Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Полициядан таяк жеген мигрантка иш козголду


Бактыгүл Калматова.
Бактыгүл Калматова.

Москвада полиция кызматкерлери сабап, шаардык ооруканада жаткан 27 жаштагы кыргызстандык Бактыгүл Калматованын үстүнөн бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу беренеси боюнча кылмыш иши козголууда.

Ур-тепкинин айынан башынан жана бөйрөгүнөн жараат алган Бактыгүл Москвада ашпозчу болуп иштейт. Үйүнө кайтып келе жатып полициянын үч кызматкерине жолуккан кезде балээге кабыларын билген эмес.

Бактыгүл документтерин текшерүүгө берүүдөн мурда тартип сакчыларынан кызматтык күбөлүктү көрсөтүүсүн суранган. Мындай өктөмдүк полиция кызматкерлерине жакпай, келинди кызматтык автоунаага күчтөп салып, сабашкан.

- Алардын күбөлүгүн сурасам, бирөөсү көрсөттү, экинчиси болсо ачууланып, “сени тарбиялап коюш керек экен” деп, колумдан паспортумду жулуп алды. Мен документтеримдин баары жайында экенин айтып туруп алдым. Алар менин колумду кайрып туруп, унаага түртүп салышты. Экөө эшикти жаап турушту. Үчүнчү кызматкер үстүмө чыгып алып, чачтан алып, башка ургулады. Тизеси менен бөйрөккө тепкиледи. Кыйкырып, жалынып “коё бергиле” десем да болушпады. Оозумду жыйрып, кулак тушка соккулады.

Полиция бөлүмүндө Бактыгүлдүн абалы кескин начарлаганын көргөн бийлик өкүлдөрү анын миграциялык документтеринен кемчилик таппай, "мамлекеттик кызматкерлерге күч колдонду" деп айып тагышкан.

Кыргызстандык келин сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, Орусиянын Кылмыш кодексинин 317 (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 318 (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) беренелеринин негизинде 10 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Бактыгүл жалгыз бой эне. Кыргызстанда анын эки кичинекей баласы бар. Орусияга келгенине беш жылдай болгон.

Келиндин апасы Гүлмира Таштанова Москвада кондитердик фабрикада иштечү экен. Кызын каргаша тооруган кезде ары-бери чуркап жүрүп жумушунан айрылган. Ал азыр укуктук да, каражат жактан да жардамга муктаж кези:

- Кызым ооруканага оор абалда түшкөн. Андан бери беш күн өттү, азыр абалы дурус. Бирок бир жак кулагы укпай калды, башы ооруп жатат. Алар (полиция кызматкерлери -ред) өз күнөөсүн акташ үчүн кызымдын үстүнөн арыз жазышкан. “Менин погонумду жулуп алды” дешип. Азыр ооруканада да кызымдын палатасын кайтарып отурушат, чыкса эле камакка алчудай болуп. Мен бутум жеткен жерге барып жатам, азырынча жыйынтык боло элек.

Москвадагы Кыргызстандык консулдук кызматынын юристи Мырзапаяс Карагуловдун билдиришинче, бул иш боюнча элчилик тарабынан ыкчам чаралар көрүлүүдө.

- Москва шаардык прокуратурасына, Ички иштер башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүнө кат жаздык. Жараныбызга бекер укуктук кызмат көрсөтчү адвокат бөлүп бердик.

Орусиянын Тергөө комитетинде берилген маалыматка ылайык, Бактыгүл Калматованын арызы боюнча Ниверев А.Н. аттуу полиция кызматкеринин иш-аракеттерине тергөө иши жүргүзүлмөкчү.

Орусияда полиция кызматкерлеринен зордук-зомбулук көргөн кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу окуялар буга чейин дагы болуп келген. Эки жыл мурун полиция кызматкери метро ичинде боюнда бар кыргызстандык мигрант келинди зордуктаганы үчүн алты жылга соттолгон. Ошондой эле өткөн жылы кыргызстандык дагы бир келиндин көзүнө газ чачкан полиция кызматкери эки жылга абакка кесилген.

Полициядан токмок жеген мигрант
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG