Оппозициядагы ири жети партия менен төрт кыймыл баш кошуп “Бириккен элдик кыймыл” түзүшүп, негизги максаттары азыркы бийликти мөөнөтүнөн мурда кетирип, жалпы элдик кызыкчылыкты көздөгөн башкаруу системасын куруу экендигин жарыялашты. Булардын иш-аракеттерине сереп салып турган байкоочулардын айтымында, соңку кездери майдаланып, бир канчага бөлүнүп кеткен оппозициялык күчтөрдүн акыры биригүүгө жетише алуусу зор жумуш болуп калды.
Ошентсе да саясат талдоочулардын баамында, оппозициялык күчтөр биригүүгө жетишкени менен чоң иш-чараларды уюштурууга же акыры лидерди тандоого келгенде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Анткени оппозициядагылардын биринин эл арасында кадыр-баркы бийик болгону менен акча-тыйыны аз, ал эми кайсы биринде байлык болгону менен кадыр-баркы төмөнүрөөк, ошол себептүү бардыгы өзүн лидер ойлошот дешет.
Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун ырасташынча, бийлик жаңы түзүлгөн “Бириккен элдик кыймылды” теңсинбей, аларга көңүл бурбай койсо саясий ката кетирген болот. Андыктан электр энергиясы өчүп, каржы кризиси желкелеп турган маалда алар менен сүйлөшүүлөргө барып, кандайдыр-бир чегинүүлөргө баргандын да туура жагы бар. Кандай болгон күндө да оппозициянын бир адамдын айланасына топтолушу кыйынга турарын айткан саясатчы, сөздөн ишке өткөндө алар бат эле чарчап калуусу мүмкүн деп эсептейт:
- Бүгүнкү күндө биз билген оппозициянын белгилүү өкүлдөрүнүн бардыгынын амбициясы президент болуу. Экинчи катарда болуп, начарыраак болуп калдым дегендеринин эле эң эле төмөнкү максаты премьер-министр болуу. Антпесе булардын бүт ою, максаты, көргөн түшү президент болуу. Бирок айтып коюш керек, бардык нерсе айланып келип финансылык мүмкүнчүлүккө келип такалат. Ошондой мезгил келгенде, булардын арасында уруш, жаңжал, пикир келишпестиктер жаралат. Ошондуктан булар бир адамдын тегерегине баш кошот дегенге ишене албайм.
Талдоочулардын пикиринде, азыркы оппозициядагылардын көбү мурда бийликтин бийик бутактарында иштеп кеткендер. Андыктан, эгемендик алгандан бери эл оозунда келаткан саясатчыларга көпчүлүк анча ишене бербей карашууда. Ошол себептүү Кыргызстандын саясий айдыңы азыркы бийликте жүрүп булганбаган, жаңы саясий күчтөргө муктаж болуп турат дешет.
“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти, “Бишкек ишкерлер клубунун” ардактуу мүчөсү Эмил Үмөталиевдин айтымында, саясатта атаандаштык күчөп, оппозиция да, бийлик да элди өзүнө тартууга аракет кылуусу жалпы коомчулук үчүн жакшы көрүнүш. Анткени ушундай аттандаштыкта гана чындап эл үчүн иштер жасала баштайт:
- Эгерде бийлик күчүнө кирип, үстөмдүк кылып турган болсо, алар өз кызыкчылыктарына алаксып, элди унутуп коюшу мүмкүн. Эгер кандайдыр бир башка күчтөр алардын кылган иштерин сындап, алардын каталарын, кемчиликтерин эл алдына ачыкка чыгарып турса, анда бийлик да өз кемчиликтерин оңдогонго аракет кылат. Сын көз караш болбосо, элдин добушу угулбай калса, анда бийлик өзүнүн гана кызыкчылыгы менен алек болуп, элди алдаганга аракет кылышы анык.