Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Сойкулуктан акча таап жакындарын баккан кыз


Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Мамлекеттүүлүктүн күч-кубаты биримдикте” деген макаласын басты. Автор дүнүйөкорлукту ыракат туткан элде жан дүйнө сокур болорун, өзүмчүлдүк күчтүү өөрчүгөн элде ынтымак, биримдик болбостугун, ал эми биримдиги жок эл өзүн өзү жеп-жутуп, мамлекеттүүлүгүн кошо мойсоп жок кыларын айтуу менен, паспорттогу талашка чекит коюп, ага “Кыргыз жараны” дегенди жазуу керектигин, анткени көп улуттуу өлкөдө бардык этностордун тагдырына титулдук бир улут гана жооп берерин, антпейле ар кимибиз ар кайсыл жакка тартса берсек, эч качан биримдик болбостугун, дүйнөдөгү толгон өлкөлөр паспортторунун улутун көрсөткөн графаны эбак эле алып салышкандыгын, ошондуктан жөнү жок талаша бербей адамзат түшкөн жолго түшпөйм деп олтура берүү акылсыздык экендигин айтты.

“Эркин Тоо” гезити бүгүн 25 жылдыгын белгилеп жатат. Жарык көргөн майрамдык сан гезиттин баскан жолу менен учурдагы жасап жаткан иштерине арналып жарык көрдү. Сиздер бул гезитке кимдер кабарчы, кимдер башкы редактор болгондугу менен таанышып, өлкөбүздөгү кадырлуу адамдардын гезитке багышталган каалоо-тилектери менен таанышасыздар.

“Кыргыз туусу” гезити Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн Ташкен саммити бүгүн уланарын, бир катар документтерге кол коюларын, акыркы үч жыл ичинде Онкология улуттук борборунун балдар онкологиясы жана гематалогиясы бөлүмүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун эсебинен жалпы суммасы 6 млн. 100 миң сомго барабар жардам көрсөтүлгөнүн да маалымдады.

“Де факто” гезити баягы Оштун борборуна курулган эстакадалык көпүрөнүн бүткөнүнө 10 ай болбой жатып, жааган жамгырдын суусу астына тамчылап, адындагы адамдардын коюн-кончуна кирип, кайрадан ремонтко олтурганын кабарлады. “Паспортко улуту жазылбаса кыргыз жок болуп кетет деген жеткен акылсыздык!” деген баштеманын алдында оюн билдирген укук коргоочу Рита Карасартова буга башка улуттар каршы чыкпай, кыргыздардын өздөрү карыш чыгып атканына таң калып атканын айтып: “Биз эмне үчүн бөлүнөбүз? Тескерисинче башка улуттарды деле кыргызстандык деп жаздырып, аларды боорго тартпайлыбы? Бул дүйнөлүк практика. Башка элдер, башка өлкөлөр ушунусу менен күчтүү” деп айтса, эл жазуучусу Бексултан Жакиев, паспортуна “улутум-кыргыз” деп жазып алгандар деле улутту сатып, кыргызды талап-тоноп, шорлотуп жатканын, кыргызмын деген аруу сезим кагаз документте эмес, ар бир жарандын жүрөгүндө болушу керектигин билдирди.

“Жаңы агым” гезити Бишкек шаарынын Ички иштер Башкы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Самат Курманкулов Бишкек шаарындагы сойкуларды тазалоо максатында рейд өткөргөнүн, буга гезит кабарчысы Нурмухаммед Жумабеков кошо катышып, "түнкү көпөлөктөрдүн" түркүн жоругуна күбө болуп, сүрөткө тартып келгенин, ошентип беш күнгө созулган рейддин жыйынтыгында Бишкек шаары боюнча 147 кыз кармалып, алардын 134үнө кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканын жазып чыкты. Мисалы сойкулардын бири, бир баласы барын, 93-жылы туулганын, Бишкек гуманитардык университетин аяктап жатканын, дипломду жаздыруу үчүн 15 миң сом, ошондойле батир акысын төлөгөнгө, баскан-турганына, баласына акча керек болуп, бир айда 3-4 жолу сойкулук кылып акча таап турарын айтып берген.

Ушул эле “Жаңы агым” гезити “Ааламга жол салган театр” деген ат менен Муратбек Рыскулов атындагы Нарын театрынын жашоо-турмушу, айлык, квартир маселесин, ийгилиги менен кемчилиги тууралуу кенен кеп кылды. Театрдын көркөм жетекчиси Акелең Кускаковду, актерлор Жумабек Мадемилов, Шекербек Абдыкадыров, Максат Байзаковду сөзгө тартты. Балдардын эч ким көзөмөлгө албаган диний лагерлери көбөйгөнүн Сагынай Сарпиеванын макаласынан окуйсуздар.

“Супер Инфо” гезити бийчи Атай Өмүрзаков менен, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен, ырчы Илима Дүйшөналиева менен маектерди, Нурбек Абдыкадыров жазып чыккан “Айылдын имамы 10 жашар баланы зордуктаган деп шектелүүдө” деген макаланы окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити кабарчысы Азамат Касыбековдун “Түнкү көпөлөктөр. Ким күнөөлүү?” деген макаласын тартуулады. Сойкулукту кантип токтотсо болот? Сойкулар бул проблеманы мыйзамга өзгөртүү кийирип, аны кадимкидей эле коммерциялык жолго салып, легалдаштыруу керек, ошондо мамлекеттин казынасына да акча түшмөк, биз салык төлөп, өз ишибизди жүргүзө бермекпиз десе, сойкулардын бир даары алардын талабы аткарылбай турган болсо митингге чыга тургандыктары менен коркутканын, саясат талдоочу Марс Сариевдин оюнча легалдаштыруу жолу менен бул проблема чечилмегин, сойкулар мыйзамдуу түрдө иштей да бермегин, акчаларын уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө төлөгөндөн жана милийсаларга пара берүүдөн да кутулмагын, бирок биздин менталитеттен алганда сойкулукту легалдаштыруу өтө кыйынга турарын, анткени коомдун радикалдуу бөлүгү буга оңой менен жол бере койбостугун айтты.

Журналист “Чынында эле биздин коом коркунучтуу ылдамдык менен радикалдашып баратат, алтургай айрым ортодоксалдуу деген өлкөлөрдө деле сойкулук жашап келатат” деп макаласын аяктады.

XS
SM
MD
LG