Жаштар арасында атайын бир жерге байланбай, штаттан тышкаркы кызматкер (фрилансер) болуп иштегендер арбын. Алардын басымдуу көпчүлүгүн чыгармачыл чөйрөдөгүлөр, медиа, IT тармагында эмгектенгендер түзөт. "Азаттык" фрилансерлердин дүйнөсү менен жакындан таанышууну чечти.