Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Мен коррупцияны кантип жок кылам?


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан тарта токтогон.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Жаныбек Абидетегин жиберген сунуш.

Коррупция деген эмне? Коррупция “бул латын тилинен алынган, тигини-муну билдирет, баланча жылы түкүнчө жерде пайда болгон” деген сөздөр бизге такыр кереги жок. Тескерисинче, биз бул балакеттен эртерээк арылбасак коррупция деген түшүнүк жашообуздун чындыгына айланмай болду жадагалса айланды.

Коррупция бул биз жашаган системанын аталышы болуп калды. И.Шаршеев деген эксперт: “Коррупция Кыргызстанды гүлдөтүп келе жатат” деген. Албетте, бүгүнкү күнгө чейин коррупция бизди жашатып, азыркы системабызды жүргүзүп иштетип жатат. Бирок бул “Калп менен кайсы бир жерге чейин барасың, ал эми чындык менен токтобой кете бересиң” деген эле сөз.

Азыркы биздин мамлекетти, кошуна мамлекеттерди, дегеле КМШ өлкөлөрүн коррупция жашатып, өнүктүрүп келе жатат. Анткени коррупция ушул өлкөлөрдүн идеологиясына айланган. Эмне үчүн? Анткени бизди башкаргандар өлкөнүн байлыгын, казынасын эл менен бөлүшкүсү келбей, коррупция аркылуу өздөрүн байытып, тегерегине жаңы кошулгандарды ага көндүрүп, “мунсуз жашоо болбойт” деп ынандырып, элди, жаңы кошулгандарды алдап жатып аягында өздөрүнүн калпына өздөрү ишенип, ал чындыкка айланып отурат.

Коррупция ылдыйдан эмес, өйдөдөн башталат. Эгер жетекчиң сенден доолабаса сен да элден доолабайсың. Коррупция өйдөдөн башталгандыктан бизде дайыма бийликке умутулуу, кызмат ордун талашуу же сатып алуу күч. Баамдап көрсөң ал кызматка келсең айлыгы деле көп эмес, шарты деле укмуш эмес. Болгону “шабашкасы” кызыктырып, эсиңен кетпейт.

Коррупция өйдөдөн башталат, ылдыйдан чогултулат. Эмне үчүн бизде коррупция жоюлбай келет? Анткени коррупция башында бизди башкаргандардын идеологиясы болсо азыр элдин идеологиясына айланды. “Таанышың болбосо иш бүтпөйт” деп жашап калды. Ар бир жөнөкөй жаран кайсы бир ишин бүтүрүү үчүн тиешелүү жерге барбастан эч ойлонбой, сөзсүз түрдө тааныш-билиш издей баштайт. Ошону менен жумушун бүтүрөт. Баарыбыз ошондойбуз, ошентип жашайбыз, ойлонобуз. Мына эми аягында ал түшүнүк жашообуздун ӨЗҮ болуп калды. Ансыз жашоону элестете да албайсың.

Баары ошондой, ыймандуусу да, ыймансызы да. Болгону ким канчалык аралашты? Айырмабыз ушул.

Биз азыркы Кыргызстандагы коррупцияны жойгубуз келсе өзүбүздөн башташыбыз керек. Эгер мен кудай буйруп президент болсом коррупцияны жоюу үчүн эмнеден баштамакмын?

Биринчиден, коррупцияны жоюу үчүн биз, биздин система керексиз, жараксыз функциялардан арылыш керек. Мисалы, биз жумушка орношордо же окуу жайга тапшырарда 086 деген медициналык аныктаманы тапшырабыз. Бирок муну азыр кантип толтурабыз? Бир ооруканага барабыз, бир дарыгер менен сүйлөшүп, ондогон дарыгердин ордуна кол койдуруп, 200 сом берип ишти бүтүрөбүз. Муну баары билет, билгени менен кыла берет. Бул документтин зарылчылыгы деле жок, болсо деле кантип толтурулуп жатканын билебиз. Демек, бизге кереги жок. Же пайдасы тийбейт, коррупцияны өркүндөтүп эле келе жатат.

Экинчиден, мамлекеттин жүгүрүп жаткан “мамлекеттик машинасын” же тейлөө системасын айтор, биз жашап жаткан системаны аябагандай жеңилдетүү керек. Мамлекет элди, бизди башкарат, багат, тейлейт, дарылайт, кайтарат, айтор, толтура. Мына мамлекет менен жарандардын ортосундагы мамиле эркин жана жеңил болуш керек. Ал кандай? Мисалы, мамлекет көптөгөн өзүнүн милдеттерин жеке секторго бериш керек же башкача айтканда менчиктештирүүнү башташ керек. Мисалы, мамлекеттик оорукана, мамлекеттик университет, мамлекеттик радио ж.б.у.с. көпчүлүгүн же бардыгын жеке менчик тейлесин. Ал эми мамлекет аны адилеттүүлүк менен көзөмөлдөсүн, салыгын алсын, тең укуктуулукту орнотуп берсин.

Бизде мамлекеттик мекемелерде иштегендер улгайып, убагы келсе же кетишпейт, же жаштарга орун бербейт. Ал жерлерди алар кадимкидей менчиктештирип алышкан. Эмне үчүн? Анткени баягы эле айлыгы аз, бирок “шабашкасы” көп. Ал жер бузулса аны мамлекет оңдойт. Мисалы, оорукана эскилиги жетип урап калса ал жерде иштегендер эч нерсе кылбайт. Мамлекет оңдойт же кайра салат. Бүткөндөн кийин кайра баягылар иштейт, коррупция уланат, жоопкерчиликти эч ким албайт. Жоопкерчилик дегенде репутация түшпөйт. Бул бизнесте аябагандай маанилүү. Мамлекеттик ооруканада дарыгер туура эмес иштесе, аны кетирет, кайра ордуна келген башкасы уланта берет. Ал эми менчик ооруканада андайды иштетпейт дагы. Мамлекет жоопкерчиликти эл менен тактап айтканда жеке сектор менен бөлүшүп, баарын ачык-айкын жүргүзүш керек.

Үчүнчүдөн, электрондошуу, онлайн көзөмөл, автоматташтыруу болуш керек. Ал кандай? Тейлөө кызматтарында киши менен киши жүздөшүп иш кылбай, баарын жеке адам өзү толтуруп, жазып, жасап, айтор, өзү жана компюьтер же робот ортосунда иш жүрүш керек. Тейлөө дегенде мен туристтик иштерди айткан жокмун. Мисалы, бир киши бизнес ачса, документ толтурса, паспорт алса баарын кадимки азыр биз "Gmail'ден" аккаунт ачкандай эле толтурууга өтүш керек. Бирдиктүү базада жаран тууралуу маалымат болсо жетет. Учурда көптөгөн бизнес иштер онлайн аркылуу тоскоолдуксуз эле бүтүп жатат. Ал иштер да аябай олуттуу, кирешелүү. Азыр ар бир документти алуу үчүн ар биринде жашаган жериңди, аялыңды ж.б. тактап жатып убакыт да кетет, аягында тажап акча менен баарын бүтүрөсүң.

Мунун бардыгын бир жылда жасаса болот. Анткени баары даяр. Мисалы, буга чейин бизге “тигил же бул документти бүтүрбөсөң ишиң бүтпөйт” дечү. Ишендирчү, эгер “ал нерселерди толуктабасаң система урачудай” айтчу. Бирок акырын колуна акчаны карматсаң заматта баары бүтчү. Демек, система “алар айткан документсиз же алар жана биз элестете албаган тоскоолдуктарсыз” эле иштеп келе жатпайбы!

Жаныбек Абидетегин

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG