Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

“Элдин балдарын карачы”


Каркыра
Каркыра

Апта башындагы гезиттерге Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити “Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду” деген баш тема менен бүгүнкү санын ачты.

Аталган гезит чет элдик уйгур улутундагы 98 адам кыргыз паспорту менен кармалып ызы-чуу болгонун, кыргыз өкмөтү бул боюнча чукул жыйын өткөрүп, Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлигине жана Мамлекеттик каттоо бөлүмүнө иликтөө тапшырмасын такканын, айрымдар дароо эле Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди күнөөлөп чыкканын, бирок текшерүүлөрдөн кийин буга Мамлекеттик каттоо кызматынын кымындай да тиешеси жоктугу аныкталып, паспорттор шылуундар тарабынан ар кайсы басмаканаларда жасалганы аныкталганын, тескерисинче үч жылдан бери биометрикалык маалыматтарды чогултуп, өлкө жарандарын электрондук маалыматтык базага өткөрүп жаткан Тайырбек Сарпашевдин иши колдоого арзый тургандыгын, эгер жарандардын өздүк маалыматы электрондук базага киргенден кийин жанагындай жасалма паспорт жасап сатып келаткан шылуундардын жолу буула тургандыгын жазып чыкты.

Журналист Үсөн Касыбеков “Ломго каршы лом гана туруштук бере алат” аттуу макаласында мындай деп жазды: ”Асыресе “Элдик парламент” дегендин координатору делинген Бекболот Талгарбеков президент мажбур отставкага кетери, бийликтин басылып алынары жөнүндөгү сценарийди жарыялаган пресс-конференцияда 12-майда өтө турган форумга “Империя смерти” чакырыларын шардана кылганын жазды. Угармандарыбызга Талгарбеков айткан “Империя смерти” деген эмне деген уюм экенин айта кетели. “Империя смерти” деген нацисттик Германияда түзүлгөн, күч колдонуп зордук-зомбулук жасай турган аппарат” деп жазат журналист.

Экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев маек куруп, Бажы биримдиги, дыйкандар маселеси, мамлекеттер аралык мамилелерге токтолду. Экономист өз сөзүндө Кыргызстан колдон келсе бир эле орус эмес, башка бардык өлкөлөр менен мамиле түзүшү керектигин айтты.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, айтылуу ырчы Майрам Дүйшөкееванын маеги “Чоң эне бактысына ээ болгонума сыймыктанам” деген аталышта гезит кабарчысы Венера Наркеевага чыгармачылыгы, жеке жашоо-турмушу тууралуу айтып берди. Жаш төкмө Садырбек Турдубек уулунун маеги да ушул санда.

Меңдибек Асылбековдун макаласы таланттуу акын кызыбыз Фатима Абдалованын чыгармачылыгына арналды. “Жылдызы жанган акын” деген рубриканын алдындагы макалада “Роза Отунбаева” фонду өткөрүп берген акындын ыр кечеси, Фатиманын чыгармачылыгынын күүгө келип тургандыгы тууралуу баяндады.

“Вечерний Бишкек” гезити да Кыргызстандын жасалма паспорттору менен Түркияда кармалгандардын басымдуу бөлүгү кыргызстандык өзбектер менен түрктөр болуп чыкканын, алардын катарына Сауд Арабиясына ажылыкка бекер алып барабыз десе дароо макул болгон төрт кишинин паспортун жыйнап алып, кийин ажылык сапар болбой калды деп кайта кайрып бергенин, паспортторду ушундай жол менен жыйнап кетип, анан жалган паспорт жасап алган соң “болбой калды” деп колдоруна кайтарып берген шылуундардын шумдугу экендигин жазып чыкты.

Журналист Азамат Касыбековдун “Кыргыздын өз намысы бар” деген ой толгой турган макаласы жарык көрдү. Жакында эле социалдык түйүндөрдө жаңы көрүнүш пайда болгонун, анда кыргызда бала эс тартып калгандан баштап эле ага эне-аталары тынбай айта бере турган бир сөз барын, мисалы: “Карачы элдин балдарын, Оксфорддо окуп жатат, а сен филфакка өталбай жүрөсүң?”, “Карачы, элдин балдарын, алды эки-үчтөн балалуу болду, а сен эмгиче үйлөнбөй жүрөсүң?” деген сыяктуу сөздөрдү айта берерин, ошентип бүгүн бул сөздүн да төркүнү башкача болуп, алысты көздөп баратканын талдай келип, акырында интернеттеги жаңы көрүнүш бир жакшы жыйынтыкка келгенин, коом барган сайын өз алдынча болуп баратканын, элдин көпчүлүгү өкмөттүн көзүн тиктеп жалдыраганды таштап, өз таалайларын өздөрү куруп жатканын, демек Кыргызстандын келечеги тумандуу эместигин, өлкөбүздү да, элди да жарык келечек күтүп тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG