Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Макенбаева: Кыйноону токтотууга доктур да жооптуу


Бурул Макенбаева
Бурул Макенбаева

Кыргызстанда кыйноолорду токтотууга Стамбул протоколу жардам боло алабы? "Азаттык" "Психикалык саламаттык жана коом" уюмунун жетекчиси, Кыйноолорго каршы коалициянын мүчөсү, укук коргоочу Бурул Макенбаеваны кепке тартты.

“Азаттык”: Жабык жайларда кыйноолорго каршы ишти жакшыртууда Стамбул протоколу эмнеси менен жардам боло алат?

Макенбаева: Биринчи кезекте адам кыйноого кабылган болсо медицина кызматкерлери, врачтар ошону толугу менен документтештириш керек. Жакшы документтешпегендиктен кыйноону далилдөө оор болорун айткан Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстанга келгенде рекомендация катары жазып кеткен болчу. Ошол сунушту аткарыш үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандык коом өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер менен бирге эл аралык Стамбул протоколун иштетип, улуттук протоколго айланткан.

Азыр бул протокол Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынды. Бирок толугу бойдон ишке аша элек. Себеби доктурлар ал протоколду кантип туура толтуруш керектигин үйрөнүп жатат.

Жабык жайлардагы абалга токтолсок, бул жаатта системалуу түрдө саясий кадамдар жасалышы керек болууда.

Кыйноолорду алдын алуу борбору жакшы иштебей жатат деген пикирге кошула албайм. Алар өз ишин аткарууда. Бул мекеме превентивдик чараларды көрүүгө милдеттүү. Алар ушундай болуп жатат деп отчет жазат. Бирок алар менен чогуу башка институттар да иштеши керек да.

“Азаттык”: Кандай кадамдар жасалышы керек?

Макенбаева: Биринчиден, жабык жайлардагы, түрмөлөрдөгү медициналык кызмат Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилиши зарыл.

“Азаттык”: Азыр андай эмеспи?

Макенбаева: Азыр андай эмес. Бирок маселе туш-туш жактан көтөрүлүп жатат. Кызыл чырым уюму да айтып чыкты.

Эгер ошондой системага өтсө, түрмөдөгү медициналык кызматкерлер ал мекеменин жетекчилигинен көз каранды болбой калат. Алар улуттук протоколдор менен иштеш керек. Ал да азырынча ишке аша элек.

Дагы бир маселе. Биздеги психиатриялык ооруканаларда абдан оор көйгөй жаралууда. Өзгөчө Кызыл-Жардагы чоң республикалык ооруканада. Ал жерде Кылмыш кодекси одоно бузулуп турат. Кодексте кылмышка шектүү жаран менен соттолгон жаран чогуу кармалбашы керек деп жазылган, бирок ошого карабастан экспертизага келгендер да, соттун чечими менен мажбурлап дарылоого жаткырылгандар да чогуу жатат. Бул эл аралык стандарттарга да жооп бербейт.

Кызыл-Жар ооруканасы Советтер Союзунун маалында, 1961-жылы жазалоо психиатриясы үчүн ачылган. Психиатрия саясат, репрессияда колдонулган болчу.

Бул оорукана өтө эл алыс жайгашкан. Андай болбошу керек. Такай көзөмөлөдө болуп туруусу үчүн шаар ичинде, борбордо түзүлүшү зарыл.

“Азаттык”: Бул көйгөй тууралуу көптөн бери эле айтылып келатат. Эч кандай жылыш жокпу?

Макенбаева: Азырынча жасала элек. Саламаттыкты сактоо министрлиги туш-туштан жардам сурап, ушул маселени чечели деп жатат. Бирок бул жалгыз гана министрликтин көйгөйү болбошу керек, бир гана анын колунан келбейт. Өкмөт, Жаза аткаруу кызматы чогуу чечимге келиши керек.

Кыйноолорду алдын алуу борбору менен бирге биз чогуу барып келдик жакында эле. Көп документтерди топтодук. Бул борбордун мандаты өтө күчтүү. Ал бардык документтердин копиясын алганга укуктуу. Ошолордун негизинде рекомендация жазып жатабыз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаатта азыр жардамга, колдоого муктаж болууда.

“Азаттык”: Стамбул протоколу биздин доктурлардын ишине кандай өзгөртүү киргизет?

Макенбаева: Буга чейин жабыр тарткан адамдардын денесиндеги гана залака эске алынып, доктурлар ошону гана документке сүрөттөп жазчу. Эми алар адамдын психикалык саламаттыгы тууралуу маалыматты жазууга милдеттүү болот. Себеби бул өтө маанилүү маселе. Денедеги жара айыгат, ал эми психикалык жактан доо кеткен болсо анын кесепети өмүрүнүн акырына чейин калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG