Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:24

Континенттерди бириктирген Кофи Аннан


Роза Отунбаева БУУнун Бишкектеги кеңсесине барып, Кофи Аннанды эскерди. 23-август, 2018-жыл.

Кофи Аннан БУУнун баш катчыларынын арасынан эң бир көрүнүктүү, жөнөкөй болсо да күчтүүсү болду. Мындай пикирин «Азаттык» радиосу менен болгон маегинде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди. Аннан 18-августта 80 жашында оорудан улам көз жумду.

“Азаттык”: Роза Исаковна, Кофи Аннан Бириккен Улуттар Уюмунун жалпы ишмердүүлүгүндө, тарыхында кандай из калтырып кетти деп эсептейсиз?

Отунбаева: - Кофи Аннан БУУнун баш катчысы болуп эки мөөнөт иштеди. Ал дүйнө коомчулугун экинчи миң жылдыкка – жаңы доорго киргизди. Кызматы боюнча дүйнөнүн номур биринчи жетекчиси катары 180дей өлкөнүн баарынын башын бириктирип, “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары” программасын иштеп чыкты. Анын биринчи этабы 2000-2015-жылдар болду. Кийинкиси 2030-жылга чейин деп эсептелген.Учурда баарыбыз ошол программанын 17 максатынын алкагында жылып келе жатабыз.

Ойлоп көрсөңөр, биз бир өлкөнүн алкагында жыйнала албай, өнүгүү жолунда көп кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Ал эми Аннан континенттерди бириктиргенге жетишти.

Кофи Аннан негизги сегиз максатты иштеп чыккан. Канча деген адамдарды, окумуштууларды, өлкөлөрдү: “Биз дүйнөнү өзгөртүшүбүз керек. Жакырчылык көп өлкөлөрдү муунтуп жатат” деп бириктирүүгө аракет кылды. Ал кезде СПИД, безгек, кургак учук оорулары дүйнө жүзүндө күчөп турган убакыт болчу.

Экинчиден, Кофи Аннандын тагдыры экен, ал абдан орчундуу, оор маселелерге туш болду. Ирактагы согуш башталды, Сребреница окуясы тутанып, кыргын болуп кетти. 2001-жылы АКШда террордук чабуул коюлуп, 2002-жылы Ооганстанда согуш тутанды.

Аннанга карата “БУУнун колунан эч нерсе келбей койду, Ирактагы окуяны токтото алган жок” деп күнөө да коюшту. Бирок кайсы гана өлкө болбосун, чара көрүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин уруксаты талап кылынары белгилүү да. Ошондо Аннан АКШга катуу эле айтты, каршылык көрсөттү, бирок туруштук бере албай калды.

Ал эми “Миң жылдыктын максаттары” деген программаны түзгөндө ал "жакырчылыкка каршы иштейли" деп абдан көп бизнесмендерди чогулта алды.

Ойлоп көрсөңөр, биз бир өлкөнүн алкагында жыйнала албай, өнүгүү жолунда көп кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Ал эми Аннан континенттерди бириктиргенге жетишти. 2000-жылы өкмөт башчылардын баарын Нью-Йоркто чогултуп, ошол программага кол коюлду. Мотивация күчтүү болуп, өлкөлөрдүн баары аны ишке ашырууга белсеништи.

БУУнун Өнүктүрүү программасы биздин Кыргызстанга да келип, азыркыга чейин уланууда.

Кофи Аннан Африка континенти болобу, Азиябы же АКШбы, бей-бечара жана кедей адамдардын адвокаты болгон деп да айта алам.

Мурда ал БУУнун Тынчтык орнотуу күчтөрүнүн башчысы болуп иштеген. Баш катчынын негизги ролу – дүйнө жүзүндө тынчтыкты сактоо. Бул адам 2007-жылы кызматтан кеткенден кийин деле абдан чоң эл аралык маселелер менен алектенип жүрдү. Акыркыларын атай кетсем –Мьянмадагы рохинжалардын мүшкүлү. Бул да кандай гана татаал кризис!

“Азаттык”: Ал эми жалаң Кыргызстанга тиешелүү айтак, бул багытта Аннандын тушунда БУУнун ролу кандай болду?

Отунбаева: Бизге, Кыргызстанга тийгизген таасири өтө зор деп эсептейм. Ал БУУнун баш катчысы кызматын ээлеп турганда Кыргызстан бутуна жаңы тура баштаган убак эле. Бизге расмий сапар менен келип кеткен.

БУУнун Өнүктүрүү программасы “Бул өлкө али жаш. Колу баарына жетпейт. Бюджети өтө аз. Жардамды бүгүн башташыбыз керек. 20 жылга чейин кечеңдеп” деп көп иштерди жасап, көмөк көрсөтүп келе жатат.

Кыргызстандын жетишкендиктеринде бул уюмдун ролу зор.

Канча деген биздин офицерлер Аннандын тушунда БУУнун Тынчтыкты орнотуу күчтөрүндө кызмат кылып келишти. Азыр да Кыргызстандан 30-40 офицер ошол жакта жүрөт.

Тилекке каршы, биз алардын өзүнчө батальонун түзө албай койдук. Мына, Казакстан кийин, акыркы беш жыл ичинде эле киришип, өз батальонун негиздей алды.

Биз бул идеяны токсонунчу жылдардан бери алып келе жатабыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай койду.

Кофи Аннан “бардык өлкөлөр кошулсун, үйрөнсүн, тил билсин” деп ошол идеяны баштап, эшик ачты эле.

“Азаттык”: Албетте, дипломат катары сиз аны менен далай ирет жолуккансыз. Айтсаңыз, ошол жолугушууларда, талкууларда кандай маселелерди көтөрдүңөр эле, алар кандай кабыл алынган?

Отунбаева: Биз дээрлик жыл сайын эле жолугуп, ортодогу маселелерди туруктуу негизде талкуулап турчубуз. Кыргызстан ошол кезде “Борбор Азия - өзөктүк куралдан арылган аймак” деген идеяны сунуш кылган. Кийин Өзбекстандын президенти Каримов бул идея алардыкы экенин айтып чыкты. Биз анысына деле макул болуп, “мейли, сиздики, бирок ушул идеяны өлтүрбөйлү, чыгаралы” деп, акыры ишке ашырдык. Аны БУУ өзү көзөмөлдөп турат, Кыргызстан депозитарий өлкө болуп саналат.

Экинчиден, Кофи Аннандын учурунда биз "Тынчтык орнотуу күчтөрүнүн батальону" деп Орто Азиянын масштабында түзгөнгө да аракет көргөн элек. Мында АКШ көп жардам берген. Биздин көптөгөн кызматкерлер Кыргызстан болобу, Өзбекстанбы же башкаларыбы, Кошмо Штаттарга барып машыгат деп баштаганбыз. Бирок, тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрү туш тарапка качып, ал идея ошол бойдон жок болду.

Азыр жаңы заман. Кайра бара-бара кошулуп жатабыз. Канча жылдан кийин ар бирибиз жалгыз болсок жок болуп кетерибизди, эч ким биз менен эсептешпей каларын түшүндүк. Коңшу мамлекеттер мунайга, газга канчалык бай болсо да бирге болгондо гана регион катары калыптанарыбызга ынанды.

Биз баарыбыз күч-аракетибизди мына ушул жагына жумшашыбыз зарыл.

БУУнун азыркы баш катчысынын күчүн, идеяларын пайдаланып, Борбор Азия деген чөлкөмдү түзүшүбүз керек.

Антониу Гуттериш мени 18 адамдын катарына киргизип, биз Бириккен Улуттар Уюмунун Медиация тобун түзүп жатабыз. Алардын катарында төрт мурдагы президент барбыз, абдан атактуу адамдар, көрүнүктүү окумуштуулар да бар.

БУУнун баш катчысынын күн тартибиндеги негизги маселелер – тынчтыкты сактоо, согуштарды токтотуу, аларды алдын алуу. Андан кийинки багыт – өнүгүү.

“Азаттык”: Ал эми адам катары Кофи Аннан кандай сапаттары менен сиздин эсиңизде калды?

Африканы көкөлөттү деп айтсак болот. Анткени Африка жөнүндө дүйнө жүзүндө “артта калган” деген пикир калыптанган. Бирок Африкадан ушунчалык жарык, талантуу, күчтүү адам чыгарын бул адам далилдеп кетти.

Отунбаева: Мен аны менен бир нече жолу кездешкем. Алгач мүнөзү абдан жумшак, шашпаган, жай сүйлөгөн адамдай көрүнөт. Бирок ал дасыккан дипломат болчу. Көзүнүн кыры менен гана карап койчу эле. Айткан сөзүнүн аркасынан туруп, ошону аягына чыгарчу.

Африканы көкөлөттү деп айтсак болот. Анткени Африка жөнүндө дүйнө жүзүндө “артта калган” деген пикир калыптанган. Бирок Африкадан ушунчалык жарык, талантуу, күчтүү адам чыгарын бул адам далилдеп кетти.

Менин оюмча, Аннан БУУнун баш катчыларынын арасынан эң бир көрүнүктүү, жөнөкөй болсо да күчтүүсү болду.

Абдан сабаттуу, дүйнө жүзүн билген жана түшүнгөн, зирек адам эле.

Кофи Аннан өзү Ганадан. Батыш компаниясында иштеген, колунда бар адамдын уулу экен. Гана өлкөсү Улуу Британиянын колониясы болгон. Ошол жердеги жакшы мектепти бүтүп, кийин Массачусетс технологиялык университетин аяктап, Женевада эл аралык байланыштар факультетинен окуп, билим жагынан аябай такшалган. БУУнун катардагы кызматтык тепкичинен баш катчылыкка чейин жете алды.

“Азаттык”: Рахмат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG