Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:33

Бүгүн “Майдан”, “Багыт KG”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити “Боинг” кыргыздын кайсы кыйынына жүк ташып келаткан?” деген суроонун алдында “Жүк боюнча Улуттук коопсуздук комитети тараткан маалыматтарга ишенсе болобу?” деп Улукбек Ормонов, Надира Нарматова, Адил Турдукулов, Кубатбек Кожоналиев, Камила Талиева, Кадыр Кошалиев, Касымбек Райымкул уулуна кайрылды. Кайрылгандардын дээрлик бардыгы Жогорку Кеңеш түзгөн комиссияга үмүт артып, аныгын ушул гана аныктайт деп күтүп жатышканын билдиришти.

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун “Президенттин жасалма жүргөнү өкүндүрөт” деп маек куруп, анысында түрдүү божомолдорду жаратып жаткан учактагы жүктүн күңгөй-тескейи, кырсыктан жабыркагандарды президенттин резиденцияда кабыл алышы, Канттагы авиабаза, Текебаев, Салянова менен Жолдубаева тууралуу сөз кылды.

Саясат таануучу Табылды Акеров менен маек “Бийликти түштүккө тарттырып жибербөөнүн айласында жаңы конфигурациялар түзүлүп жатат” деп аталып, Путиндин Кыргызстанга февралдын аягында келери айтылып, анын келиши президенттик шайлоого старт берилишине байланыштырылып жатканын, анын оюнча Сапар Исаков президент, Албек Ибраимов премьер-министр, Аалы Карашев спикер болот дегендей түр калтырып жатканын божомолго салды.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев менен маек “Калыстык пикирден тайбай, акыйкаттык чекти туура кармаса иш жакшы жүрөт...” деп аталса, Алибек Аттокуров макаласын “Илим Карыпбеков КТРКнын жамаатын Байкоочу Кеңешке каршы үгүттөп жатабы?” деп атап, кезинде “Карыпкуловдун “кара жашиги” деген атка конгон, кийин азыраак "агара" баштаган КТРК Карыпбеков Илим келгенден кийин кайрадан кантип “карара” баштаганы ушул макала аркылуу баяндалды.

Жазуучу Орозбек Бөрүгулов айтылуу булбул жөнүндөгү баянын “Рыспай жана наам” деген ат менен жарыялады. Адилет Асанов “крышасы” күчтүүлөр карапайым адамдардын канын кантип соруп жаткандыгын ушул аталыштагы макаласында кеп кылды. Мезгилсиз каза болгон баланын апасы А. Жекшенбек кызынын каты “Президенттик аппарат Конституцияны бузууда!” деген ат менен жарык көрдү.

“Багыт KG” гезити Аалы Карашевдин парламентке келиши менен КСДП деле анча күчтүү болуп кетпестигин, бирок Жогорку Кеңеш жазында тарайт экен деген имиштерге чекит коюларын, тар чөйрөдө кокус Индира Жолдубаева башкы прокурорлуктан кетсе ордуна Канат Керезбеков болот деген кеп көптөн бери айтылып келатканын, Нурмахамат Баяхунов депутаттык мандатынан баш тартканы үчүн кылмыш жообуна тартылбай калганын белгилеп, “кыязы ага: “эгер мандатыңды бербесең куйругуңду бурап коебуз” деп эскертишсе керек” деп жазды.

Баратбай Аракеев макаласын “Ыйман жылы эмеспи, ыймандуу бол!” деп атап, ыйманды ыпластык, адепти адилетсиздик алмаштырганын, чоң-чоң жегендердин баары эч нерсе болбой эле, болгону бир аз жыл түрмөгө түшүп, түшпөгөнү үйүндөгү “түрмөлөрүнө” түшүп чыгып, чыгары менен тазабыз деп айгай салып, кайра эле эл башкарган жерде же бизнесин жасап жыргап-куунап жүргөнүн, анткени аларды жоопко тартчулардын өздөрү ыймансыз, өздөрү адепсиз, кир экенин жазды.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев маегин “Парламент саясый чечим кабыл алып, өзүн-өзү таратышы керек” деп атап, оппозициядагылар кырсыктаган учактагы жүк Атамбаевдики болуп калгай эле деп тилеп жатышканын, эгер ошондой болуп калса президентти кетиргенге жакшы шарт түзүлмөгүн, бирок өзү жакында Дача СУга барып, элге жолугуп, күйгөндөн калган кол телефондорду өз көзү менен көргөнүн, телефондордун көбү илгери чыккан “кондор” деген үлгүдөгү эски телефондор экенин, эгер ушул телефон менен бизнес кылса Атамбаевге ал өзү да каршы болмогун, Баш мыйзам өзгөргөнүн, азыркы депутаттар эскиси менен иштейбиз деп келишкенин, эми жаңысы менен иштеш үчүн булар тарап кетип жаңы депутаттар келиши керектигин, Бабанов башкаларчылап болбогон кептерди айтпай эле кырсыктагандарга 1,5 млн. сом, Аскар Салымбеков 1 млн. сом жардам берип коюшканын мисалга тартып, конструктивдүү оппозициядагылар деп Бабанов, Төрөбаев, Исаев, Абдылдаева, Салянованын аттарын атады.

Жазуучу Эркалы Өскөналиевдин Куйручук тууралуу романынан үзүндү жана белгилүү акын Дүйшөк Мамбетөмүровдун жаңы ырлары жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын Дача СУ айылындагы кырсыктан жабыр тарткандар жана аларга деген гумжардамдарды кырсыкка тиешеси жок башкалар алып жаткандыгы үчүн Ак үйдүн алдына пикетке чыгабыз деп жатканын, “чындап эле жардамга муктаж болгондорго жардам берилбей жатабы? Мунун чын-төгүнү кандай?” экендигин макаласында журналист Надежда Хохлова жазып чыкты.

Журналист Азамат Касыбеков “Виртуалдык нааразылыктар жана меценаттар” аттуу макаласында Кыргызстан акыры жетпегенге жеткенин, жакында виртуалдык митингдер пайда болгонун, балким бул көрүнүш дүйнө тарыхында биринчи болушу мүмкүндүгүн, демек Жер шарындагы элдердин баарынан дагы бир жолу алдыга озгонубузду баяндап, үч жылдын ичинде митингдер үч эсеге, ал эми ага катышуучулардын саны 10 эсеге азайганын, бүгүн элибиздин көбү элди көчөгө алып чыгам дегендердин ким экендигин беш колдой билерин, ошондуктан революция дегенди эч кимдин каалабай калгандыгын айтты.

Автор андан аркы сөзүндө, анткен менен социалдык түйүндөрдө нааразылыктар менен анархияга жаңы өмүр бергиси келген активисттер четтен табыларын белгилеп, Тоң райсотунун судьясы Сабыр Соодонбековго каршы мөөнөтсүз интернет-митингдин “ооздугун агытып кое беришкен” теле алып баруучу Ассоль Молдакматова менен блогер Кайрат Бекмамбетовду мисалга тартты.

Чынында эле бул идея гениалдуу болгонун, плакат көтөрүп, милийсаларга түрткүнчүк болуп, айрымдардын көзүнө революционер, “быкназавр” болуп, Ак үйдүн алдында үшүп-шишип отургандан көрө өз үй, өлөң төшөгүңдө отуруп алып “митингге” чыккан “жыргал” экендигин, ошентип социалдык түйүндөр аркылуу өздөрүн “пиар” кылмай адатка айланганын, маселен, бүтүндөй эл башына кайгы түшүп турган кезде эл шайлагандардын бир даары Дача СУга барып, жакшы боёлгон тырмактары менен кымбат шубаларын көрсөтүп, кыйраган учактын сынган канаттарынын жанында сүрөткө түшүп кайтышканын, мындайлардан реалдуу жардам күтүүнүн эч бир кереги жоктугун жазды.

Азамат Касыбеков андан ары бул өңдүү “пиар тамашалар” мисалы, төмөнкүдөй жасаларын, адегенде “Бактысыз мекендешибизге жардам берели?” деген чакырык менен анын сүрөтү экрандан көрсөтүлөрүн, анан текст кетерин, текстте: “Бул жигит Жамыдил Жумгурчиев. Болгону 25 жашта. Бечара өмүрүндө “Кристалл” деген шампандын даамын татып көргөн эмес, ал эми бул ичимдиктин өтө кымбат, бир эле бөтөлкөсү-10 миң доллар экендигин жакшы билесиздер. Келиңиздер, жардам берели? Акча чогултуп, бечара мекендешибизге жок дегенде бир бөтөлкө шампан сатып берип коелу, мындан кийин шампан дегендин даамы кандай экенин биле жүргөндөй болсун” деп жазат. Анан албетте, мындайлар үчүн меценат дегендер дароо табылат, ал эми жабыр тарткандарга чындап күйүп, аз да болсо колунан келген жардамын бергендердин аттары аталбай, бара-бара унутулуп кала берерин жазды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG