Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Уурулардын укуругу узарды...


Чек арадан ары уурдалган малдын сүрөтү милиция бөлүмүнүн алдында илинип турат. Аксы. 2014-жыл
Чек арадан ары уурдалган малдын сүрөтү милиция бөлүмүнүн алдында илинип турат. Аксы. 2014-жыл

Кезектеги апта темасында кылмыштын акыркы кездери күч алган уурулук көйгөйү тууралуу сөз болот. Кабарчыларыбыз жер-жерлерде күч алган уурулуктун себептерин, кесепеттерин талдашат.

Ички иштер министрлигинин маалыматтарына караганда өлкө аймагында уурулук көбөйүп, ага байланыштуу айрым аймактарда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө аргасыз болуп жатат.

Каракол шаарында уурулар батирлерге, дүкөндөргө жана башка менчик турак жайларга кирип, жай тургундарды олуттуу чыгымдарга кириптер кылууда. Ушуга байланыштуу жергиликтүү милиция уурулукка каршы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө аргасыз. Жабырлануучулар болсо милицияга толук ишеним арта албай турат. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Асеин Маданбеков кененирээк айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00
Түз линк

Жумгал районундагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнө түн катып кирген уурулар үй ээсин коркутуп, 2 миллион сомго чукул акчасын жана үй оокаттарын тоноп кетишкен. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы акыркы убакта облуста уурулук күч алгандыгын кабарлоодо. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00
Түз линк

Баткен аймагында мал уурулук төрт эсе өстү. Уурулар кошуна өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен уюмдашып алгандыктан, жоголгон мал жандыктарынын изине түшүп, ээсине кайтарып берүү, кылмышкерди аныктоо убаракерчилик жаратып келатат. Баткенден Жеңиш Айдаровдун материалы.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:31 0:00
Түз линк

Ош милициясы болсо мал уурулуктун дээрлик көпчүлүгүнүн бети ачылып жатканын билдирүүдө. Малын уурдаткан элеттиктерде милициядан отчет үчүн гана иштеп, чыныгы ууруларды калкалап жатат деп шектенгендер бар. Ошол эле учурда уурулукка айыпталгандардын арасында "ак жерден күйдүм" деп чындык издеп жүргөндөрү да четтен табылат. Кененирээк аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00
Түз линк

Заман улам илгерилеген сайын уурулуктун саны эле эмес, өркүндөтүлгөн түрлөрү көбөйүп, анын бетин ачуу да көптөгөн убаракерчилик менен коштолууда. Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов азыркы уурунун бейнесин милиция кызматкеринин жана уурулук үчүн эки ирет соттолгон адамдын айткандары аркылуу тартканга аракет кылып көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG