Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:40

Рождество Кыргызстанда да майрамдалды


Иллюстрациялык сүрөт.

7-январда дүйнө православдары Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашууда.

Кыргызстандык православдарды бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Ал эми Бишкек, Ош, Каракол баштаган шаарларда, айылдарда христиандар чиркөөлөргө, сыйынуу үйлөрүнө барып, өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн жасашты.

Ош шаарындагы Архангел Михаил православ чиркөөсү Рождество майрамынын урматына сыйынуу үчүн келгендерди таң атпай тосуп алды. Чиркөөгө агылып кирген жергиликтүү православдар бири-бирин куттуктап, чокунуп, Рождество майрамынын жөрөлгөлөрүн аткарып жатышты. Алардын бири Юлба салтанатка арнап үйүндө дасторкон даярдап, балатысын кооздоп коюп чиркөөгө курбулары менен келиптир.

- Аба ырайы да, маанайыбыз да жакшы, - дейт ал. - Исанын туулган күнүнө аябай кубанып жатабыз. Бүгүн эч нерсеге карабай адамдар да көп, өтө жакшы болуп жатат. Баарына ден соолук, бакыт, ийгилик каалайм. Кудай бардык жакшылыктарды берсин.

Бул күнү чиркөөнүн ортосуна Иса пайгамбардын төрөлгөн учуру чагылдырылган жасалга коюлду. Анын жака-белинде жасалгаланган балатылар жана шамдар үлпүлдөп жанып турат.

Чиркөөнүн улук жетекчиси Виктор Реймген майрамдык жөрөлгөлөрдү жасап, жогорку динаятчылар тарабынан жиберилген куттуктоолорду окуп берди.

- Бүгүн майрамга карата сыйынуу күнү. Көпчүлүк чиркөөлөрдө Рождество түн ичинде болот. Бизде болсо таң атпай болду. Бүгүн бири-бирин куттуктоого келген христиан ишениминдегилер аябай көп. Баарын Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм, - деди чиркөөнүн башчысы Виктор Реймген.

Архангел Михаил чиркөөсү - бул шаардагы жападан-жалгыз чиркөө. Чиркөөнүн иш-чарасы ыйык суудан, нандан ооз тийип, кайчылаш символ- чырымды өбүү менен аяктады. Рождествону белгилөөгө келгендердин айрымдары чиркөөдө калышты, кээ бирөөлөрү майрамды улантыш үчүн үйлөрүнө жол тартышты.

Жергиликтүү христиандар бул ыйык күндөгү кубанычын башка диндеги жердештери менен бөлүшүп, даам сызышып, куттукташып турушат. Алардын бири Мария Чепрунова.

- Мен үчүн бүгүн жаңы жыл сыяктуу эле маанилүү күн, - деди шаар тургуну. - Кошуналарым аябай түшүнүктүү. Биз мусулмандардын болобу, христиандардын болобу бардык майрамдарын бирге тосууга умтулабыз. Ошондуктан мында эч кандай маселе болбойт. Менин айланама ушундай адамдардын топтолуп калганына өтө кубанычтамын.

Иса пайгамбардын туулган күнү менен кыргызстандыктарды өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да куттуктап, мамлекет ар бир салттуу динге сый мамиле кылаарын жана дин тынчтыкты шарттаган факторлордун бири экенин белгиледи.

Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.

7-январь Кыргызстанда расмий майрам, дем алыш күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда православ багытындагы христиан динин тутунган жарандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG