Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Биздин бийликтеги адамдар мамлекет камын ойлошсо


Айыл турмушунан бир көрүнүш.
Айыл турмушунан бир көрүнүш.

Адам дүйнөгө бир келет. Ошол саналуу гана күндөрдө адам жакшы ниет кылып алдыга карай умтулуусу керек деп ойлойм. Мен жаш кезимден эле жакшы окуп, ата-энемдин айтканынан чыкпай, үй жумуштарын аткарганым - өз үйүмдүн келечегин алдыга карай сүрөгөнүм деп ойлойм.

Баары эле биринчи кичинекей үмүт менен иш баштайт. Ошол иши орундуу чыгып, жакшы пайда алып келсе, үй-бүлөнүн бюджетине өз салымын кошсо, ал мамлекеттин да бюджетине сөзсүз түрдө, аз болсо да салым кошкону болот. Мен буга ишенем. Мындай адамдар жаны да, каны да кыргыз, жүрөгү да кыргыз деп соккон патриот инсандар.

Биздин сүйүктүү өлкөбүздө патриот инсандардын көп болгону жакшы, бирок ошол инсандардын ичинде жаман адамдар жок десем чоң ката кетирген болом. Мисалга алсам, биздин бийликтеги адамдардын кээ бирөөлөр өзүнүн гана камын ойлоп, мамлекеттин өнүгүшүн ойлоп да койбойт. Өзүнүн чөнтөгүнө акча түшсө болду, үй-жай кылса, кафе, банк, дарыканаларды куруп, өзүнүн жеке бюджетин толтурса эле болду. Андан көрө мамлекеттин негизги көйгөйү болгон миграцияны жакшылап карашса, эл үчүн абдан жакшы болмок.

Азыркы учурда жаштар, жаңы үй-бүлө курган жубайлар жана ошондой эле орточо жаштагы аял-эркектер чет өлкөгө иштегени кетип жатышат. Ал жакта баары бир өзүнүн туулуп өскөн жериндей эмес, тили, салты, менталитети башка. Баары эле биринчи барганда чүнчүп, элин, жерин сагынып кыйналат. Ал жакка ойногону кеткен жок да, акча издеп, туулуп өскөн жерин таштап кетип жатышат. Ошондуктан биздин бийликтегилер фабрика, завод жана ушул сыяктуу ишканаларды курушса, ар бир ата уулу өз мекенинде кызмат кылып, өлкөнүн экономикасын көтөрүшмөк.

Биз дагы бир жол менен өлкөнүн экономикасын көтөрсөк болот. Мен ар дайым бир нерсени ойлойм. Биз Орусия мамлекетинен өрнөк алып, алар менен мындан да жакшы карым-катнашта болсок, кен байлыктарыбызды, суу, нефть жана башка ушул сыяктуу кен байлыктарыбызды ошол мамлекет менен кеңешип, биргеликте өлкөбүздү өнүктүрүүгө киришсек болот. Ошондуктан, келгиле, мекендештер сиздер да өз өлкөңөргө кичине болсо да салым кошкула.

Кыргыз элимдин, жеримдин гүлдөп өсүшүн, өнуккөн өлкөлөрдүн катарын толуктасын десеңер биздин катарга кошулгула! Биздин сүйүктүү өлкөнү биргеликте гүлдөтүп, өнүктүрөбүз!

Айданек Асан кызы

XS
SM
MD
LG