Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Коррупция менен күрөштө беш кадам


Бишкек шаары
Бишкек шаары

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдардын бирин сунуштайбыз. Сынакка макала кабыл алуу 1-декабрдан баштап токтотулган.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Бекболсун Акчалов жиберген сунуш.

Коррупция менен отуз жылдан бери күрөшүп келе жатабыз. Күрөшкө чыккан сайын жеңилип калуудабыз жана биздин жеңилишибиз коррупциянын кайрадан күчтөнүүсүнө түрткү болууда.

Бүгүнкү күндө коррупция күчүнүн туу чокусуна жетип, ал эми биздин шайыбыз качып, күчүбүз кетип, жеңерибизге ишенимибиз өчүп калды. Көчөгө чыгып “Кыргызстандын келечегине ишенесизби?” деп сурап көрсөңүз 100 кишинин ичинен 60 адам ишенбегенин айтат. Ал эми коррупцияны жеңерибизге ишенбегендердин саны андан да көп.

Отуз жылдан бери күрөшкө чыгып, окшош эле ыкмаларды колдонуп келе жатабыз. Жыйынтык даана көрүнүп турат. Андай болсо башкача жолдорду колдонуп көрбөйлүбү. Башка өлкөлөрдүн үлгүсүн да толугу менен көчүрүп алууга болбойт. Биздин өзүбүздүн менталитетибиз, баалуулуктарыбыз жана түшүнүктөрүбүз бар. Ошону ойлонуп, “Беш кадамда жемкорлук менен күрөшүү” деген сунушумду бергим келип турат.

Биринчи кадам. Көз карандысыз эл аралык компанияны жалдап, "Кыргызстандын кайсы тармагы коррупцияга эң көп баткан?" деген суроого текшерүү жарыялаталы. Алар кайсы бир журналисттерден, жарандык активисттерден, атүгүл атайын кызматтын өкүлдөрүнөн да жакшы изилдеп, жыйынтык чыгарып беришет. Мисалы, “коррупция боюнча биринчи орунда энергетика тармагы - жылына эки миллиард АКШ доллары; экинчи орунда бажы - бир жарым миллиард АКШ доллары” деген сыяктуу деталдуу анализ чыгарып беришсин.

Ал эми мамлекеттин финансысында онлайн система болсун. Мисалы, мен каалаган терминалга барып, мамлекеттин бюджетине 1 сом салсам, ошол акча автоматтык түрдө мамлекеттин каржысын көрсөткөн системага бир сом кошулсун. Коротулуп жаткан жана түшүп жаткан акча тыйынына чейин онлайн түрдө элге ачык жана түшүнүктүү болсун.

Экинчи кадам. Кайсы тармак эң көп коррупцияга баткан болсо, ошол тармакты кыска убакыттын ичинде санариптештирүү жана адам факторун колдон келишинче алып салуу. Мисалы, бажы тармагындагы коррупцияны жоюу үчүн кытай тарап менен кыргыз тараптын счетчиктери бир системага байлансын жана Кытайдан кирген товарга бир системага жараша салмагы, товардын көлөмү жана кайсы товар болгондугун система автоматтык түрдө бажы төлөмүн жазып берсин.

Бажы өткөрүү пункттарында канчалык кымбат болсо да Х-Ray камералар орнотулуп, бардык нерсе видеофиксация болсун. Ушул сыяктуу автоматташтыруу жана санариптештирүү адам факторун азайтып, коротулган чыгымды бир жылдын ичинде эле актап коёт.

Үчүнчү кадам. Кайра эле эл аралык деңгээлдеги эксперттер компаниясын жалдап, биздин мыйзамдарыбызды анализдеп чыгуусуна тапшырма берели. Анткени биздин толгон-токой мыйзамдар коррупциянын эшигин ачса, кээ бир мыйзамдарыбыз ачык эле коррупция менен күрөшкө тоскоолдук жаратат. Ошол эле эксперттер кыргыз мыйзамдарын анализдегенден кийин эгерде коррупцияга жол ача турган маселе мыйзамдарда болсо парламент, ал эми маселе нормативдүү укуктук актыларда болсо тийиштүү орган кыска убакыттын ичинде (бир күн, бир жума, бир ай деп тапшырма берилүүсү керек) ошол мыйзамдардын ордуна альтернативдүү чечим кабыл алсын. Ушуну менен катар коррупция менен күрөшүүдө алгылыктуу, иштей турган мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Бул мыйзамдар бир-бирден кабыл алынбай, мыйзамдар пакети катары ишке кирилүүсү жана аткарылуусу керек.

Төртүнчү кадам. Мамлекеттик бийликтеги органдардын күчүнүн балансын кайрадан карап чыгуу зарыл. Мисалы, бизде сот бийлиги күчтүү жана көз каранды эмес болгондо мынчалык коррупция болмок эмес. Ак үй менен көк үйдөн келчү чечимдерге көз каранды сотторубуз оңолмоюнча коррупция менен милиция да, коррупция менен күрөшкөн кызмат да, прокуратура да күрөшө албайт. Күрөшсө да натыйжа чыкпайт. Өздөрүнүн баштарына иш ачып алуудан коркушат. Ошондуктан коррупция менен күрөштө негизги ролду ойногон органдарды карап чыгып, ошол жерде алгылыктуу кадамдарга баруу керек.

Парламентке, өкмөткө жана президеттин аппараты тарабынан дайындалган соттор кимге баш иймек эле? Ошондой эле өзгөчө компетенттүү прокурор жана өзгөчө компетенттүү сот институтун ишке киргизүү керек. Бул сотторду жана прокурорлорду бийлик дайындабай, булардын дайындалуусунун өзгөчө формасы болот. Булардын айлыктары коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн фонд тарабынан каржыланат. Ар бир кылган иштеринин отчеттору парламентке эмес, онлайн форматында элге берилет. Мисалы, коррупцияга байланышкан иштерди ошол прокурор иштеп чыкса, ал эми коллегиялык сотто үч соттун бирөө ошол сот болот. Айтып өткөнүмдөй, булар отчетту элге беришет. Мындай иштер башка өлкөлөрдө аткарылып келе жатат.

Бешинчи кадам. Көп иштерде мамлекет көзөмөлдөөчү органга эле айлансын. Мисалы, Бишкек темир жолун жеке секторго ижарага берсин. Азыркы учунда ал жердеги тейлөө ушунчалык жаман болгондой эле, ал жерде да коррупция бар. 30 тонналык жүктү 15 тонна деп көрсөтүшүп, мамлекетке абдан чоң чыгым келип жатат. Эгерде ошол ишкананы мен сыяктуу жеке секторго берсе, ошол отуз миңдик жүктү тыйынына чейин чыгарып алмакмын. Мен ишкананын директору эле эмес, ошол ишканадан түшкөн акча менин ишиме түздөн-түз тиешеси болгондуктан бир тыйын да жоготкум келмек эмес. Ал эми мамлекет менин берген ижара акчамдан жана төлөгөн салыгымдан азыркы темир жол ишканасынан таап жаткан акчасын эсеси менен чыгарып алмак.

Коррупция дээрлик болбогон өлкөдө алдыга өнүгүү болот. Чет өлкөлүк инвесторлор коркпой келип, завод жана фабрикалар ачылып, жумуш орундары түзүлмөк. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары дароо көтөрүлмөк. Жолдорубуз жарым жылга эмес, 30 жылга чыдап, ал жактан миллиарддаган долларлар мамлекеттин бюджетинде калмак. Салык кызматы акыркы үлгүдөгү аппараттарды колдонуп, эл аралык тажрыйбадагыдай бардык жарандар салык төлөшмөк.

Ушул жана башка жакшы нерселер келип, өлкөбүз беш жылдын ичинде Азиянын арстандарын оңой эле басып өтмөк. Беш кадамдын бирөө болбосо да, жалпыга маалымдоо каражаттары ушул багытта чоң кадамдарга барышы керек.

Кыргызстанда коррупция деп коңгуроо каккан жалпыга маалымдоо каражаттарынан “Азаттык” радиосу, “Kloop.kg” маалымат порталы, “Марал” радиосунан башка аз эле маалымат каражаттары коррупция темасын көтөрүштү. Ал эми активисттер менен блогерлер да ушул багытта элдин көзүн ачса жакшы болмок. Акыркы окуялар кимдин ким экендигин даана көрсөтүп койду. Көзү көрбөсө, көкүрөгү менен көргөн Дастан Бекешевге чоң алкыш. Айта турган сунуш көп дегилечи, бирок азырынча ушуну аткарсак деле жетиштүү.

Бекболсун Акчалов

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG