Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бир мыйзам эл өкүлдөрүн экиге бөлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезитинде президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган Оштун Кара-Суу районундагы Учар айылынан Акматали Аблазовдун каты жарыяланды. Анда баласынан айрылган ата ушул жылдын 12-майында уулу өз үйүндө асынып өлгөнүн, бирок аны бул кырсыкка апкелген себептер барын, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы ички иштер бөлүмүндө иштеп жүргөн жаш милийсага кесиптештери салык салып келгенин, ошондуктан зордукчуларды таап, жазага тартуу өтүнүчү менен кайрылган. Президентке өтүнүч жолдогон атанын каты “Уулум жанын жөн жерден кыйган жок. Ал окуяга кесиптешинин тиешеси бар” деген аталышта жарыяланды.

Парахат Шүкүрова "Массалык маалымат каражаттары тууралуу" мыйзам долбоору депутаттарды кандайча кайым айтыштырганын чагылдырган макаласын тартуулады. Журналист Айгүл Бакеева Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен маек курду. Маек “Орусия менен мамилебиз сууй түштү дегенге кошулбайм” деп аталып, Эрлан белгилүү кино ишмери Бекеш Абдылдаевдин уулу болорун, кыргыз, орус тилдеринен башка кытай, англис тилдерин билерин белгилеп, орус-кыргыз мамилеси, АКШ менен алака, Өзбекстан, Евробиримдик, эл аралык байланыштар тууралуу суроолорго жооп берди.

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов паспорт талкуусу тууралуу ойлорун ортого салып, адегенде улуту жазылсын дегенге макул болгонун, бирок кийин тереңирээк ойлонуп “улуту кыргыз” дегендин ордуна “Кыргыз жараны” деп эле жазса болорун, бул деген улут аралык ынтымактын өбөлгөсү, туткасы болорун кеп кылды. Филология илимдеринин кандидаты Гүлжамал Жаманкулованын “Борбордук Азиядагы байыркы көчмөндөр. Кыргыздар–көчмөндөрдүн тарыхында” аттуу макаласы жарык көрүүдө.

Жакында акын жана жазуучу Олжобай Шакирдин “Куюн доор” аттуу романы жарык көргөн. “ПолитКлиника” гезити ушул романга арналган ой-пикирилерди тартуулады. Адабиятчы Улан Турдалиев Олжобай жазуучу тарыхтын ачуу чындыгын бурмалабай ачык-айкын бергенин, казак-кыргыз, орус-кыргыз мамилелерин мурдагылар жымсалдап келсе, Олжобай турмуш чындыгы кандай болсо так ошондой жазганын, бул деген адамдардын жандүйнөсүн ачып берген психологиялык мыкты роман экенин, чыгарма кыргыздын майдаланып баратканын эң сонун чагылдырганын айтса, журналист Назарбек Байжигитов Олжобайды казак адабиятынын классиги Есенберлинге салыштырарын, өзү да романды казактын баласы катары абдан жакшы кабыл алганын, маселен Кенесарыны кыргыздар баскынчы катары санаса, Олжобай антип санабай, оң жагынан карап, Кенесары эки ортодогу чагымдын курмандыгы болгонун белгиледи. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Олжобайдын романы баяндама иретинде, Кенесарыны коргогондой мааниде жазылганын, тарыхты түшүнгөн, тарыхты билгендерге бул роман жеңил, жакшы кабыл алынарын айтты. Жазуучу Олжобай Шакир өзү роман жазуу түйшүгүн тарткан айрым жагдайларга токтолду.

Гезит андан ары Сузактагы Ат-Чабар айлынын имамы 10 жаштагы эркек баланы зордуктап жүргөн деп шектелип камакка алынганын, көчмөндөр оюнунда муляжды эмес, чыныгы улакты тартуу чечими кабыл алынганын кабарлады. Жазуучу Айсулуу Көкөеванын “Аялдын күндөлүгү” аттуу чыгармасынын уландысы басылууда.

“Азия ньюс” гезити президенттик шайлоонун оюндары башталганын журналист Сабыр Муканбетовдун макаласы аркылуу талдоого алса, журналист Кенжебек Арыкбаев саясат менен бийликтин ага кирген адамдарды кандай жолдор менен чайкап келатканын “Саман” аралашкан саясат, “баткак” аралашкан бийлик” деген макаласында баяндады. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Паспорт маселесиндеги талашты эл чечсин!”деген макаласында “Улуту” дегенди алып койсо эле улут маселесинде ажырым чыкпайт деген жобо улуттук маселени чечүүнүн жолу эместигин, бул тескерисинче мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн улут аралык саясаты жоктугун далилдеп койгонун, айтор бул маселени референдум жолу менен чечүү керектигин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маеги “Биздин түйшүктүү ишибизге Алмазбек Шаршенович чоң колдоосун көрсөтүүдө” деген аталышта жарыяланган. “Азия ньюс” гезитиндеги кенен маегинде “Саякбай манасчы” атындагы фонддун төрагасы Саматбек Ибраев манасчылар Дөөлөт Сыдыковго, Улан Исмаиловго, Рыспай Исаковго ар бирине үч бөлмөлүү үй алып берерин, ал үйлөр курулуп атканын, Саякбай атындагы төш белгиге “Манас” эпосуна ат көтөргүс салым кошкон 30 адам, президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, манасчылардан Сапарбек Касмамбетов, Рыспай, Дөөлөт, Улан, ошондой эле бир катар саясатчылар, депутаттар татыктуу болгонун сөз кылды.

XS
SM
MD
LG