Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Ошто жаштардын парламенти түзүлөт


Оштогу «Адам укугу жана демократия» борбору июндан тарта «Жаштар парламенти» түзүлөөрүн жарыялады. Бул үчүн шаардагы активдүү студенттерди депутаттыкка ат салышууга чакырды. Жаштар парламентине депутат болууну каалаган талапкер 10-июнда студенттердин тандоосунан коюлат. Парламентке шайланган 25 жаш депутат, жаштар көйгөйлөрүн талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун шаар бийликтерине сунуштап турат. Ошто ушул эле максаттын көздөп жыл башында «Жаштардын координациялык кенеши», андан көп өтпөй «Жаш саясатчылар форуму» да ишке киришкенин айтышкан. Эми кезектеги «Жаштар парламентине» жаштардын ишеними болобу?

«Жаштар парламенти» шаар жаштарынын көйгөйлөрүн чечүүнү убада кылган, же жаштарды коомдук иш-чараларга жигердүү катышууга үндөгөн алгачкы уюм эмес. Демилгени көтөрүп чыккан «Адам укугу жана демократия» борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков жаштар парламентинин өзгөчөлүгү саясий мүдөөнү көздөбөй тургандыгында. Биз жергиликтүү бийлик менен кызматташууну максат кылабыз, дейт ал

- Башкы эле максатыбыз - жаштардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана жаштар маселелерин чечүүдө бийлик органдары менен кызматташууну жогорулатуу. Андан сырткары, демократиянын жайылышына да жаштардын салымын кошуу.

Кубатбеков «жаштар парламентинин» өкүлдөрү шаардык кеңештин сессияларына кадимкидей эле катышып, жаштардын маселесин кабыргадан кое алышат деди. Соңку алты ай ичинде татыктуу иштей алган жаш лидерге Жогорку Кеңештен да тажрыйба алууга шарт түзүлөт.

- Парламент өкүлдөрү шаардык кеңештин сессиясына катышып, жаштардын суроо-талаптарын шаар депутаттарына да жеткире алышат. Мыктылары Жогорку Кеңешке практикага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Учурда Оштогу жогорку окуу жайларда жаштар парламентине шайланууну каалагандардын саны оголе арбын экени айтылууда. Маселен, бир окуу жайдан алты гана адам парламентке өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, азыр ал мандатка ат салышчулар отуз-кырктап саналары болжолдонууда. Алардын бири ОшМУнун III-курсунда окуп, студенттик гезитте эмгектенген Эрнис Нурматов:

- Мен өзүмдү жаран катары жаштардын маселелерин чечүүгө милдеттүүмүн деп сезем. Шаардык кеңешке, Жогорку Кеңешке тажрыйба топтоо үчүн барат экенбиз, бул, албетте, менин келечегим үчүн чоң тажрыйба. Эгерде мен шайланып калсам, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгам.

Ал эми шаардын жаштары парламентке топтолчу болочок депутаттардан эмне күтүшөт?

Кайрат - студент: - ЖОЖдордогу паракорлукту жоюп жибере алышпаса да, бир аз солгундатышса, жакшы болмок. Жаштар парламентинен ошону күтөм.

Мисират - сатууучу: - Жумушсуздукту карашса. Бирок билбейм, булар да, балким, азыркы парламентке окшоп сүйлөп коюп эч нерсени чече алышпайт го.

Кубан, студент: - Окуу жайдагы жатаканаларды кеңейтүүнү карашса. Жатаканалар аз, кымбат батирде турабыз.

Ошентип шаар жаштары Оштогу кезектеги түптөлүп жаткан уюмга жарым-жартылай болсо да ишеним артып турушкан чагы. Деген менен жаш активист Төлөгөн Келдибаев парламент ишке кирген чакта деле, жаштардын олутту көйгөйлөрүн чече алышына ишенбей турган экен.

- Соңку кезде Ошто ачык-айкын сүйлөгөн жаштар жокко эсе болуп калды. Баары эле жетекчи болууну самашат. «Дежур чалдар» деп айтышат го, азыр Ошто «дежур балдар» көбөйдү.

Келдибаев белгилеген бийликчил маанайдагы жаштар жакында эле облус губернаторунун демилгеси менен «Лидерлер мектебин» түптөшүп, шаар мэриясы болсо «Жаш саясатчылар» форумун уюштурган эле. Ал эми ишке кирүү алдында турган «жаштар парламентинин» уюштуруучулары болсо, саясий топтордун кызыкчылыктарын көздөөдөн оолак экендиктерин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG