Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:50

Өмүр-өлүм ортосунда «жарк» эткен талант


Эрнис Асек уулу.

Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 29-январда 49 жашында дүйнөдөн өттү. Ал «Асаба», «Агым», «Де-Факто» гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий чөйрөдө өзгөчө стили бар акын, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды кыргызчалаган котормочу катары белгилүү болчу.

Эрнис Асек уулу бул дүйнөдө башкача жашап, башкача ойлонуп, башкача жазды. Аны мындан 15-20 жыл мурун «Асаба», «Агым» гезиттерин, кийинчерээк «Де-Факто» гезитин сүйүп окуган окурмандар жакшы билет.

Ал журналист катары өз кесибине чын дилинен мамиле кылып, гезиттин ар бир чыгарылышында өзгөчөлүккө умтулган. Бул тууралуу кезинде Эрнис Асек уулу менен чогуу иштешкен кесиптеши Аскер Сакыбаева кеп салды:

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

- Китеп окумалдыгына мен абдан таң калчумун. Албетте, биз деле китеп окуйбуз. Бирок биз ал китептерди жөн гана окуп коюшубуз мүмкүн. Ал эми Эрнис ар бир китепти аңтарып-теңтерип, талдап окуганын байкачубуз. Өзү жактырган авторлордун чыгармаларындагы учкул ойлорду алып чыгып гезитке берип жүрдү. Мисалы, Антонио Поркья деген жазуучунун чыгармаларына таасирленип, көп жылдар бою анын чыгармаларынан гезитке берип келди.

Эрнис Асек уулунун өзгөчө гезитке дүйнөлүк рухий дөөлөттөрдү жөнөкөй, жугумдуу тил менен жаза билгени түбөлүктүү тема катары калды. Кезинде анын «Өмүр менен өлүмдүн «жарк» дей түшкөн учкундары» аттуу рубрикасы далайларды маң кылып, жан дүйнөсүн уйгу-туйгуга салган. Текст болгону 10-15 сүйлөмдөн турат. Автор анда таланттардын, даанышмандардын, генийлердин жашоосун, жараткан чыгармаларын, кээде өзүнүн жан дүйнө кыйкырыгын дирилдеген сүйлөмдөр менен баяндап берет:

Боор

«Бир боорум» дейт кыргыз. «Жети атаңдын боорун же!» дейт. «Колун бооруна алды», «Боор эт», «Тоонун боору», «Боор оорусам, боорго тебесиң», «Боору бүтүн», «Уй боор», «Боор курт», «Боор баскак», «Боорум каткыча күлдүм», «Боорум эзилди», «Боору эзилип өлүптүр», «Кара боор», «Таш боор», «Төрө боор», «Боорукер», «Боор толгоо», «Боорлош» дейт кыргыз акең.

Менин боорум ооруп туру…

(2004)

Собол
«Каяктан каякка баратасың?» - дейт. «Сенчи?» десем. «Жөн эле жүрөм», - дейт. «Ошо да, ушинтип жүрө берелиби?» дедим. «Анан эмне кылмак элек?» - дейт. «Сенин сурооңо алмустактан бери канча даанышман тишин сындырып келет?» - дедим. Кайра: «Жүрсөң жүрө бер» дедим жиним менен. Кетип калдым.

Артымдан: «Дагы эле баягы менен баш оорутуп жүрөсүңбү ?» деген дейди соболу жаңырып кала берди.

(2005)

Бийиктик

«Если не поднимать глаза, можно уверовать, что ты - самая высокая точка».
(Антонио Поркья)

Лев Толстой.
Лев Толстой.

Лев Николаевич Толстой Ясная Полянадагы үйүндө китеп окуп олтурган. Кулак-мурун кескендей жымжырттык эле. Бак-дарактардын шуудураганы, чымчыктардын сайраганы угулбайт. Босогодо эки караан пайда болду. Лев Николаевич карап да койгон жок. «Эмнеге келдиңер?» деди баш көтөрбөй. «Сизге асмандан түшкөн китеп алып келдик» деди караандар. Алакандай китеп сунушту.

… Орус адабиятынын залкары ордунан обдулуп, караандарды үйдөн кубалап чыкты.

Көп деле күн өткөн жок. Лев Николаевичтин тунук акылы, орундуу сөзү кетип, күндөн күнгө кадимки орус аюусуна айланып баратты. «Жин тийди» дешти баары бир ооздон. Чогулушту. Чочушту. Чокунушту. Залкар жазуучу жин тийип жан берди.

(2005)

Маркум дүйнөлүк адабиятты казып окуган, акылмандардын чулу ойлорун которуу менен бирге алардын тагдырына да үңгүлгөн калемгер жаңы идеялардын булагы эле.

Таанымал журналист, Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова Эрнис Асек уулунан үйрөнгөн тажрыйбасы тууралуу кеп салды:

Чолпон Орозобекова.
Чолпон Орозобекова.

- Мен 1997-жылы «Асабага» келгенде Эрнис Асек уулу редактор болуп турган экен. Редактор катары Эрнис мага кыска жазганды, маңыздуу жазганды үйрөттү. Ал гезиттин ар бир саны өзгөчө болгонун каалачу. Кадыресе, күнүмдүк макалалардан жадап, өзгөчөлүк издеп турар эле. Ар бир санда жаңы рубрикаларды издеп, жаңылыктарды ойлоп табууну талап кылат. Негизинен көптөгөн жаңылыктарды өзү киргизер эле. Бизди жаңычылыкка, изденүүгө үйрөткөн.

Эрнис Асек уулу уялаш агасы, таанымал журналист Мелис Эшимканов дүйнөдөн өткөндөн кийин жан дүйнөсү жанчылып, көпчүлүккө аралашкандан качып, көбүнчө өзү менен өзү болуп жүрдү. Маркум журналисттер менен болгон кайсы бир маегинде ал өзүн өзү «жалгыздыктын эмгек сиңирген ишмери» деп атаган экен. Калемгер өмүрүнүн соңунда көбүнчө жеке чыгармачылыгы менен алектенди.

«Ырларымды окуйм. Менин ырларым күчтүү. Бирок чыгарбайм. Мен өлгөндө чыгат. Өздөрү эле чыгат. Менден сурабайт. Мен Түгөлбай байкенин жалгыздыгын түшүндүм. Ошол жалгыздык мени эңшерип кетти. Ырлар болуп туруш керек экен. Кыргызды сактаган ыр менен күү», - деп жазган экен маркум өзүнүн чыгармачылыгы тууралуу.

Чынында эле Эрнис Асек уулунун чыгармаларын таап окуу кыйын. Интернетте өтө эле аз. Ал өзүнүн чыгармачылыгына өтө зор талап коюп, катаал мамилекылды. Ал жөнүндө «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир уулу кеп салып отурду:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

- Баарынан өкүнүчтүүсү - ал өзүнүн көп жылдар бою жазган «Чоң жинди» деген романын өз колу менен өрттөп салды. Себеби чыгармачылыкка болгон талабы өтө катаал эле. Азыр деле анын сандыгында толтура чыгармалары, ырлары жатат. Эми колуктусунун колунан алып элге жеткирербиз. Көзү барында ошол чыгармаларын «басалы, сайтка чыгаралы» деп сурасак эле, «ай, коё тур» деп макул болчу эмес. Эрнис көзү барында өзүн өзү даңазалай алган жок. Бирок тынымсыз иштеди. Өзгөчө котормочулук жаатында мыкты иштерди жасап кетти.

Ал Эрнис Асек уулу акыркы кездерде которгон чыгармаларды санап өттү:

- Эки жыл мурда Конфуцийди кыргызчалап китеп кылып чыгарды. Былтыр Михаил Булгаковдун «Мастер и Маргарита» деген романын кыргызчага которуп «Турар» басмасына тапшырган экен. Басмакана ээси Тилек байке ал килейген роман тууралуу Эрнис түп нускадан да мыкты которуп салганын айтты. Буюрса жакында чыгат. Жидда Кришнамуртини которду. Балдар үчүн Корней Чуковскийдин ырларын которуп берген. Буга чейин Булгаковдун «Күрөөгө коюлган сүйүү» деген аңгемесин, Лев Толстойдун «Балалыктын батылдыгы» деген аңгемесин да которгон.

Олжобай Шакирдин айтымында, булар Эрнис Асек уулунун азыр белгилүү болгон гана көркөм мурасы. Азырынча маркумдун жеке архивинде дагы канчалаган чыгармалар жатканы белгисиз.

Маркумдун артында бир уулу, бир кызы калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (1)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG