Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Нарындагы бугулар Аксыга көчүрүлдү


Нарындагы корук. (архивдик сүрөт)
Нарындагы корук. (архивдик сүрөт)

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан жыйырмадан ашуун бугу-маралдын тогузу 23-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагына көбөйтүү максатында көчүрүлдү. Эми тогуз бугу Аксы районуна караштуу Авлетим коругун байырлайт.

Нарындан Жалал-Абадга көчүрүлгөн тогуз бугу-маралдын ичинен төртөө марал. Бирөө быйыл жаңы туулган музоо.

Нарын жаратылыш коругунун илимий кызматкери Жолдошбек Кырбашов аларды көчүрүүнүн максаты бугунун тукумун көбөйүп, жаратылышка аздыр-көптүр салым кошуу экенин түшүндүрдү:

- Буюрса, Кыргызстандын токой баскан бардык эле жеринде жашап кетсе керек. Анткени буга чейин Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери барып көрүшкөн. Ал жерлерде деле мурдагыдай эски аталыштар бар экен. Мисалы, Миң-Теке, Бугулуу-Төр деген жерлер бар, бирок бир да бугу жок. Мурда аларда да "ошол жерлерде бугу болгон" деген маалыматтар бар экен. Мисалы, Сары-Челекте болгон. Авлетим токой чарбасы менен Сары-Челек жакын, бир капчыгайды ашса эле түшүп кетип жатпайбы.

Нарындагы бугу
Нарындагы бугу

Нарын жаратылыш коругунан Жалал-Абадга тогуз баш бугу-марал алынып кеткенден кийин дагы он бири калды.

Бугу-маралды көчүрүүдөн мурда адистер бир топ талдоо жүргүзгөн. Анткени Кырбашовдун айтымында "Кайберен башка жерге көнүп кете алабы же жокпу?" деген түпөйүл суроо жаралган.

- Мен өзүм ал жерде боло элекмин, бирок карта боюнча билем. Авлетим токой чарбасынан Сары-Челекти көздөй кетиши мүмкүн. "Сары-Челектин да өзүнүн бугулары бар" деп айтылып келет. Бирок мен көрө элекмин. Буюрса биздин өзүбүздүн күзүндөгү планыбызга киргиздик, ошолордун жашоо-шарты кандай болуп жатат, кандай көнүшүп атат - өз көзүбүз менен барып, көрүп келсекпи деп пландаштырып жатабыз. Кандай багылып атат, кандай кайтарууда - ага Авлетим токой чарбасы жооп берет. Департаменттин "бугу-маралга радио каргы тагып, байкоо жүргүзөбүз" деген максаты бар. Эми ал жагын жасады болушу керек, бизде бул боюнча так маалымат жок. Ал жерде телефон тартпай жатат дейт, бирок "баары ийгиликтүү жетти" деген билдирүү келди.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси Бактыбек Эрмековдун айтымында, азыр Нарындан барган тогуз бугу Жалал-Абад облусуна келип, мурда белгиленген жерге агытылды:

- Нарындан алынып келген, азыркы тапта Аксы районунун аймагына кое берилди. Билесиңер, союз маалынан кийин жок болуп кетүү коркунучунда болгон, эми кудай буюрса максатыбыз бугуларды көбөйтүү.

Нарындагы корук.
Нарындагы корук.

Бугу-маралдарды көчүрүү иши эл аралык долбоорлордун жардамы менен ишке ашкан. Буга чейин бугу-маралдарды атайын минтип коруктарга көчүрүү аракети болгон эмес. Бирок буга чейин эки бугуну Каракол шаарындагы зоопаркка алып барганда алар климатка көнө албай өлүп калган.

Ушундан улам Нарындагы бугу-марал байырлаган Таш-Башат айылынын тургундары бугулар Жалал-Абадга көнүп кетсе экен деп кооптонуп турушат. Алардын бири Сыртбай Турузбеков.

- Мындан бир үч-төрт жыл мурда да "Караколго алып барган бугулардын бир-экөө өлүп калды" деп уксам керек эле. Эми булардын тагдыры эмне болот, билбейм. Бугулар Кыргызстандын ар кай жерлерине жайылганы жакшы да. Ал жактан да кайтарууга алынса, жаратылыш шартына көнүп кетсе жакшы. Бизде билесиң тоодо жети-сегиз ай кыш болот, анан түштүк жак ысык келет, ошол шартка көнүп кетеби же жокпу деген суроо бар.

Нарындагы "Бугу-марал" коругу 1988-жылы уюшулган. Корукта багуудагы бугу-маралдардан сырткары 400гө чукул тоо теке бар. Аларды атайын көргөнү жыл сайын жергиликтүү коноктор жана чет элдик туристтер байма-бай келип турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG