Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Аксыга жеткирилген бугулар буулукту


Аксыдагы бугу.
Аксыдагы бугу.

Жергиликтүү активисттер Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан былтыр Аксыга көчүрүлгөн бугу-маралдар кароосуз калып, жоголуп баратканын айтышууда.

Жапайы жаныбарлар кышкысын айыл аралап жүргөнүн жергиликтүү тургундар сүрөткө тартып алып тийиштүү жактарга билдиришкен. Маралдарды кароого алган кызматкерлер алар көзөмөлдө экендигин билдирүүдө.

Жапайы айбанаттарды көбөйтүү максатында ишке ашырылган долбоордун демилгечилери маралдарды башка тоолорго да көчүрүүнү пландап жатышат.

Былтыр жайында Нарындан Аксынын тоолоруна алып келинген тогуз бугу-маралдын катары суюлуп кеткени айтылууда. Алардын кароосуз калганына тынчсызданган жергиликтүү активисттердин бири Кундуз Усупбаева мамлекет буга тийиштүү көңүл бурушу керек экенин айтты:

«Нарында корукта чоңойгон маралдарды Аксыга алып келип, токойго коё беришти. Ал жакта адамдар айбанаттарды бапестеп багышкан. «Ишти аткардык, маралдарды көчүрдүк» дешкени менен алардын жашап кетиши, багылышы кыйын болуп жатат. Былтыр кышында Аксыга барсам жаныбарлар айыл аралап, жем-чөп издеп жүрүптүр. Ошондо аларга жасалган мамилени көрүп, аябай зээним кейиди. Маралдарды көбөйтүү максатында жасалган бул ишке тийиштүү адамдар акча алышкан. Бирок ал максатына жетпей жатпайбы! Ушундай абалда айбанаттар кантип көбөйсүн? Жакында эч бир маралды толук көргөнүм жок. Сураштырсам «Сары-Челек коругуна алып бардык» деп жатышат. Бирок ал жакта бир гана марал жүрөт, калгандары кайда экени белгисиз. Эгерде мен бир маралды атсам, 500 миң сом айып төлөйм. Мамлекеттин казынасынан акча алып, аны багууга милдеттенме алган кызматкерлер анын жоголгону үчүн жоопкерчилик алышы керек».

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан жыйырмадан ашуун бугу-маралдын тогузу былтыр июнь айында Аксы районуна караштуу Авлетим коругуна көбөйтүү максатында көчүрүлгөн. Эки күн машине менен жол тарткан маралдардын бири Аксыга жеткенде өлүп калган.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Жаанбаев калган жаныбарлар азыр көзөмөлдө экенин билдирди:

«Былтыр жолдо кыйналгандыктан бир марал Аксыга келген соң өлгөн. Ал боюнча ветеринарлар менен бирге акт түзүп, тийиштүү жактарга билдиргенбиз. Калган сегизи ушул аймакта жүрөт. «Жоголуп же кароосуз калды» деген маалымат чындыкка коошпойт. Маралдарды кароого эки токойчу бөлүнгөн. Жума сайын алар кабар алып, айылга келгендерин машине менен кайрадан ордуна жеткиришет. Кышкысын маралдарды жем-чөп менен камсыз кылып турдук. Бизге кыйынчылык жараткан жагдай - алардын ар тарапка кетип калганы. Коруктун айланасы тосулган эмес. Ошондуктан токойчулар алардын артынан түшүп, кароого туура келүүдө. Кышы менен маралдар эл аралап эле жүрдү. Учурда эки маралдан төл күтүп жатабыз».

Бугу-маралдарды көчүрүү иши «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун алкагында, 2015-жылы актер Леонардо Ди Каприонун фондунун каржылоосу менен башталган. Бирок ишти аткарууга Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик бир топ жыл уруксат берген эмес. Кийин бугу-маралдар долбоордо каралган Авлетим токой чарбасынын Алаң тоолоруна эмес, Балтыркандын коругуна көчүрүлгөн.

Долбоордун жетекчиси Гамал Сооронкулов айрым кызматкерлердин бут тосуусунан улам долбоор толук аткарылбай калганын белгиледи:

Гамал Сооронкулов.
Гамал Сооронкулов.

«"Кристенсен", "Силикон өрөөнү" жана Леонардо Ди Каприонун фонддору биригип 2015-жылдын декабрь айында ушул долбоорду аткарууга 30 миң доллар акча бөлгөн. Негизги каражат жаныбарларды ташып өтүүгө жана керектүү каражаттарды сатып алууга жумшалды. Биз балдар менен кошо эч кандай маяна албай иштеп бердик. Коруктун айланасын тосууга каражат каралган эмес. Алгач долбоордо маралдарды Аксынын Алаң тоосуна тик учак менен көчүрүү пландалган. Аска таштардын үстүндөгү чытырман токой маралдарга ыңгайлуу жай болчу. Бирок белгисиз себептер менен агенттик ага уруксат бербей койду. Үч жыл аралыгында агенттиктин жетекчисинин жеке дымагы менен ушул долбоор өз убагында аткарылбай туруп калды. Экинчиден, жергиликтүү тургун Усупбай Шадиевдин үй-бүлөсүнүн каршылыгы да ага себеп болду. Үчүнчүдөн, Кыргызстанда айбанаттарды караган ветеринар жок экен. Аргасыздан эки жылдан кийин «Кыргызстандагы жеке ветеринарлар» коомдук бирикмесинин колдоосунда ал жактан мал доктур жалдаганга туура келди. 2018-жылы өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин бактыбызды ачты окшойт. Анткени дүйнөлүк жылдыздарды иш-чарага чакырууда кино жылдызы Леонардо Ди Каприо Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке берилиптир. Анын фонду каржылаган долбоорду аткарбай туруп, кантип чакыруу берерин ойлонгон жетекчилик ошол учурда гана маралдарды көчүрүүгө макулдук берген. Кудайга шүгүр, долбоор кеч болсо да ийгиликтүү аткарылды. Ал эми тик учакка деп бекитилип, бирок иштетилбей калган 13 миң долларды кайра кайтарып бердик».

Маралдарды багуу, аларга көз салуу милдети Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментине жүктөлгөн. Учурда эки кызматкер жума сайын алардын ал-абалын карап турушат. Авлетим токой чарбасынын директору Азатбек Мамытбеков буларды айтты:

«Булар колдо багылган маралдар экен. Учурда бешөө айыл аралап келип калат. Экөө жапайы болгондуктан Сары-Челек тарапка өтүп кеткенин айтып жатышат. Токой чарба кызматкерлери аңчылык департаментинин кызматкерлерине көмөк берип жатышат. Бугулар малга окшоп ар кайсы жакка тарап кетишет. Коруктун айланасы тосулбагандыктан аны кароо кызматкерлер үчүн кыйын болуп жатат. Айланасын тосуп алып келгенде жакшы болмок».

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында 427 баш бугу-марал бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт.

Буга чейин бугу-маралдарды атайын минтип коруктарга көчүрүү аракети болгон эмес. Бирок буга чейин эки бугуну Каракол шаарындагы зоопаркка алып барганда алар климатка көнө албай өлүп калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG