Саясий кырдаал: Атамбаевдин айыбы
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштагы окуялар боюнча адам өлтүрүү баштаган бир нече айып тагылды. Ал эми мурдагы президенттин жакындары соңку кырдаалды бийликтин чагымы деп баалады. Ал ортодо Кой-Таштагы абал боюнча бир нече адам суракка чакырылууда. Кыргызстандагы окуялар мындан ары кандай өнүгөт жана кандай тобокелчиликтер бар? Бул суроону “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, “Алфа-Антитреррор” уюмунун төрагасы, коопсуздук кызматкери Артур Медетбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жана эксперт Руслан Акматбеков катышты. Талкууну Бакыт Асанов алып барды.
Чыгарылыштар
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?