Линктер

шейшемби, 19-февраль, 2019 Бишкек убактысы 00:26

“Черик молдонун” ченемсиз эрдиги


Кыргыз эл оозеки чыгармаларын жыйноого өмүрүн арнаган Ыбырай Абдырахманов.

Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын жыйноого Ыбырай Абдырахмановчолук эмгек сиңирген, ага өмүрүн арнаган кишини табыш кыйын.

Кызылдай мээнеткеч улуу инсандын аракети менен Сагымбай Орозбак уулунун, башка манасчылардын варианттары, элдик оозеки чыгармачылыктын бай үлгүлөрү жазылып калган.

Куржун-куржун кагаздар

Ыбырай Абдырахманов (Акмолдо) жазып алган элдик оозеки чыгармалардын көлөмү миң басма табакка жакын. 1922-жылдан 1926-жылга чейин ал конуп-түнөп, ач-ток калганына кайыл улуу манасчы Сагымбай Орозбаковду жандап, эпостун биринчи бөлүмүн жазып алган. Бул иш кандай кыйынчылык, толгон-токой тоскоолдорго кептелгенин, айтуучу менен жыйноочунун башына түшкөн оорчулуктарды айтпай эле коёлу. Жыйноочуга Сагымбай Орозбак уулу мындай баа берген:

“Кантейин, Черик молдо бул дагы ченебеген залкар уулдун бири экен. Мени менен бирге жүрүп, эч бир талыкпастан куржун-куржун кагаздарды жазып алды, күчү күч экен. Качан мен "эс алалы, молдоке" дегенде "эми ушу баракты аягына чыгып токтойлу, Саке" деп чөйчөктөй көзү менен күлө багып суранар эле”.

Акыйкатта да, Ыбырай Абдырахмановдой мээнеткеч, улуу ишке өмүрүн арнаган, күндөлүк турмуштун түйшүктөрүн жыйыштырып салып, убагында эл оозеки чыгармачылыгын эрикпей жыйнап чыккан кайталангыс инсан болбосо кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы азыркыдай бай жана кенен болмок эмес. Бекеринен улуу акын Тоголок Молдо:

- Сагымбайдын "Манасын"

Таамай жазган Ыбырай.

Саякбайдын оозунан

Дагы жазган Ыбырай.

Багыштын барып үйүнө,

Бүтүн жазган Ыбырай.

Байымбеттин билгенин

Бүтүн жазган Ыбырай, - деп ырдабагандыр.

Сагымбайдын “Манасын” жазып алууга башында Каюм Мифтаков, Сапарбай Сооронбаев, Ыбырай Абдырахманов, Чаки Каптагаевдер катышат. Бул иштин демилгечиси Ыбырай Тойчинов болгон экен. А бирок иш башталганда калган үчөө четке чыга берип, жалгыз Ыбырай Абдырахманов гана калган. Себеби манасчынын айтканын кагазга жазып үлгүрүш кыйын болчу.

“Манаска” арналган өмүр

Ыбырай Абдырахманов өзү да “Манас” айткан, бир топ манасчылардын өнөрүнө бала кезде күбө болуп, анын үстүнө укканын жаза кетирбеген куйма кулак киши экен. Сагымбайдын “Манасын” жазмак болуп ал киши ыраазылык кептерге караганда сынды көбүрөөк уккан окшобойбу. Иш башында жакшы жүрүп 29 миң саптан турган эки томдук жазылып, жергиликтүү бийликтен жардам алып турушкан. Эки жылдан кийин аларды эстеген деле киши жок болуп, баштагыдай жардам жок, иш солгун тарткан.

1924-жылы айтуучу менен жыйноочу Ташкенге чакырылып, ага Ыбырай Абдырахманов өзү барып, илимий комиссия берген 250 сомду алып келет. Кийинки жылы Ташкенге экөө чогуу барышат. Илимий комиссиянын башчысы Эшенаалы Арабаев Сагымбайга 500, Ыбырайга 100 сом беришет. Ташкенге чоң үмүт, улуу ишке колдоо болот деп барышкан эки улуу инсан ал жерден катуу сын, жеме угуп кайтышкан. Буга нааразы болгон Сагымбай “Манастын” жыйынтыктоочу эпизоддору “Чоң казат”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Кичи казат”, “Манастын өлүмүн” “эң тар кылып жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам да “мен билгеним ушул” деп болбоду” деп эскерген Ыбырай Абдырахманов.

Анын себеп-жөнүн Сагымбай өзү:

Арстан Манас баатырдын

Жазылып болду тамамы.

Көз салбастан дурустап,

Кетирдиңер чаманы.

Жазган Молдо Ыбырай

Калем тартып жадады.

Айткан акын Сагымбай

Жүдөп бала-бакырам,

Жүздөрүн үйрүп карады.

........................................

Кара сакал агында

Карып калган чагында,

Сандуу түмөн сөз айтып,

Бул Сагымбай куруду.

Он бир том китеп жазылды,

Жазылган качан басылды,- деп түшүндүргөн.

Өкүнүчкө, Сагымбайдан “Манастын” кийинки эки бөлүмү “Семетей” менен “Сейтек” жазылбай калган.

“Сагымбай экөөбүздү темтеңдетпей, жакшылап колго алынса, “Семетей”, “Сейтек” да жазылып калат эле. Жазылбастан, Сагымбайдын өзү менен 30-жылы бирге кетти. Өз убагында чара көрүлбөй, убагы өткөндөн кийин өкүнүп, чурулдап калуу адат болуп калыптыр”,- деп Ыбырай Абдырахманов өкүнүч менен эскерген.

Сагымбай өзүн семетейчи катарына кошуп, колдоочусу Семетей деп эсептеп, экинчи бөлүмдү өзгөчө эргүү менен айтчу экен. Анткен менен, он бир том “Манасты” Сагымбайдан жазып алуу 1925-жылдан тартып ойдо жок кыйынчылыкка туш келген. Улуу манасчы катуу ооруга чалдыгып, өтө унутчаак болуп кетет. Кээде беш-алты бетти айтып берип уктап кетсе, башка учурларда жазылган беттерди окутуп угуп, мурда айтканын кайталап айткан учурлары болгон.

Ошентип, опсуз чоң эмгектин натыйжасында Сагымбай Орозбак уулунан төрт жылда он бир том эмгек же 188 666 сап ыр жазылып калган. 1930-жылдын май айында улуу манасчы Сагымбай Орозбаков 63 жашында каза болуп, аны менен төрт жыл чогуу жүрүп кыйынчылык, тоскоолдорго карабай “Манас” эпосунун биринчи бөлүмүн жазып калган Ыбырай Абдырахманов Фрунзеге келип Тил жана адабият институтунда иштеп ХХ кылымдын дагы бир залкары Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосун жазууга киришет. Бул иш эки жылга созулат.

Ага улай өзүнүн “Манасын” жаза баштайт. Окуяларынын жыйынтыктуулугу, кайталоосу, диний ырым-жырымдардан тазалыгы жагынан Ыбырай Абдырахмановдун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги мыкты варианттардын бири экендигин изилдөөчүлөр белгилеп келатышат. Ыбырай Абдырахманов Шапак Ырысмендеевдин, Багыш Сазановдун, Акмат Ырысмендеевдин, Жаңыбай Кожековдун дагы башка манасчылардын варианттарын жазууга катышып, кыйла убакты-саатын эпосту китеп кылып чыгарууга, даярдык жумуштарына арнаган.

Алдаш Молдонун окуучусу

Ыбырай Абдырахманов совет бийлиги келгенге чейин эле билим алып, агартуу ишине аралашып, эл оозеки чыгармаларын жыйноону 1909-жылы Жети-Өгүздө мугалим болуп жүргөн кезинен баштаган. Жети-Өгүздүн Талдуу-Булак деген конушунда 1888-жылы кышында төрөлгөн. Эртелеп билим алып, анын кадырын билген улуу инсан өмүрү өткөнчө кыргыз эл оозеки чыгармаларын жыйнап, өзү да жазып, 1967-жылы Бишкекте каза болгонго чейин чыгармачылык, изилдөөчүлүк, жыйноочулук ишти моюбай аткарган.

Элдик оозеки чыгармачылык деп үй-бүлөлүк турмушун да жөндөбөй, өзгөчө мээнеткеч жан экен, тынбай иштеген. Ыбырай Абдырахманов элдик оозеки чыгармаларды жыйноодон тышкары эл агартуу тармагына опол тоодой салым кошкон инсан. Анын бул багыттагы эмгегин академик Эсенбек Мамбетакунов мындайча мүнөздөйт:

- Ал өзү көптү билген. Билгенин кагазга түшүрбөгөндөр толтура. Бирок Абдырахманов билгенин кагазга түшүргөн. Мындай тактык анын ата-бабасынан калса керек. Алар тууралуу көп айтып жүрүшөт. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүзүндө Алдаш молдо деген болгон. Ошол кишиден Ыбырай Абдырахманов окуган экен. Ал киши тарыхты мыкты билген, артында бай мурас калтырган. "Билгенди кагазга түшүрүп коюш керек" деген ой сезимине сиңген болуш керек. Бул кишинин кол жазмалары аябай көп болгон, жоголгондору канча? Билген тарыхын кагазга түшүрүп коюу адамдагы чоң касиеттердин бири. Өзү билимдүү киши, анысын чачып жибербей кагазга түшүрүп кеткен.

Чети оюла элек казына

1987-жылы илимпоз Куттугалы Ибраимовдун “Ыбырай Абдырахманов” деген эмгеги жарык көргөн. Улуу инсандын чыгармачылык өмүрүн кенен изилдеген окумуштуунун пикири мындай:

- 1935-жылдан тартып Тил жана адабият институтунда такай иштеп калган. Аны “Манасты” жакшы билген киши катары чакыртып келишкен. Ошондон өмүрү өткөнчө Академияда иштеген. Аны менен чогуу иштегендер айтып калышат, “таң атпай келчү, анан эл кеткенден кийин кеч кетчү” дешип. “Институттан чыкчу эмес, керели-кечке иштечү” дешчү. Кол жазмалар фондунда бул кишинин калеми тийбеген кол жазма жок. “Манасты” эле эмес, башкаларын да караган. Тынбай иштептир. Мен кол жазмаларынын баарын эсептеп чыккам. Укмуш материалдар бар. Чыныгы алтын казына десек болот. Чети оюла элек. Тарыхый, этнографиялык, фольклордук материалдар жатат. Убагы келгенде алар чыгат го деп ойлойм.

Ыбырай Абдырахмановдун туулганынын 130 жылдыгын утурлап ары илимоз, мыкты педагог Нарынбек Өскөналиев “Ыбырай Абдырахмановдун чыгармачылык өмүр таржымалы”, “Жаңыл мырза”, “Кең заман” поэмаларын, “Кыргыз макал-ылакаптары” китептерин чыгарды.

Мына ушул эмгектердин бет ачарында кыргыз элдик оозеки чыгармаларын сактоо, жайылтуу жаатында опол тоодой эмгек кылган улуу инсан туурасында көптөгөн кызыктуу маалыматтар айтылды. Нарынбек Өскөналиев кыргыздын улуу инсаны татыктуу баасын алып, артында калтырган эмгеги эскерилип туруш керек дейт.

- Араб арибинде тез жазчу экен. Куйма кулактыгынан, өзү манасчы болгондуктан “Манас” жазылып калды да. Болбосо "аны мен жазам" дегендердин баары манасчылардын алдында отуруп берген. Бул кишинин араб арибиндеги эле жазуусу эмес, латын, кирилл тамгасындагы жазуулары да кооз экен. Ар бир курстан калбай, үч айлыкпы, эки айлыкпы – окуу болсо эле кирип билим алган киши. Алдыда Ыбырай Абдырахмановдун басыла элек чыгармаларын, изилдөөлөрүн, басылмаларын алып чыксамбы деген оюм бар.

Абдырахманов таптакыр эле изилденбей калды деп айтууга болбойт. Себеби 80-жылдары Куттугалы Ибраимов тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, кандидаттык диссертация жакталган. “Ыбырай Абдырахманов” деген китеп чыккан. Абдырахманов өлөр жылы 1967-жылы “Жаңыл Мырзасы” китеп болуп чыккан. Ал китепти өзү көрбөй калган, китеп көзү өткөндөн кийин чыккан. Кийин “Манас – 1000ге” карата “Сейтек” эпосу чыккан. Бирок, ал тууралуу айрым маалымдоо каражаттарындагы макала, эскерүүлөрдү эсепке албаганда, анын өмүрүн, чыгармачылыгын кенен изилдеген эмгек жок. Анын калтырган мурасы окурмандарга толук жете элек. Ошон үчүн чыгарышыбыз керек. Буга баарыбыз жапа тырмак киришибиз керек.

Мээнеткеч адамга айла жок, Ыбырай Абдырахманов жалгыз өзү бир институт иштей турган ишти аткарып, артында 1000 басма табакка жакын көлөмдөгү кол жазма калтырган улуу инсан. Мындай эмгектин барк-баасын кагаз менен каламга өч инсандар, эл оозеки чыгармаларынын керемет дүйнөсүнө кызыккан окурмандар жакшы билишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG