Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Ош: Студенттер шайлоо үчүн эс албаганга да даярбы?


Оштогу бир катар ЖОЖдордо студенттер президенттик шайлоого чейин окушат. Мындай чечимди окуу жайлардын жетекчилери кышында электр кубатынын жоктугунан кышкы каникул 15 күнгө узарганы менен түшүндүрүштү. Буга нааразы студенттер окуу жай жетекчилери “Бакиевге жагынып жатышат” жешет.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окуган Айжан студент болгондон бери июндун башында эле экзамендерин дээрлик тапшырып бүтүп койчу. Бирок быйыл экзамендер алигиче баштала элек.

- Азыр сабак деле болбой калды. Жөн эле келип-кетмей. Жумасына эки-үч жолу сабак окусак, окуйбуз, болбосо - жок. Узартылып эле келатат.

Буга нааразы болгон студенттер жагдайды президенттик шайлоодон улам болсо керек деп жоромолдоп келишкен. Кыргыз-Өзбек университетинин проректору Идирис Эргешов жайкы сессиянын жай ортосуна чейин созулушуна студенттер өздөрү демилгечи болгонун айтып чыкты. “Президенттик шайлоого чейин каникулга кетпейбиз деп студенттер болбой жатышат”, - дейт Эргешов.

- Окуу 27-28-июлга чейин узартылды. Студенттер өздөрү демилге көтөрүп, шайлоо өткөнчө окуйлучу деп айтышкан. Университет жетекчилиги буга макул болуп, июль айынын аягына чейин окуу болот деген чечим чыгарды.

Айрым университет жетекчилеринин мындай чечими студенттердин көпчүлүгүн, тетирисинче, бушайманга салууда. ОшМУда 4-курста билим алган Алмаз жыл сайын жайкысын эки айлык каникулда Орусияга барып иштеп, өз контрагына жетээрлик акча таап келчү. Эми ал шайлоонун шылтоосу менен бардык нерседен куржалак калдым, деп кайгырууда.

- Каникулдун узартылышына окутуучулар өздөрү деле каршы. Бир сабак үчүн күн сайын келип жатышат. Биз буга абдан капабыз. Мен жылда өзүмдүн контрагыма жетчү акчаны штеп тапчумун. Быйыл бир айлык каникулда кантип иштейм? Ата-энеме да чоң жардам болчу эле. Эми айла жок...

Ош аймагында он чакты жогорку, 5-6 атайын билим берүүчү окуу жайы бар. Аларда жалпысынан 60 миңге чукул студент билим алаары айтылып жүрөт. Президенттик шайлоого байланыштуу каникулу кыскарып жаткан окуу жайлар катары Оштогу эң чоң, 27 миң студенти бар Ош мамлекеттик университети, ошондой эле Кыргыз-Өзбек университети аталууда.

Бирок окуу жай жетекчилиги мындай пикирди кескин четке кагып, ага жетпей эле каникулга чыгышаарын «Азаттыкка» билдирди. Бирок аталган окуу жайдан, окуу жадыбалдарындагы эң акыркы экзамен-зачеттор 27-июлда бүтөт деген чечимдер илинип турганын көрүүгө болот.

Эми студенттер кандай айла-амал менен болсо да эртерээк каникулга кетүүнү көздөп жатышкан экен. 3-курстун студенти Каныкей жайкысын жалгыз бой апама жардам берем деп, окутуучуларга акча сунуштап, алардан “Бакиевди айылдан эле шайлайынчы” деп убада берип жатканын айтат.

- Бардык курбуларым президенттик шайлоо өткөнчө окуй турган болушту. Менин апам айылда жалгыз, анан жайлообуз бар. Апама жардам берейин деп азыр мугалимдерге акча берип болсо да сессиямды чукул бүтүргөнгө аракет кылып жатам. Бир агай 4000 сомдон жогору айтты. Азыр башка эжей менен сүйлөшөм. Кураторубуз болсо президенттик шайлоого калгыла деп жатат.

Оштогу студент жаштар азыр окуу процесси кескин солгундаганы менен, бекер олтурбай президент Курманбек Бакиевдин келишине даярдык көрүп жатышкан экен. Июнь айынын орто чендеринде президент Ош университетине келүү ниетин билдирген. Оштогу жаштар укугун коргоо убадасы менен чыккан жаштар уюмдары болсо Бакиевке шайлоо алдында студенттердин укугунун кордолушу, каникулдун кыскарышы тууралуу кайрылууга камынышууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG