Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Тарыхты да тарттырабызбы?


Кыргыз балдарынын оюну, 1928-жыл.
Кыргыз балдарынын оюну, 1928-жыл.

Шаршемби күнкү кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Вечерний Бишкек” гезити шаардын мэри Кубанычбек Кулматов кызматынан арыз жазып кеткенин, эми Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде жаңы мэрди шайлоо күнүн дайындашы керектигин, ал эми гезиттин өз сайтынын маалыматы боюнча, шаардын жаңы мэри коомчулукка таанымал, бирок мурун муниципалдык кызматта иштебеген, бирок президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы адам болмокчу. Окурмандардын эсине сала кетели, Кулматов мэр болуп 2014-жылдын 15-январында шайланган, шайланары менен башкы милдети катары шаардын жолун оңдоп, таштандыдан арылтарын айткан.

Журналист Ольга Дядюченконун макаласы “Прокурордук паранын жашыруун сыры” деген ат менен жарык көрдү. Макаланын кириш сөзүндө: “Көк-Жардагы айыл чарбачылыгы үчүн деген жерге мыйзамсыз үй тургузуп алган адамдын үйүн бузуу керек деген шылтоо менен айласын курутуп туруп 20 миң доллар өндүрүп алган" деп күнөөлөнгөндөрдүн анабашында Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев турган деп шектелген, шектүү ишке анын орунбасары жана жардамчысы шерик болгон, негизинен кардарлар менен Марат Дононбаев иш жүргүзгөн, так ушул адам мыйзамсыз үй салып алгандардын өкүлү Темирбек Жакыпбековго телефон чалып, андан алган акчаны өзүнүн шефине жеткизип турган” деп жазылып, жакында бул иш боюнча соттук териштирүү болуп, ага көп сандаган азыркы жана мурдагы прокурорлор катышып, Мамакеевди жактагандар менен Мамакеевге каршы болгондор эки жаат болуп алып ойда “салгылашканын” жазып чыкты. Ушул эле санда Анастасия Карелинанын СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесин эскерүүгө арналган кече Улуттук опера жана балет театрында өткөндүгү баяндалат.

“Көк асаба” гезити жарыялаган Кыргызстандын бийлик жетекчилерине кайрылуу кат “Тарыхчыларды аттестациядан өткөрүүнү талап кылабыз!” деп аталды. Кат жазгандар башка улуттун өкүлдөрү болгондугуна карабастан кыргыздын тарыхын, этнографиясын изилдеген В.В. Радлов, В.В. Бартольд, А.Н. Бернштам, С.М. Абрамзон, Н. А. Аристов, В. Я. Бутанаев, Е. Кычанов кыргыз элине эбегейсиз эмгек өтөшкөнүн, бирок булардын эмгеги кыргыз бийлиги тарабынан жетиштүү деңгээлде бааланбай келатканын, ысымдары түбөлүккө калтырылбаганын, көчөлөргө, тишелүү мекемелерге аттары коюлбаганын, эстеликтери тургузулбаганын, булардан тышкары кыргыздын өзүнөн чыккан тарых изилдөөчүлөр Белек Солтоноев, Осмонаалы Сыдык уулу, Анвар Байтур, Үсөйүн ажы жана башкалар унутта калбоого тийиш экендигин, казактар кыргыздын байыркы жана кийинки тарыхынын негизинде “Казак тарыхын” жүз томдоп чыгарып курулай далбас уруп мактанып жатса, Өзбекстан кудайдан коркпой кыргызга тиешелүү байыркы жерлерин, тарыхын өздөрүнө энчилеп, латын ариби менен жаап-жашырып, жок жерден тарых жасап, келечек муундарына окутуп жатканын, ал эми өзүбүздүн куру намыс менен көр намыстын туткунунда калган, “мен тарыхчымын” деп дардактап жүргөн айрым тарыхчыларыбыз кыргыздын байыркы тарыхын тытмалаган, менчиктеп алган коңшу элдердин тарыхчыларынын жалган жазгандарын тарыхый факт-далилдер менен дүйнө коомчулугунун алдында ашкерелеп, бетин ачуу ордуна кайра алардан жалтактап, бүжүрөп, коркуп келатканын кейип жазышты. Бул сандан таланттуу акын, эл аралык “Нурборбор” чыгармачыл академиясынын президенти Нурлан Калыбековдун жаңы ырларын окуйсуздар.

“Жаңылыктар“ гезитинен сиздер Орусия 2012-жылы Кыргызстандын 489 миллион доллар карызын кечип, акыркы беш жылда Кыргызстанга 185 миллион. долларды кайтарымсыз жардам катары бергенин, Орусиядагы мигранттар былтыр 1,5 миллиард доллар жөнөткөнүн, “Үркүн” деп аталган кинонун алгачкы эпизоддору Ысык-Көлдүн Жууку ашуусунда тартыла баштаганын, Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 13 саясий партия арызын тапшырганын окуйсуздар. Ушул эле гезитке “Мегакомдун” сатууга коюлушуна байланыштуу маек курган Жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек, эң башкы көйгөйдүн баары мамлекет киришкендигинде болуп жатканын, мамлекет кийлигишкен жерде дайыма коррупция, сапатсыз иш, натыйжасыз башкаруу орун аларын, Кыргызстанда “Мегакомду” сатып алууга кудурети жете турган компания жоктугун, ошондуктан жылдык кирешеси 2 миллиарддан ашуун сомду түзгөн мындай компанияны такыр эле чачыратып, таратып сала электе жеке компанияларга сатуу керектигин айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG