарында деле биз жөнүндө маалымат бар эле да. Бир канча сааттык жолду басып, атайын бардык - добуш бергенге мүмкүнчүлүк берип коюшса болмок”.

Ошентип, Ренат менен кошо 25 студент добуш бере албай калышты. Булар боюнча “Азаттык” Стамбулдагы кыргыз консулу Бакыт Үмөтовго кайрылды. Консул да бизге ал окуяны тастыктады. Бирок анын өзүнүн жүйөөсү бар болчу.

“20-30 киши добуш бере албай калышты. Алар келгенде биз ID card, же 1994-жылкы үлгүдөгү кыргыз жаранынын паспортун сурайбыз (анткени ошолордо гана жарандын Кыргызстанда кайсыл даректе каттоодо турганы айтылган – ред.). Алар болсо чет-мамлекетке чыкчу паспортун көрсөтүшөт. БШКдан түшкөн талапка ылайык, алар добуш бере алышпайт эле.

Сеул

Мына ушуга окшогон окуя шайлоо күнү Түштүк Кореяда да болду. Ал жөнүндө бизге Сеулдагы кыргыз элчилигинде шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бакыт Исаев айтты.

“Биздин оюбузча, добуш бергендер көп эле болмок. Бирок көптөгөн жарандарыбыз туура эмес документ алып келишкендиктен, артка кайтууга мажбур болушту. Алыс жактардан келгендер болду, албетте, нааразылык билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясына да, Тышкы иштер министрлигине да нааразылык иретинде арыз жазышты. Бирок алар, биринчиден, консулдук кызматта каттоодо турушпайт. Экинчиден, Кыргызстандын ичинде колдонулуучу паспорту жок экен. Ошондуктан добуш бере алышпады, - деди Б.Исаев. - Үч сааттай отуруп, бирок артка кайтып кетүүгө мажбур болушту”.

Москва

“Азаттыктын” интернет-сайтынын окурмандары жазышкандай, мына ушундай эле фактылар Орусиядагы добушканаларда да кездешти. Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамиля Бегиева да муну ырастады.

“Москвадагы көпчүлүк мигранттар курулуш жайларында, базарларда, кафе-ресторандарда иштешет. Ал жакта жекшембиде да иш. Алар жумушунан аз эле убакытка жооп сурап келишет да. Анан келсе, “арыз жаз, башка паспортуңду алып кел” деп отурушса, күтүп отурушмак беле”, - деди Ж.Бегиева.

Күтүүсүз эреже

Шайлоо күнү мындай проблема чыкканынын себебин мигранттар ал өзгөрүү, талап жөнүндө такыр маалыматы болбогону менен түшүндүрүп жатышат. “Кошумча тизме” менен добуш бериш үчүн сөзсүз консулдукта каттоодо туруш керек же Кыргызстандын ичинде гана колдонулуучу паспорт, ID карточка керектиги тууралуу талап аларга алдын ала айтылган эмес.

Кимдин кайсыл жакта жүргөнүн билбей туруп, алдын ала канча бюллетенди каякка жиберүүнү кайдан билмек элең?
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы шайлоого чет мамлекеттердеги кыргыз консулдук кызматтарында расмий каттоодо тургандар гана эмес, башка жарандар да добуш бере алаары тууралуу “Азаттык” радиосуна 4-октябрда эле айткан болчу. Шайлоого алты күн калганда комиссиянын расмий өкүлү Берик Исаков, биздин суроолорго жооп берип жатып: “Кыргызстандан сырт жактарда убактылуу жашаган кыргыз жарандарынын ичинде шайлоого ал мамлекеттердеги консулдук кызматтарда расмий каттоодон өткөндөр катыша ала тургандай кылып “негизги тизме” түзүлгөн. Ал эми чет-мамлекеттердеги кыргыз элчиликтеринде каттоодон өтпөгөн кыргыз жарандары “кошумча тизме” менен добуш бере алышат, - деген эле БШКнын расмий өкүлү.

Бирок “Азаттык” ошол эле күнү бир топ мамлекеттердеги кыргыз консулдук кызматтары менен байланышып, “кошумча тизме” жөнүндө сураганда, алар андай чечим тууралуу кабары жок экенин, ал азырынча чыга электигин билдиришкен.

Канткен менен, шайлоо күнү “кошумча тизме” иштеди. Анан биз шайлоодон кийин Стамбулдагы кыргыз консулу Бакыт Үмөтов менен кайра байланышып: “Кошумча тизме киргизилсин” деген тапшырма сиздерге качан айтылды?” деп сурадык. Анын айтымында, андай буйрук аларга 7-октябрь күнү кечинде, шайлоого үч күн калганда, келген.

Эсте эсеп болбосо…

“Кошумча тизмеге” байланыштуу дагы бир маселе – кайсыл мамлекетке канча жиберилээринде болгон. Анткени, маселен, бир чет мамлекетте болгону 100 кыргыз жараны расмий каттоодо турса, анан кантип Бишкектен ал жакка “кошумча тизме” үчүн да алгыла деп, 200-300 бюллетенди жибермек эле? Ошол эле маалда, ал жакка жибербей коюшса, анан 300 адам чындап эле ошол күнү барып калышса, аларга кайдан бюллетень алышмак? Бул суроолор менен Стамбулдагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Үмөтовко кайрылдык.

“Азаттык”: Сиздерге “кошумча тизме” үчүн деп канча бюллетень келген?

Бакыт Үмөтов: Ага атайын бюллетень келген жок. Бизде Стамбулда “негизги тизмеде” 464 адам турат. Ошолор үчүн гана бюллетень келди.

“Азаттык”: Анда сиздер “кошумча тизме” менен добуш бергени келген адамдарга кайсыл бюллетенди бердиңиздер?

Бакыт Үмөтов: Биз, “балким, расмий каттоодон өтпөгөндөр да келип калышат го” деп, Бишкектен кошумча 200 бюллетенди сураганбыз. Бирок бизге ашыкча берилбейт деп коюшту. Ошон үчүн “кошумча тизме” менен берчү адамдар “негизги тизмеде” туруп, шайлоого келбей калгандарга берилчү бюллетенди колдонушту.

“Азаттык”: Башка мамлекеттерде кандай болуптур? Сиз сурай алган жоксузбу?

Бакыт Үмөтов: Ошондой эле болду окшойт. Анткени Орусиядагы, Казакстандагы, Европа мамлекеттериндеги консулдуктарга да кошумча бюллетень келген жок, - деди Б.Үмөтов.

“Мени угушпады”

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жамилия Бегиева, адаттагыдай эле, шайлоо учурунда мигранттардын үнүнө көңүл бурулбай калды, дейт.

“Бул “кошумча тизме” дегени баардык эле добушканаларда кошумча проблемаларды жаратты. Себеби кимдин кайсыл жакта жүргөнүн билбей туруп, алдын ала канча бюллетенди каякка жиберүүнү кайдан билмек элең?, - дейт ал. - Элчиликтерден деле, Борбордук шайлоо комиссиясынан деле, башка жактардан да буга кызыккан адам болбоду. Мигранттардын болжолдуу тизмесин алдын ала даярдап, кайсыл жакта жүргөнүн билүүгө кошумча күч кетет, каражат кетет. Бул ишке эч качан атайын көңүл бөлүнгөн эмес. Консулдук кызматтарда гана канча адам расмий каттоодо турса, ошолорду эсептеп коюшат”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG