Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Ошто балдар эл достугуна үндөп жатышат


29-январь күнү Ош облусундагы Өзбекстан менен чектешкен айылдардын мектеп окуучулары Ош шаарына чогулушту.

Алар эки өлкөнүн жаштарынын достугун бекемдөөгө, социалдык маселелерди чечүүгө багытталган кичи долбоорлорун сунуш кылышты. Алардын ичинен мыктылары каражат да алышмакчы.

- Кыйынчылыгыбыз - мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алышына шарттын жоктугу. Биздин максатыбыз - ата-энелер мектебин ачуу, - деди алардын бири.


Өз айылындагы көйгөйүн айтып берип жаткан 16 жаштагы Дилфуза Кушмакова майып балдардын билим алышы үчүн алардын ата-энелерин окутуш керек деп эсептейт. Алар Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айылына ата-энелер үчүн мектеп ачуу боюнча демилге көтөрүп, долбоор жазышкан.

- Ата-энелер мектебинин биринчи катышуучулары - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери, - деп түшүндүрдү ал. - Булар эң биринчи баласына психологиялык жактан кантип мамиле кылууну жана алардын ден соолугун чыңдоо үчүн кандай массаждарды жасаса болоорун, баласы жашоодо өз ордун табышы үчүн кандай маалыматтар керек болсо - бардыгын биле алышат. Эң негизгиси - ушул күнгө чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин адис келип окуткан эмес.


Дилфуза жана анын демилгечи тобу долбоорун ишке ашырууга каражат алыш үчүн бүгүн жактап беришет. Ушул сыяктуу онго жакын кичи долбоорлорду кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан айылдардан келген балдар сунуш кылышууда. Алар жөн гана айтып бербестен визуалдаштырып, макеттерин да жасашкан.

Кара-Суу районуна караштуу Мөнөк айылынан келген Алманбет Калмурзаев жана анын достору Өзбекстандын Курган-Тепа шаарынын жаштарынын ортосунда достукту чыңдоону көздөшүүдө. Ал үчүн алар эки элдин каада-салтын, ыр-күүсүн көрсөткөн фестиваль уюштурушмакчы.

- Эгемендик алганга чейин чек ара жокто алар менен байланышыбыз аябай жакшы болгон, - дейт Алманбет Калмурзаев. - Эки эл кудалашкан, соода-сатык тармагында да аябай жакшы мамиледе болушкан. Эгемендик алгандан кийин чек аралар тосулуп, жол жабылып калганы үчүн байланышыбыз үзүлүп калган. Алар менен достукту кайрадан бекемдеш үчүн фестиваль өткөрөлү деп чечтик. Буга Коргон-Тепанын өкүлдөрү, жаштары келет. Бул жерде концерттик программалар, улуттук көргөзмөлөр, спорттук улуттук оюндар болот. Ушуну менен кайрадан достукту бекемдейли деген максатта ушул көйгөйдү алып чыктык.

Окуучулар сунуш кылган долбоорлор атайын комиссия тарабынан каралып, айрымдарына каржы бөлүнөт. Ар бир кичи долбоорго орто эсеп менен 20-30 миң сомдон БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан бөлүнүп берилет. Жогорудагыдан сырткары коопсуздук үчүн айылдын көчөлөрүн жарыктандырууга, достук багын курууга, Өзбекстанга товарларды экспортоого багытталган долбоорлор да бар.

Өспүрүмдөрдү угууга, колдоого келгендердин арасында ата-энелер да бар. Мансур Саттаров кызына колдоо көрсөтүш үчүн Араван районунун Бостон айылынан келген.

- Жаштар арасында мамилени жакшыртуу, алар менен пикир алмашуу деген жакшы иш-чаралар өтүп жатат, - деди ал. - Келечегине мен ишенем. Жаштардын жакшы иштерди жасап жатышканына мен абдан ыраазымын. Ушундай иш-чаралар көп өтүп турушу керек.

Долбоорду ишке ашырып жаткан жергиликтүү «Youth of Osh» коомдук бирикмесинин жетекчиси Акмарал Сатинбаева жасап жаткан иштери менен жаштардын ынтымагын гана бекемдебестен, эки өлкөнүн карым-катнашына таасир эте алабыз деген ишеничте.

- Биринчиден, биз балдардын өзүн ошого даярдап жатабыз, - деди ал. - Чыдамдуулукка, башка адамдарды кабыл алууга даярдайбыз. Биз негизинен Кыргызстандын аймагында иш алып бара жатабыз да. Өзбекстан менен чектеш айылдардагы балдар башкаларды кабыл алганга өздөрү даяр. Маселени чечүүнүн жолдорун угуп көрсөңүздөр чындыгында кызыктуу идеялар бар. Бизнес жаатындагы, социалдык идеялар бар. Мен ушундай кичинекей нерселерден биз чоң геосаясатка таасир эте алабыз деп ишенем. Биз «жаштар тынчтык, өлкөнүн, аймактын тынчтыгын көздөйт» деген тенденцияны баштап атабыз. Жазында да Өзбекстандан жаштарды чакырып, иш-чаралар болот.

Балдар өз демилгелерин сунуш кылып жаткан «Чексиз достук» долбоору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да ишке ашып жатат. Ал аймактарда да так эле ушул сыяктуу чек ара аймактарында жашаган окуучу балдар тартылган. Адистер чек ара аймактарындагы чыккан чыр-чатактардан жаш балдар психологиялык терс таасир алып, көп жабыр тартарын, бул сыяктуу балдардын аң-сезимин өзгөртүү менен достукка жетелеген долбоорлор зарыл экенин айтып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG